ИИМ: 40 миң машинага эсептелген Бишкекте 500 миңдей автоунаа бар
Көчөлөрү 40 миң автомашинага эсептелген Бишкекте бүгүнкү күндө 500 миңдей машина бар. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди. Бишкектеги тыгын көйгөйүн чечүү айласы катары ал кошумча жолдорду куруу жана унаа токтотмолорун ачуу керек экенин айтты: “Канчалык биз светофор койбойлу, көчөлөрдү кеңейтпейли, эң биринчи маселе – токтотмонун жоктугу. Читать дальше...