Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2022

Новости за 19.12.2022

Масалиев: Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун кароо алты айга жылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун парламентте кароо алты айга жылдырыларын билдирди. Бул тууралуу депутат Бишкекте "Биригүү жана ассоциация түзүү эркиндигине укук" деп аталган талкууда айтты. Жыйында жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова демилгелеген “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана президенттин администрациясы жазган “Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорлорун талкуулап жатат. Бирок... Читать дальше...

Темир Сариев Соода-өнөр жай палатасына төрага болуп шайланды

Azattyk.org 

Бүгүн, 19-декабрда Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасын шайлоо өтүп, көпчүлүк добуш менен мурдагы премьер-министр Темир Сариев шайланды. Шайлоо маалында дагы бир талапкер, INTEGRA Engineering Group ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилканов өзүнүн программасы менен тааныштыргандан кийин бул уюм "жаңы пикирлерге, жаңы ойго жана жаңыланууа даяр эмес" деген ойго келгенин айтып, жыйындан кетип калды. Төрагалык үчүн “Шумкар логистикалык компаниясынын”... Читать дальше...

Бишкекте "Көчмөн сыры" эл аралык форуму өтөт

Azattyk.org 

20-21-декабрь күндөрү кол өнөрчүлөрдүн "Көчмөн сыры" деген аталган эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Форумдун ачылышы 20-декабрда Улуттук тарых музейинде башталат. Анда Ысык-Көл облусуна “Боз үйдүн мекени”, Нарын облусуна “Шырдактын мекени” наамдары тапшырылат. Бул наамдар Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин комиссиясынын чечими менен аныкталган. Форумдун алкагында 19-декабрынан тарта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм-сүрөт... Читать дальше...

Казакстан: ишкерлер, блогерлер түзгөн "Республика" партиясы каттоодон өттү

Azattyk.org 

Казакстандын юстиция министри Канат Мусин "Республика" партиясы каттоодон өткөнүн билдирди. Ал 19-декабрда парламентте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, башка партияларды каттоого байланыштуу иштер жүрүп жатканын, айрымдары "документтери мыйзам талабына жооп бербегендиктен биринчи айлампадан да өтө электигин" айтты. Министрдин ырасташынча, каттоого байланыштуу арыз бергендердин арасында оппзициялык  "Алга, Казакстан" партиясы да бар. "Республика" партиясы ушул айдын башында биринчи... Читать дальше...

Аба ырайы: Күн ачык болот

Azattyk.org 

20-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7; Нарын облусунда түнкүсүн -21…-26, күндүз -1…-6; Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

"Эсимде" тасмасы "Евразия" фестивалында баш байгени жеңди

Azattyk.org 

Кыргызстандык кинорежиссер Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Евразия" эл аралык XVI кинофестивалында гран-прини жеңди. Бул тууралуу фестивалдын дирекциясы кабарлады. Анда айтылгандай, кинофестивалда Евразия аймагынан тандалган 14 тасма көрсөтүлгөн. Калыстар тобунун төрагасы, кинорежиссёр Али Хамраев Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы бир добуштан жеңүүчү деп табылганын билдирди. Жеңүүчүгө "Евразия" кинофестивалынын статуэткасы жана акчалай сыйлык ыйгарылды. Читать дальше...

Министрлик: Сасык тумоонун өсүшү басаңдады

Azattyk.org 

Соңку эки күндө Республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасына 700дөй адам кайрылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" саламаттык сактоо министринин дарылоо боюнча орун басары Улан Садыков билдирди. Ал өткөн аптага салыштырмалуу сасык тумоо бир аз басаңдаганын белгиледи. “Өткөн суткада Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына эле 700дөй адам кайрылды, алардын 20-25% дарыланууга жатты. Палаталар жетишсиз, бирок кызматкерлер кошумча койкаларды ачып жатат. Айрым бөлүмдөр да сасык тумоого кабылгандарды кабыл ала баштады. Читать дальше...

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы шайланат

Azattyk.org 

Бүгүн, 19-декабрда Кыргызстанды Соода-өнөр жай палатасынын төрагасын шайлоо өтөт. Азыр палатанын жыйыны башталып, талапкерлер өзүнүн программасын тааныштырып жатат. Палатанын президиуму төрагалыкка талапкерлигин койгон тогуз кишинин ичинен бардык талапка жооп берген үч адамдын талапкерлигин 15-декабрда жактырган. Соода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына талапкерлер: Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев. INTEGRA Engineering Group ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилканов. Читать дальше...



"Медициналык кароо деп айтуу кыйын". Мигранттарды убара кылган текшерүү

Azattyk.org 

Орусиядагы кыргызстандыктар милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүү кыйын болуп жатканына нааразы болууда. Алар ден соолукту текшерүүчү жай Москвадан алыс жайгашканын жана ал жердеги шарттар санитардык талапка туура келбей турганын айтып жатат.  Бул маселени Орусияда иштеген 23 жаштагы кыргызстандык Айдана айтып, "Азаттыкка" кайрылган. Ал жакында эле эжесин медициналык кароодон өткөрүү үчүн Сахарового барып, анализ тапшырып келишкен. Анын жыйынтыгы таза чыккан жок деген негиз менен дарыгерлер мигрантты кошумча изилдөөгө жөнөтүшкөн. Читать дальше...

Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун кайра иштеп чыккан топ түзүлөт

Azattyk.org 

Президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Мурат Укушев бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна байланыштуу түшүндүрмө берди. Ал 19-декабрда Бишкекте "Биригүү жана ассоциация түзүү эркиндигине укук" деп аталган жыйында президент Садыр Жапаров бул документти кайра иштеп чыгуу үчүн топ түзүүгө макул экенин, бул топ 20-декабрда биринчи жыйынга чогуларын айтты. Укушев мындан улам жарандык коомдун өкүлдөрүн ага катышууга, 15-январга чейин эксперттерди сунуштоого чакырды. Читать дальше...

Аргентина дүйнө чемпиону, легендага айланган Месси

Azattyk.org 

Катарда өткөн футбол чемпионатынын финалы өтө курч өтүп, беттеш  пенальти тебүүгө чейин уланды. 18-декабрда "Лусаил" стадионунда өткөн беттеште Аргентина курама командасы Францияны утуп, тарыхында үчүнчү ирет дүйнө чемпиону аталды.

Актер Азиз Мурадилаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 19-декабрда Бишкектеги Кыргыз Улуттук драма театрында эмгек сиңирген артист, актер Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат. Буга чейин актердун сөөгү өзүнүн керээзине ылайык "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлары маалым болгон. Театр жана кино актеру, 44 жаштагы Азиз Мурадилаев 17-декабрда узакка созулган оорудан каза болду. Буга чейин Мурадилаев боордун циррозу деген диагноз менен Бишкектеги ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы кабарланган. Актердун жакындары анын... Читать дальше...

Орусия Молдованын бийлигин "саясий цензурага" айыптады

Azattyk.org 

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Молдованын бийлиги орус тилдүү алты телеканалды лицензиясынан убактылуу ажыраткандан кийин Кишиневду "саясий цензурага" айыптады. «Молдова Республикасынын бийлиги улуттук маалымат майданын альтернативалуу көз караштын акыркыларынан тазалоо үчүн тоталдык цензуранын ыкмаларын колдонуу менен өлкөдөгү нааразылыктын кандай гана түрү болбосун жок кылуу багытын улантууда» - деп айтылат Орусиянын тышкы иштер мекемесинин басма сөз катчысы Мария Захарованын билдирүүсүндө. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *