Зилалиевдин бөгөт чарасы 30-ноябрга чейин узартылды
Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин абактагы мөөнөтү 30-ноябрга чейин узартылды. Бүгүн, 28-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Зилалиевге карата “Мыйзамсыз баюу” беренесинин негизинде козголгон иш боюнча соттук териштирүү уланды. Анда үч күбө суралды. Адвокат Таалайгүл Токтакунованын "Азаттыкка" айтымында, күбөлөрдүн бири Зарина Эмилбекова Зилалиевдин банктагы уячасынан 900 миң доллар табылганын билдирди.
-Банктагылар 900 миң доллар табылды деп айтып атат. Бирок биз ал кимдин акчасы экенин текшересиңерби же мыйзам боюнча ал өзүнүн эле эмес, башка бирөөнүн каражатын салганга укугу барбы деп деп суроо салдык. Күбө мыйзам боюнча жалгыз өзүнө тийиштүү буюмдар салынсын деген норма жок экенин айтышты. Зилалиев банк уячасын ачкан гана адам, ичиндегилер дагы аныкы деп айта албайбыз деп айтышты.
Токтакунова банк уячасындагы каражатка байланыштуу көрсөтмө буга чейин берилгенин, соттук териштирүүнүн жүрүшүндө ал тууралуу маалымат дагы айтыларын кошумчалады.
Адвокаттар абакта кармалып турган Зилалиевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранышкан. Бирок, сот арызды канаттандырган жок. Анын ордуна Зилалиевдин абактагы мөөнөтү менен соттук териштирүүнүн убагын дагы үч айга узартты.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге, 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турган учурунда, өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо.
Зилалиев өзүнө тагылган айыпты четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет. (KЕ)