Кыргызстанда "чочко тумоосу" менен 34 бейтап катталды
Кыргызстанда күз мезгилинин эпидемиологиялык сезону башталгандан бери "чочко тумоосу" менен 34 бейтап катталды. Бул тууралуу 8-декабрда “Азаттык” радиосуна Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматта айтылгандай, жалпысынан сезон башталгандан бери сасык тумоо 99 бейтапта тастыкталган, анын 34ү “А” түрү ("чочко тумоосу") экени аныкталган. 2009-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму “чочко тумоосунун вирусунун” жайылышын пандемия деп жарыялаган. Читать дальше...