Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Новости за 15.11.2022

Мирзиёевдин кызы кызматка келди

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида Мирзиёева президенттик администрациянын Коммуникациялар жана маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул бөлүм жаңы түзүлгөнүн, Мирзиёевдин тийиштүү жарлыгы чыкканын 14-ноябрда президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов Телеграмдагы расмий каналына жарыялады. Саида Мирзиёева бул кызматы менен кошо социалдык багыттагы, маданият жана билим берүү тармагындагы реформалардын аткарылышын да көзөмөлдөйт. Мамлекет башчынын басма... Читать дальше...

Журналисттер жаңы мыйзамга кабатыр

Azattyk.org 

Бишкекте президенттик администрация, парламент депутаттары, эл аралык уюмдар жана медиа өкүлдөр өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына кайрылышты. Анда ММК жөнүндө азыркы иштеп жаткан мыйзам жана жаңы сунушталган долбоор талкууланды.

Талаштуу ЖМК мыйзамы кайра иштелип чыгат

Azattyk.org 

Кыргыз бийлиги "Массалык маалымат каражаттары" жөнүндө талаштуу мыйзам долбоорунун айрым беренелерин кайрадан карап чыгууга макул болду. Бул тууралуу Бишкекте өткөн сөз эркиндигинин абалын талкуулаган жыйында айтылды. Президенттик администрация мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүп, андан соң документти экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүгө макул болду. Бийликтин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттердин башын кошкон жыйын... Читать дальше...

Ирандык белгилүү укук коргоочу демонстранттарга карата оор өкүмдөргө камтамасын билдирди

Azattyk.org 

Ирандык белгилүү укук коргоочу, Эвин түрмөсүндө камакта жаткан Наргис Мохаммади демонстранттарга оор өкүмдөр чыгып жатканына камтамасын билдирди. БУУнун Ирандагы адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Жавид Рахманга жолдогон катында ал өкмөткө каршы акцияларга катышкандарды өлүм жазасына өкүм кылуу жана өкүмдү ишке ашырууну токтоттурууга бар аракетин көрүүгө чакырды. Мохаммади ошондой эле кармалгандардын айрымдарын күнөөсүн күчтөп мойнуна алдыруу, жалгыз камераларда кармоо учурлары болгонун,... Читать дальше...

"Чоң жыйырма": Согуш адамзатты азапка салды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Кемпир-Абадга байланыштуу келишим каралды. Бишкекте "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоору талкууланды. Бали аралында «Чоң жыйырманын» саммитти башталды.

Саида Мирзиёева президенттик администрациядагы жооптуу кызматка дайындалды

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев тун кызы Саиданы өзүнүн администрациясынын Коммуникация жана маалымат саясатынын бөлүм башчысы кылып дайындады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди. Жаңы түзүлгөн бөлүм коомдук пикирди изилдөө жана маалымат саясаты менен алектенет. Саида Мирзиеева социалдык, маданият жана билим берүү тармактарындагы реформалардын жүрүшүн да көзөмөлдөмөкчү. Мирзиеевдин кызы 2019-2022-жылдары президенттик администрациянын алдындагы Маалымат... Читать дальше...

Чек ара: ЖКда Кыргызстанга өтө турган жерлер тууралуу маалымат берилди

Azattyk.org 

Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдулат Мырзаев парламенттин тармактык комитетинин 15-ноябрдагы жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо иштеринин жыйынтыгында кыргыз тарапка өтө турган жерлер тууралуу маалымат берди. “Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын Сол жээк каналын курбаганы үчүн Кыргызстан Ала-Бука районундагы Гавасай участогунан 12 849 гектар алды. Ушул эле районго караштуу Көк-Серек аймагынан 105 гектар жер алынды. Анда Кыргызстандын жарандары жашаган айыл жана айдоо аянттары бар. Читать дальше...

ЖК комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Azattyk.org 

15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырды. Документ эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо боюнча мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрүү боюнча документке добуш берер алдында комитеттин жыйынынан төрт депутат - Адахан Мадумаров... Читать дальше...



Милиция Абдирасулова менен Аргымбаевди төрт сааттан кийин бошотту

Azattyk.org 

15-ноябрда Бишкектеги Ак үйдүн алдындагы акция учурунда кармалган укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана Сапар Аргымбаев төрт сааттан кийин бошотулду. Алар кармалгандан кийин Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Абдирасулованы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Түкөбаев баш болгон милиция кызматкерлери кармап кеткен. Экөөнө тең Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси, "Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө" беренесинин негизинде протокол толтурулгандан кийин кое берилген. Читать дальше...

Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти

Azattyk.org 

Жер планетасынын калкы 8 миллиард кишиге жетти. Бул тууралуу Улуттар Уюмунун маалымат кызматы билдирди. Калктын санынын өсүшү медицинанын өнүгүүсү, тазалыкты сактоо, таза суу менен камсыз кылуудагы жетишкендиктер, эмдөөнүн кулач жайышы менен түшүндүрүлөт. Акыркы 200 жылда Жердин калкы 8 эсеге көбөйдү. 1900-жылдардын башында планетада бир жарым миллиард киши жашаса, 2000-жылдардын башында 6 миллиардга жеткен, 2011-жылы 7 миллиард болгон. Соңку 11 жылда дагы 1 миллиардга көбөйдү. БУУнун баамында... Читать дальше...

ЖК комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуу долбоорун карап жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун карай баштады. Документ боюнча Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдулат Мырзаев баяндама жасап жатат. Жыйын ачык өтүүдө. 14-ноябрда Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен... Читать дальше...

Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт

Azattyk.org 

Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргызстандын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт. "Абдумомуновдун жумалыгы" бүгүн, 15-ноябрда “Абийир кечирбейт” спектакли менен ачылат. 18-ноябрга чейин өтө турган иш-чарада "Карагул ботом" спектакли коюлат. Токтоболот Абдумомунов – драматург, жазуучу жана коомдук ишмер. Ал 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке кыштагында туулган. Чыгармачылыгы "Кумдуу чап", "Курман" пьесалары менен башталган. Читать дальше...

Финчалгын “Азаттыктын” банк эсебинин бөгөттөлгөн себебин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Финансылык чалгын кызматы “Азаттык Медианын” банктык эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрдү. 15-ноябрда мамлекеттик кызмат берген түшүндүрмөдө “Азаттык Медиа” мекемеси “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгени, буга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) каты негиз бергени айтылат. Финчалгын кызматы “Азаттык Медиа” бул тизмеге “Террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени... Читать дальше...

Министрлик жалган маалыматтан коргоо мыйзамына толуктоолорду киргизүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды. Документтин маалымкат негиздемесинде азыркы колдонуудагы ченемдик укуктук актынын айрым пункттарында кээ бир кемчиликтер болуп жаткандыгына байланыштуу, аталган ченемдик укуктук актынын иш жүзүндө аткарылуусунда тоскоолдуктар болуп жатканы белгиленген. "Анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун... Читать дальше...

Бишкекте жол акысы жакын арада көтөрүлбөйт

Azattyk.org 

Бишкекте жол акы азырынча көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин башчысы Максат Нусувалиев бүгүн, 15-ноябрда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, департамент коомдук транспортко жол акыны көтөрүү демилгесин Экономика министрлигине сунуштаган. "Министрлик корутундусун бергенден кийин маселе Бишкек шаар кеңешине сунушталат. Шаардык кеңеш аны коомдук талкууга чыгарат. Анда каалаган адам өзүнүн сунушун берип, пикир кошо алат. Ошондон... Читать дальше...

16-ноябрдын аба ырайы

Azattyk.org 

16-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз -1…+4; Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 0…5; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6... Читать дальше...

Бекешев: Жалган маалыматтан коргоо мыйзамын кабыл алууда сунуштар эске алынган жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 15-ноябрда Бишкектеги сөз эркиндигине арналган талкууда "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо" жөнүндө мыйзамды кабыл алууда эч кандай сунуштар эске алынбаганын билдирди. "Негизи ага көптөгөн сунуштар түшкөн. Сунуштарды депутаттар эле эмес, журналисттер жана эл аралык коомчулук, жарандар да айтышты. Ал эми бул сунуштар таптакыр кабыл алынган жок. Анан бул мыйзам өтпөй калды. Болгону 2021-жылы жыйын бүтөр алдында депутаттарды президент чогултуп, тамактанышып... Читать дальше...

Парламентте Баткенди калыбына келтирүү ишин сындашты

Azattyk.org 

Финансы министрлиги Баткен облусунда чек ара чырында талкаланган турак жайды курууга 1 млрд. сом, жолду, көпүрөлөрдү оңдоо үчүн 365 млн. сом, чек ара постторун калыбына келтирүү үчүн Чек ара кызматына 129 млн. сом, Ички иштер министрлигине (ИИМ) 137 млн. сом бөлүнгөнүн билдирди. Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Жолдошбек Абдыраевдин сөзүнө караганда, Баткенде салына турган 420 үйдүн ичинен 409унда жумуштар жүрүп жатат. “55 турак жайдын пайдубалы тургузулууда. Читать дальше...

