Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2022

Новости за 15.12.2022

Ыш көйгөйү: уу заттар, сапатсыз көмүр жана таштанды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Бишкекти каптаган түтүн маселеси каралды. Ага өкмөт өкүлдөрү, Бишкек мэри катышты. Жыйында ыш маселеси, таштанды полигону, жаңы конуштарды газга өткөрүү өңдүү маселелер талкууланды. Абадагы уулуу заттар Жыйындын башына депутат Марлен Маматалиев булганыч аба адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканы тууралуу презентация көрсөттү. Эл аралык гидрометеорологиялык институттун маалыматына таянып Кыргызстанда 2010-2019-жылдар аралыгында жыл сайын адам өлүмүнүн 12-13%... Читать дальше...

Ыш көйгөйү: парламенттеги талкуу (түз эфир)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Бишкекти каптаган түтүн маселеси каралууда. Ага өкмөт өкүлдөрү, Бишкек мэри катышып жатат. Жыйында ыш маселеси, таштанды полигону, жаңы конуштарды газга өткөрүү өңдүү маселелер талкууланууда.  Жогорку Кеңештеги жыйын   Жыйында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров 2023-жылга чейин конуштардын баары газдаштырылат деген Бишкекте бүгүнкү күндө конуштардын болжол менен жарымына эле газ жеткирилгенин билдирди. “Биз “Кыргызгазды” 1 долларга сатканда “Газпромдун” ушундай милдеттенмеси бар болчу ... Читать дальше...

Бензиндин айрым түрүн өлкөгө киргизбөө сунушталууда

Azattyk.org 

Кыргызстанга экологиялык К3 жана К4 деген класстагы күйүүчү-майлоочу майды киргизүүгө тыюу салуу сунушталууда. Бу тууралуу бүгүн 15-декабрда Жогорку Кеңеште Бишкектеги ыш маселеси талкууланып жатканда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди: “Транспорт деп айтып жатабыз. Транспорт 85% эскирген. Бирок ошол эле учурда күйүүчү-майлоочу материалдардын сапаты… Бизде бир маселе бар – жанагы К3 менен К4тү бизге таптакыр киргизбеш керек. Биздеги мунайды... Читать дальше...

Бишкек: Конуштарды газдаштыруу планынын жарымы аткарылган жок

Azattyk.org 

2023-жылга чейин конуштардын баары газдаштырылат деген Бишкекте бүгүнкү күндө газ конуштардын болжол менен жарымына эле жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн 15-декабрда Жогорку Кеңеште Бишкектеги ыш көйгөйү талкууланып жатканда борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди: “Биз “Кыргызгазды” 1 долларга сатканда “Газпромдун” ушундай милдеттенмеси бар болчу – Бишкек шаарындагы 47 конуштун баарын 2023-жылга чейин газга өткөрүп бүтүшү керек эле. Тилекке каршы, бүгүн 27 конуш гана газдаштырылды. Анын болгону 30% жылытуу системасын газга өткөрдү. Читать дальше...

Катар-2022: чемпиондукка бир кадам, Мессинин эңсөөсү

Azattyk.org 

Бир айга созулган Катардагы футбол мелдеши соңуна чыгууда. Футбол тарыхында биринчи жолу күз-кышкы мезгилинде өткөрүлгөн чемпионат – эң кымбат мелдеш гана эмес (200 миллиард доллар сарпталган), күтүүсүз жыйынтыктары менен дагы эсте калды. Финалга чыккан Франция-Аргентина беттеши 18-декабрда "Лусаил" стадионунда өтөт. Ал эми жарым финалда утулуп калган Марокко менен Хорватия коло медал үчүн 17-декабрда "Халифа" стадионунда беттешет. Жолу болбогон Бразилия Хорваттар чейрек финалда Бразилияны утуп алганда... Читать дальше...

Ыш көйгөйү: Нормасы 15 деген көрсөткүч 350гө жетүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2010-2019-жылдар аралыгында жыл сайын адам өлүмүнүн 12-13% (болжол менен 4100-5000) абанын булганышынан улам болгонун бүгүн 15-декабрда Жогорку Кеңеште Бишкектеги ыш маселеси талкууланып жатканда Эл аралык гидрометеорологиялык институттун маалыматына таянып депутат Марлен Маматалиев билдирди. Ал булганыч аба адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканын белгилеп, төмөнкү маалыматтарды келтирди: “PM2,5 – бул курамында сульфат, нитрат, оксид сыяктуу өзүнчө бир зыян химиялык бөлүкчөлөр экен. Читать дальше...

Садыр Жапаров иш күнү футбол ойногонунун себебин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине курган маегинде иш күндөрү футбол ойногону тууралуу сындарга жооп берип, "мындан трагедия жасоонун кереги жок" экенин айтты. "Иш күнү өтүп жатат деп андан трагедия жасаштын кереги жок. Ушундай биримдикти, ынтмакты бекемдеген иш-чаралар маалында облустардан келген өкүлдөр министрлер менен жолугуп, чече албай жүргөн маселелерин жакшы маанайда чечип жатат. Мен өзүм да кабыл алып, облустардагы маселелерден кабар алып, ошол замат министрлерге тапшырма берип жатам. Читать дальше...

Ачкачылык жарыялагандардын саны 19га жеткени кабарланды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча камалып, абакта ачкачылык кармагандардын саны 19га жетти. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди. "14-декабрда камакта жаткан жети киши ачкачылык жарыялоо боюнча Жаза аткаруу кызматына расмий билдирүү берген. Бүгүн, 15-декабрда аларга дагы 12 киши кошулду. Жалпы 19 адам ачкачылык жарыялап жатат, расмий билдирүүнү алардын адвокаттары даярдоодо", - деди Абдирасулова. Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кечээ жети киши ачкачылык жарыялоо боюнча билдирүү бергенин... Читать дальше...

Кумтөр: Депутаттык комиссия кыскаргандан кийин да жыйынга чогула албай жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште түзүлгөн Кумтөр боюнча депутаттык комиссия курамы өзгөргөндөн кийин да жыйынга чогула албай жатканын бүгүн 15-декабрда депутат Арсланбек Малиев билдирди: “Бүгүн чогулуп, бир маселени чечип койсок болот эле. Комиссиянын курамы – Нарматова, Ханжеза, Малиев, Мураталиев, Түлөбаев, Алимжанова, Масалиев, Ашимова. Өткөндө да чогулбай калганбыз”. Комиссиянын курамы өткөн аптада кыскарган, буга кворум жоктугунан депутаттар жыйынга чогула албай жатканы себеп экени айтылган. Башкы прокуратура... Читать дальше...

Футбол: Франция-Марокко оюнунан кийин Парижде мушташ чыкты

Azattyk.org 

14-декабрдан 15-декабрга караган түнү Франция менен Марокконун футбол командаларынын оюнунан кийин Парижде футбол күйөрмандары жапырт мушташты. Катардагы чемпионаттын жарым финалында француздар марокколуктарды 2:0 эсеби менен жеңип, финалга чыккан. Мындан кийин Париждин көчөлөрүнө жеңишти майрамдоого чыккан күйөрмандар менен марокколук футболчуларды сүрөгөн топ кагылышкан. Елисей талаасына жүздөгөн полиция машинелери келип, жалпы Франция боюнча 10 миңдей кызматкер кошумча иштеп жатат. Эки тараптын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *