Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Новости за 14.10.2022

“Медиа полиси” "Азаттыкка" каршы акцияны системалуу чабуулдун бир бөлүгү деп мүнөздөдү

Azattyk.org 

“Медиа полиси институту” уюму “Азаттык” радиосунун кеңсесинин алдында өткөн акцияны өлкөдөгү көз каранды эмес маалымат каражаттарына жана журналисттерге карата жасалып жаткан системалуу чабуулдун бир бөлүгү деп атап, Ички иштер министрлигинен бул митингге юридикалык баа берүүнү, эгер кылмыш белгилери бар экени аныкталса  айыптууларды жоопко тартууну талап кылды. Уюмдун 13-октябрда жарыяланган билдирүүсүндө “Азаттык”, “Клооп” жана “Кактус” басылмаларын жабуу талабы айтылган бул акциянын алдында... Читать дальше...

Журналисттер союзунун төрагасы Султанбаев “Азаттыкка” айтылган дооматтарды негизсиз деп атады

Azattyk.org 

Кыргызстандын Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев “Азаттык” радиосунун дарегине айтылган дооматтар негизсиз деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн 14-октябрда билдирди: “Кыргызстандын жетишкендиги – бул демократия жана сөз эркиндиги. Мындай мамлекеттерде сөз эркиндигине эч кандай чектөө же кысым болбошу керек. “Азаттык” радиосунда мен тааныган, мен билген журналисттер эмгектенишет. Алар өз уктурууларында дайым журналистиканын эл аралык стандарттарын, принциптерин бекем карманышат. Читать дальше...

Бишкек-Ош жол кырсыгында жети адам мерт болду

Azattyk.org 

13-октябрда Бишкек-Ош жолунун Ала-Бел ашуусунда "Хонда" жана "Мерседес" автоунаалары кагышып, жети адам мерт болду. Жалал-Абад облустук Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖККБ) маалымдагандай, эки унаада жалпы тогуз жүргүнчү болгон. Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат. ЖККБнын 13-октябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыктарынан 477 адам набыт болду. Анын ичинде 79 бала бар. 7888 киши, анын ичинде 1672 бала түрдүү жараат алган. Быйылкы тогуз айда жалпы 4972 жол кырсыгы катталган. Читать дальше...

Бишкек Баткенге убактылуу контейнер үйлөрдү жөнөтө баштады

Azattyk.org 

Бишкек мэриясы Баткенде чек арадагы коогадан кийин үй-жайынан айрылган тургундарга ишкерлердин жардамы менен убактылуу жашай турганга контейнер үйлөрдү жасап жөнөтө баштады. Шаар башкармалыгынын 13-октябрдагы маалыматына караганда, темир контейнерлердин ичинде убактылуу тиричилик көрүүгө тийиштүү шарт түзүлгөн. Алгачкы 16 үй Баткенге жөнөтүлдү, жакында дагы 12си барат. Жалпысынан 50нү даярдап жөнөтүү пландалууда. Быйыл 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын... Читать дальше...

Орусия менен энергетика боюнча кызматташтык тууралуу келишим кабыл алынды

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Орусиянын электр тармагындагы эки ишканасынын ортосунда кабыл алынган кызматташтык тууралуу келишим алкагында Кыргызстандын электр энергетикалык системасын өнүктүрүү долбоорлору ишке ашырылат. Бул тууралуу 13-октябрда Орусиянын “Россети” ишканасы билдирди. Узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташтык боюнча келишимге “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы менен “Россетинин” жетекчилери Алтынбек Рысбеков жана Андрей Рюмин Москвада өткөн “Орусиянын энергетикалык жумалыгы” алкагында кол коюшту. Читать дальше...

ИИМ автоунаа эвакуациялаган ишкана менен келишимин узартпайт

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте уруксат берилбеген жерге токтотулган автоунааларды мажбурлап эвакуациялап келген "Портал групп" ишканасы менен келишимин узартпайт. Бул тууралуу министрликтин сайтында жазылды. Ага ылайык, ИИМ эреже бузуп, туура эмес жерге токтотулган автоунааларды өз күчү менен эвакуацияламакчы. Мажбурлап ташуу ишин Министрликке караштуу Техникалык дайындоо борбору жүргүзөт. "Аталган борбордо автоунааларды эвакуациялоо боюнча техникалык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү", - деп жазылган маалыматта. Читать дальше...

Элчилик кыргыз жарандары мобилизацияга тартылбай турганын эскертти

Azattyk.org 

Орусиядагы кыргызстандык жарандар аскерге мобилизацияланбайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги дагы бир ирет мекендештерине эскертип, эгерде кыргыз жаранына катачылык менен аскерге чакыруу келсе, элчиликке, консулдукка жана башка өкүлчүлүктөргө кайрылууга чакырды. Элчилик андай учурда кырдаалды Орусия тарап менен чогуу жөнгө салууга аракеттенет. "Кыргызстандык жарандар чет мамлекеттин аймагында согушка чакырылышы мүмкүн эмес", - деп жазды элчилик. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги буга чейин Орусияда убактылуу иштеп... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *