Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2024

Новости за 19.05.2024

Иран: Президент Раиси бараткан тик учак кырсыкка кабылды

Azattyk.org 

Иранда президент Эбрахим Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан жерге араң барып конууга мажбур болгонун 19-майдын кечинде өлкөнүн ички иштер министри Ахмад Вахиди билдирди. Президентти коштоп дагы эки тик учак жүргөнү, алар бара турган жерине аман-эсен жеткени маалымдалды.

Чет элдиктерди бутага алган окуя эмнеден чыкты?

Azattyk.org 

18-апрелдеги индиялык жана пакистандык студенттер жабыркаган окуяга дүйнө коомчулугу көз салып турат. Кыргыз коомчулугу чет элдиктерди уруп-согуунун келип чыгышын ар түрдүү жоромолдоп жатышат. Анткени Кыргызстанда да тышкы миграция күч алып, миллион адам четте жүрөт. Бийлик бул окуя териштирилип, ага катышкандар жазага тартыларын билдирди.

"Жатаканадагы студенттер өтө коркуп турушат"

Azattyk.org 

Бишкекте 18-майга караган түнкү зордук-зомбулукта жабыркаган пакистандык айрым студенттер өз мекенине кайтып жатат. Жатаканаларда жашагандар коопсуздугунан чочулап турганын айтышты. VIP хостелге кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү барып, окуя тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр жазаланарын убада кылышты.

"Кыргызстан эл аралык бедели үчүн күрөштө дагы бир жолу жеңилди"

Azattyk.org 

Бишкекте 18-майда болгон зордук-зомбулук менен коштолгон окуяларга Пакистан жана Индиянын бийликтери дароо көңүл буруп, ал эки өлкөдөгү маалымат каражаттары, социалдык тармактары кызуу талкуулап жатышат.

Бишкектеги окуя: Пакистандык студенттердин санаасы, өкмөттүн убадасы

Azattyk.org 

Бишкекте 18-майга караган түнү болгон окуяда жабыркаган айрым пакистандык студенттер өз өлкөсүнө кайтып жатат. Жатаканаларда жашагандар коопсуздугунан чочулап жатканын билдиришти. Бул жайга кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү барып, окуя тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр жазаланарын убада кылышты.



Ошто турак жай, жолдорду сел каптады

Azattyk.org 

Ишембидеги селдин кесепетин жоюу үчүн Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Нөшөрдөн улам жолдорду жана үйлөрдүн жер төлөсүн, короолорду суу каптап, куткаруучулар күчөтүлгөн режимде иштешти. Ак-Буура дарыясынан бир аялдын сөөгү табылды. ӨКМ анын сел менен байланышы жок экенин билдирди.

Ошто селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Azattyk.org 

Ишембидеги селдин кесепетин жоюу үчүн Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Нөшөрдөн улам жолдорду жана үйлөрдүн жер төлөсүн, короолорду суу каптап, куткаруучулар күчөтүлгөн режимде иштешти.

Дүйнө жана Кыргызстан: Келгиндерибиз – мамлекетибиздин бакыбаттыгынын күзгүсү

Azattyk.org 

Кыргызстандын борборунда чет өлкөлүк келгиндерге каршы тополоң уюштургандардын кылмыштуу жоругу – Кыргызстандын эгемендигинин жана бакыбаттыгынын ички душмандарынын жоругу катары кескин айыпталышы зарыл. Тарыхчынын блогу.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *