Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2022

Новости за 12.12.2022

Электр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жетти

Azattyk.org 

Кыргызстанда электр энергиясын колдонууда кезектеги тарыхый максимум катталганын бүгүн, 12-декабрда “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди. “Былтыркы кышта бул кезде суткасына калкыбыз 55 млн. кВт/саат электр энергиясын алып жаткан болсо, быйыл суткасына 70 млн. кВт/саат болууда. Былтыркыга салыштырганда 15 млн. кВт/саатка көп”,-деди Талайбек Байгазиев. Ал ошондой эле кечкисин электр энергиясын... Читать дальше...

Кыргызстан–БАЭ өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өтүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандын жана Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) экономикалык кызматташтык боюнча өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны бул күндөрү эмирликтердин борбору Абу-Даби шаарында өтүп жатат. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы бүгүн 12-декабрда билдиргендей, Кыргызстан тараптан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган расмий делегация катышууда. Комиссиянын экинчи жолу уюштурулуп жаткан жыйынында экономикалык кызматташтыкты бекемдөө багытындагы бир катар маселелер талкууланууда. Читать дальше...

Каракол: күйөөсү кол салып, үч бала энесиз калды

Azattyk.org 

Кыргызстанда акыркы эки жылда 20га жакын аял күйөөсү же чогуу жашаган адамдын колунан көз жумган. Ноябрдын башында Караколдо соода борборунда күйөөсү аялын бычактаган окуя коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Жылына 10 миңден ашуун аял зомбулуктан жабыркап, милицияга кайрылат.

Балдардын ишеним телефонуна 95 миңге чукул кайрылуу болду

Azattyk.org 

Жыл башынан бери балдардын ишеним телефонуна 94 579 кайрылуу болгон. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министрлиги маалымдады. Кайрылгандардын 25% балдар, 74% ашыгы чоңдор экени аныкталды. Көпчүлүк арыздануучулар социалдык жөлөк пул маселеси менен чалышкан. Балдар менен ата-энелер ортосундагы мамиле боюнча кеңеш сурап кайрылган 302 адамдын 182си балдар. Жашы жете электерге карата зомбулукка байланыштуу 286 телефон чалуу болгон. Суицид коркунучу менен телефон чалган төрт кишинин үчөө балдар. Читать дальше...

Улуттук статком: тамак-аш былтыркыга салыштырмалуу 14% кымбаттады

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2021-жылга салыштырмалуу быйыл Кыргызстанда тамак-аш, алкоголсуз суусундуктардын баасы 14,8% кымбаттаган. Башка товарлар 11.4%, элге кызмат көрсөтүү 8,4%, алкоголдук ичимдиктер жана тамекинин баасы 21,7% өстү. Кымбаттоолор өлкөнүн бардык аймактарында байкалган. Нарын облусунда алкоголдук ичимдиктер менен тамеки 43% кымбаттаган.  Октябрда Улуттук статистика комитети тогуз айдын жыйынтыгы менен азык-түлүктүн баасы менен тарифтер былтыркы жылдын ушул... Читать дальше...

Банктык сыр кепилдигине коркунуч жаралганы белгиленүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандыктардын банктагы эсеби боюнча маалыматынын салык кызматына ачыкталып турушу өлкөнүн Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келет деген бүтүмүн “Адилет” укуктук клиникасы билдирди. Уюм өкмөт сунуштап жаткан мыйзам долбоорун анализдеп чыгып, ушундай жыйынтыкка келген. Корутундуда айтылгандай, эгер “Салык кодексине” өкмөт сунуштап жаткан өзгөртүүлөр кирсе, кыргыз жарандарынын жеке маалыматынын жана конституциялык укуктарынын корголушун кепилдеген мыйзамдар бузулуп, өлкөнүн эл аралык кадыр-баркына залакасын тийгизет... Читать дальше...

Борбор Азия: биринчи президенттер калтырган мурас

Azattyk.org 

Борбор Азиянын эгемендик жылдары авторитардык режимди калыптандырган лидерлери бийликтен ар кандай себеп менен кеткен. Айрымдары революциянын айынан өлкөдөн качса, айрымдары кызматта турганда өмүр менен кош айтышып, башкаруу айланасындагылардын колуна өткөн. Айрымдары бийликтен кетип, көшөгө артында башкарууну улантууну самап, акыр-аягында сый-ургалдарынын ажыраган. Бир кезде өз ыйгарым укуктарын каалагандай чоюп, мактоо жана алкоо уккандардын абалы азыр кандай? Алар тууралуу эл эмне дейт? "Елбасы" да... Читать дальше...

УКМК: Чүйдүн курулуш башкармалыгында 30 миллион сомдук жемкорлук аныкталды

Azattyk.org 

Чүйдүн Капиталдык курулуш башкармалыгы менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин кызмат адамдары мамлекеттик бюджеттен 30 миллион сом акчаны мыйзамсыз чыгарып алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 12-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар мындай ири суммадагы акчаны документ жасалмалап, жалган келишим түзүү жолу менен чыгарып алышкан. Читать дальше...

Мектеп окуучуларынын каникулу 30-декабрда башталат

Azattyk.org 

Мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусу 30-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Каникул 2023-жылдын 10-январында аяктап, окуу 11-январда башталат. Кыргызстанда орто жана башталгыч мектептерде 1,4 миллиондон ашык бала билим алат. 2300дөн ашуун орто мектеп бар. 2021-2022-окуу жылы пандемияга байланыштуу 15-сентябрда башталып, 9-июнда аяктаган. Бул чечим коомчулукта бир катар сын-пикирлерди жараткан. Быйыл сабактар 1-сентябрда башталды, 25-майда аяктайт деп айтылган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *