Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2022

Новости за 13.12.2022

Кемпир-Абад иши: Камактагылардын бөгөт чарасын кароо уланууда

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 13-декабрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчылар менен активисттердин бөгөт чарасын өзгөртүү же ошо бойдон калтыруу маселесин кароо уланууда. Саат 13кө карата соттун чечими менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров дагы эки айга камакта калтырылды. Буга чейин ушул эле сотто 23-февралга чейин камакта парламенттин мурдагы депутаты Азимбек Бекназаров, 20-февралга чейин мурдагы депутат Орозайым Нарматова, активист Илгиз Шаменов... Читать дальше...

Сасык тумоо бир апта ичинде 1,5 эсе көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку апта ичинде сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн 13-декабрда Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. 5-11-декабрь аралыгында сасык тумоо менен 14 миң бейтап катталган, ага чейинки аптада бул көрсөткүч 9 миңдин тегерегинде болгон. Бейтаптардын 68% 14 жашка чейинки курактагы балдар. Мектептерде карантин киргизүү маселеси эгер окуучулардын 20% сабакка барбай жатса караларын 13-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Читать дальше...

Жапаров УТРКны эң көрүмдүү каналга айлантуу милдети турганын белгиледи

Azattyk.org 

Улуттук телерадиокорпорацияны (УТРК) эң көрүмдүү каналга айлантуу милдети турганын бүгүн, 13-декабрда президент Садыр Жапаров мекеменин 90 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди. Мамлекет башчысы өз сөзүндө улуттук каналга колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Президенттин маалыматы боюнча, буга чейин каналдын бюджети 397 миллион сом болсо, соңку өзгөртүүлөрдөн кийин 664 миллион сом болуп калды. “Элибиз эзелтеден маалымат жаратуучулар менен таратуучуларды сыйлап келген. УТРК 90 жыл аралыгында оңой эмес жолду басып өттү. Читать дальше...

Нью-Йоркто Кыргызстандын “Жүрөгүм менин тоолордо” сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Azattyk.org 

Нью-Йоркто, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) штаб-квартирасында 12-декабрда Тоолордун эл аралык күнүнө карата “Жүрөгүм менин тоолордо” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, көргөзмөнү өлкөнүн БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү уюштурду. 23-декабрга чейин улана турган көргөзмөгө Кыргызстандын тоолуу аймактары тартылган сүрөттөр коюлган. Тоолордун эл аралык күнү Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун алкагында 2002-жылдан бери жыл сайын 11-декабрда белгиленип келет. Читать дальше...

Окуучулардын 20% сабакка барбаган мектеп карантинге жабылат

Azattyk.org 

Мектептерде карантин киргизүү маселеси эгер окуучулардын 20% сабакка барбай жатса коюлат. Бул тууралуу бүгүн 13-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти сасык тумоо боюнча абалды күнүгө мониторинг кылууда. Эгер мониторингдин жыйынтыгы мектепте окуучулардын жалпы санынан 20% сасык тумоого байланыштуу сабакка барбай жатканы аныкталса, саламаттык сактоо жана билим... Читать дальше...

Чүй облусунда алты мектеп карантинге жабылды

Azattyk.org 

Чүй облусунда балдар арасында сасык тумоо күчөгөндүктөн, 13-декабрдан тарта алты мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма кызматы кабарлады. Мындай чечим мектептерде балдардын 20% окууга келбей жаткандыктан  кабыл алынган. Карантинге жабылган алты мектеп тең Аламүдүн районуна караштуу.  Буга чейин Ооруларды алдын алуу, мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы башкы дарыгерлерге Кыргызстандагы жалпы бала бакча жана мектептерди кыдырып, абал менен таанышуу тапшырмасын берген. Читать дальше...

АКШ Мамкатчысы кыргыз-өзбек чек ара келишимин кубаттады

Azattyk.org 

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 12-декабрда Вашингтондо Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алып, кыргыз-өзбек чек арасындагы макулдашылган келишимди кубаттай турганын айтты. "Мен ар дайым АКШ Өзбекстандын аймактык бүтүндүгү менен эгемендигин кубаттай турганын билдирем. Чындап эле Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын демаркациялоого жетишкени үчүн кол чапкым келет. Бул аймактагы башка өлкөлөргө чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүн деген күчтүү сигналды берет. Читать дальше...

Депутат Кадырбеков Сахароводогу мигранттардын көйгөйүн дагы көтөрдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборундагы мигранттарды күчтөп медициналык кароодон өткөрүп, көпчүлүгүнөн жыныстык жугуштуу ооруларды таап, мажбурлап дарыланууга жиберип жатышканын айтты. 12-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында сөз сүйлөгөн Кадырбеков бул көрүнүштү "зомбулук" жана "мигранттарды кысымга алуу" катары баалады. "Биз жакында пленардык жыйында бир маселени көтөрдүк эле... Читать дальше...

Бишкекте бир жашка чейинки сегиз миңдей бала сасык тумоого чалдыкты

Azattyk.org 

Бишкек шаарында дем алуу органдарынын вирусу жайылууда. Курч респиратордук вирус же сасык тумоо айрыкча 14 жашка чыга элек балдар арасында көп катталып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору кабарлады. Быйыл 78 565 адам сасык тумоо менен катталса, алардын 48 287си 14 жашка чыга элек балдар, 7964ү бир жашка чыга элек ымыркайлар болгон. Оору күчөгөндөн бери бейтапканалар дем алышсыз иштеп, Бишкек жана Чүй облусундагы балдар ооруканаларында кошумча 200 орун ачылды. Читать дальше...

Бабур атындагы театрдын ремонт иштери жазында аяктары кабарланды

Azattyk.org 

Оштогу Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын ремонт иштерин келе жаткан 2023-жылдын март айында бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу театрдын жетекчиси Азам Абдуразаков "Азаттыкка" билдирди. Театрды реконструкциялоо иши 2021-жылы сентябрь айында башталган.  Ош шаардык мэриясы театрды оңдоп-түзөө иштерин Өзбекстан моюнга алганын жана 5 миллион долларлык каражат сарпталарын кабарлаган.  Театрдын имаратын Өзбекстан бөлүп бере турган каражатка толук жаңылоо тууралуу макулдашуу президент... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *