Көк бөрү боюнча чемпионатта Талас командасы жеңди
Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданда өткөн көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионатында чоңдор арасында Талас облусунун командасы жеңүүчү аталды. Экинчи орунга Чүй, үчүнчү орунга Ош облусунун командасы ээ болду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы маалымдады. Жаштар арасындагы мелдештин финалында Чүй жана Нарын командалары беттешип, 7:0 эсебинде Чүй командасы жеңишке ээ болгон. 26-октябрдан 30-октябрга чейин өткөрүлгөн көк бөрү боюнча өлкө чемпионатында жети облустан чоңдор жана жаштар арасында 14 команда катышты. Читать дальше...