Министрлик: Оор жүк ташуучуларды текшерген жерде "бир да адам болбойт"

Azattyk.org 

Келерки жылы Кыргызстанда оор жүк ташуучу машиналарды көзөмөлдөө иши башынан аягына чейин автоматташтырылып, адамдык фактор толук бойдон жоюлат деп пландалууда. Бул тууралуу бүгүн 15-ноябрда Жогорку Кеңеште “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу жүрүп жатканда транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Нурланбек Кайыпбаев билдирди. Анын айтымында, 2023-жылдын сентябрь айында система толук автоматташтырылат жана ал жерде “бир да киши отурбайт”: “Мамлекеттик-жеке... Читать дальше...

Укук коргоочулардын укугун коргоо маселеси талкууланды

Azattyk.org 

Бүгүн 15-ноябрда Бишкекте укук коргоочулардын укугун коргоонун жол-жобосун талкуулаган жыйын өттү. “Укук коргоочулардын коркунучтар жана кырсыктар шартында жүргүзгөн ишмердүүлүгү” деген темадагы бул иш-чара лаборатория ыкмасында өткөнүн “Азаттыкка” анын уюштуруучусу болгон “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун өкүлү Аида Байжуманова билдирди: “Эмне үчүн лаборатория? Себеби, бир четинен, биз маалымат алабыз, экинчи четинен, катышуучулар менен биргеликте биз укук коргоочулардын укугун коргоо... Читать дальше...

Граве: Эркин медиага кысым эл менен бийлик ортосундагы ишеничти бузат

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн туруктуу координатору Антье Граве сөз эркиндиги боюнча Бишкекте өткөн жыйында эркин медиага кысым күчөсө, эл менен бийликтин ортосундагы ишенич бузула турганын айтты. Ал Кыргызстан БУУга мүчө мамлекет катары сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди алганын эске салып, эркин маалымат алуу жана сөз эркиндиги адам укуктарынын негизин түзөрүн белгиледи. "Сөз эркиндиги, маалымат алуу эркиндиги адамдын негизги укуктары болуп эсептелет. Читать дальше...

ЖКнын тармактык комитети Кемпир-Абадга байланыштуу маселени карайт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн, 15-ноябрда Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун карайт. Маселе комитеттин бүгүнкү күн тартибине киргизилгенин комитет төрагасы Улан Примов депутаттарга билдирди. Депутат Адахан Мадумаров эгер маселени кароо жабык өтсө отурумга катышпай турганын айтып, төрагадан сурады. "Өзбекстандын парламенти муну ат тезегин кургатпай карап, ратифакиция кылышты. Читать дальше...

Азиза Абдирасулова менен Сапар Аргымбаевди милиция кармап кетти

Azattyk.org 

15-ноябрда “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кызматкерлери наркологияга алып кетти. Укук коргоочу бир нече адам менен Жогорку Кеңештин имаратынын алдында турган. Алар эч кандай акция өткөрбөгөнүн, жөн гана отурушканын айтышты. Милиция Азиза Абдирасулова ичимдик ичип алганын билдирип, аны текшерүү үчүн наркологияга алып кетти. Тартип кызматкерлери аны коё берүүнү талап кылган укук коргоочу Сапар Аргымбаевди да кармады. Азиза Абдирасулова Бишкек... Читать дальше...

HRW: Еврошаркет Борбор Азиядагы адам укуктарынын бузулушуна көңүл бурууга тийиш

Azattyk.org 

Европа Биримдиги Борбор Азия өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү менен кездешүүдө адам укуктары бузулган учурларды козгоого тийиш. Ушундай мазмундагы билдирүүнү 14-ноябрда Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму таратты. Шаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррел 17-18-ноябрь күндөрү Самаркандда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолугушмакчы. HRW быйыл Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук күчтөрү негизинен тынч... Читать дальше...

Жуматаева: Ар бир кадам мыйзамдын негизинде жасалышы керек

Azattyk.org 

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы кабатыр кылып жатканын 15-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Сөз жана пикир билдирүү эркиндиги, мыйзам түрүндөгү демилгелер" деп аталган тегерек үстөлдө айтты. Жуматаева "Азаттык" радиосунун сайты эки айга бөгөттөлүп, радио жана телеберүүлөрү токтотулуп, банк эсеби жабык турганын белгиледи. "Азыркы мыйзамдар деле оңой эмес экен. Бирок ушул күнгө чейин кайсы документ, кандай чечимдин... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *