Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 16.08.2019

Алтымышка толгон аскердик авиация

Azattyk.org 

Кыргызстандын аскердик авиациясы 60 жылдык мааракесин белгиледи. Аба парады менен коштолгон салтанатка ардагер учкучтар да катышты. Абадан коргоо күчтөрүнүн учкучтарынын айтымында, авиациянын техникалык базасы жетиштүү, бирок узак учуп машыгууга май тартыш.

Cалянова абактан чыкты, Цопова камакта калды

Azattyk.org 

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова 15-августта үй камагына чыгарылды. Кримтөбөл Батукаевдин ишине байланыштуу жалпысынан онго жакын адам шектелүүдө. Тергөө абагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен дарыгер Ирина Цопова гана бар.

Талашка түшкөн "Керемет Суу"

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү айылындагы минералдык суу талашка түштү. Кыргызстандын өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу комитетинен уруксат алган жеке үч тарап сууну бөлүшө албай убара.

Сот Алмазбек Атамбаевди абакта калтырды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Атамбаевди 8-август күнкү кармоодогу мыйзам бузуулар боюнча адвокаттын арызын кароону Биринчи май райондук соту дүйшөмбүгө которду. Ушул эле күнү Атамбаевди 26-августка чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук соттун мурдагы чечимин Бишкек шаардык соту карап, күчүндө калтырды. Муну Атамбаевдин тарапташтары бийликтин куугунтугу катары баалап, мыйзамдар одоно бузулуп жатат деп жатышат.

"Урал авиалинияларынын" учкучтарына "Баатыр" наамы берилди

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин авариялык жагдайга кабылган учакты Подмосковьеде жүгөрү талаасына кондурууга аргасыз болгон "Урал авиалинияларын" компаниясынын учкучтарына "Орусиянын Баатыры" деген наам ыйгарды. Борт коштоочулар болсо "Кайраттуулук" ордени менен сыйланышты. Бул тууралуу "Интерфакс" маалымат агенттиги кабарлады. «Урал авиалиниялары» компаниясына таандык Москва-Симферополь каттамындагы «Airbus A321» үлгүсүндөгү учак 15-августта авариялык жагдайга кабылган. Анын ичинде экипаждын мүчөлөрүн кошо эсептегенде 234 адам болгон. Читать дальше...

УКМК: Сапар Исаков ден соолугу начарлап, ооруканага которулду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ооруканага которулду. УКМКнын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, бүгүн Исаковдун абалы начарлап, дарыгерлер консилиум өткөрүшкөн. Ага “кырарка артериясынын синдрому” деген диагноз коюлду. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. УКМК мурдагы өкмөт башчы кайсы ооруканага которулганын айткан жок.  Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жана Улуттук... Читать дальше...

Башкы прокуратура: Атамбаев дагы эки кылмыш иши боюнча шектелүүдө

Azattyk.org 

Аскер прокуратурасынын тергөө тобу 15-августта УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы эки кылмыш иши боюнча шектүү катары маалымдама тапшырды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Атамбаев Жазык кодексинин “Кылмышка аралашуу” жана “Коррупция” (43-берененин 2-бөлүгү, 319-берененин 1-бөлүгү) беренелери боюнча айыпталууда. Маалыматка караганда, айрым мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкелеринин... Читать дальше...



Ильхан Омар: Израилдин иш-аракеттери демократиялык баалуулуктарды мазактоо болуп саналат

Ca-irnews.com (kg) 

АКШнын демократтар партиясынын өкүлү Ильхан Омар Израиль анын Палестинанын басылып алынган жерлерине кирүүгө тыюу салганынан кийин, сионист режиминин бул аракетин демократиялык баалуулуктарды мазактоо болуп саналат деп билдирди.

Сот Атамбаевди кармоонун мыйзамдуулугун кароону 19-августка жылдырды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоонун мыйзамдуулугун кароону 19-августка калтырды. Буга ишти тергеп жаткан тергөөчүнүн сот процессине келбегени себеп болду. Адвокат Сергей Слесарев Атамбаевдин өзү да сот залына алынып келиши керектигин белгилеп жатат. Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин кабыл алган. Читать дальше...

Мамдума «Яндексти» бутага алды

Azattyk.org 

«Орусча Google» атыккан «Яндекс» интернет порталы орусиялык депутаттардын бутасына айланды. Мамлекеттик Думанын айрым мүчөлөрү бул порталдын башкы жаңылыктарды тандоо ыкмасына капа болушууда. «Яндекс» кабарлар автоматтык түрдө тандаларын айтып жатат.

Израиль Рашида Тлаибге өлкөгө келүүгө уруксат берди

Azattyk.org 

Израилдин ички иштер министри Арье Дери АКШнын Өкүлдөр палатасынын демократ мүчөсү Рашида Тлаибге өлкөгө келүүгө "адамгерчилик кылып" уруксат берилгенин билдирди. Мунун алдында Тлаиб Израиль бийлигине өлкөгө киргизүүнү өтүнүп кат жолдогон жана анда тууган-уругуна жолуккусу келерин, айрыкча 90го таяп калган чоң энесинин көзү тирүүсүндө көрүп калууну каалай турганын айткан. Тель-Авивдеги айрым жергиликтүү маалымат каражаттары Тлаиб Израилде 18-24-август күндөрү болоорун жазды. Мунун алдында Израиль... Читать дальше...

Манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгы белгиленүүдө

Azattyk.org 

Манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгы Ысык-Көлдүн тескей жээгинде белгилене баштады. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан 20 манасчы чакырылган. Алар үч күн жана үч түн үзгүлтүксүз "Манас" айтып, эпос тууралуу кеп курушат. Бул маалыматты өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы берди. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө эки китептин бет ачары болот. Анын бири орус тилиндеги "Код вечности в феномене Манасчы" деген аталыштагы Саякбай Каралаевди көрүп, аны менен замандаш болуп калгандардын эскерүүсү жазылган китеп. Читать дальше...

“Достук” чек ара бекетинде “Режим” аттуу иш-чара өттү

Azattyk.org 

16-августта Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан "Достук" чек ара бекетинин аймагында Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана Кара-Суу райондук милиция кызматкерлери "Режим" деген аталыштагы алдын алуу иш-чараларды өткөрүштү. Облустук ИИБнын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул иш-чара коомдук транспорттордун багытын иретке келтирүү, жарандардын коопсуздугун, укуктарынын сакталышын камсыз кылуу жана коррупциялык түрдүү көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында өткөрүлдү... Читать дальше...

17-августка карата аба ырайы: катуу жамгыр жаайт

Azattyk.org 

17-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда абдан катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27; Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29; Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13... Читать дальше...

Атамбаевдин мүлкү жана банк эсептери камакка коюлду (тизме)

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында анын мүлкү, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка коюлду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мурдагы президенттин 25 банкта эсеби болгон. Мындан сырткары Атамбаевге жана анын аялына, “Кыргызавтомашка”, “Апрель-ТВ” жабык акционердик коомдоруна тийиштүү делген банктык уячалары камакка коюлду. Тизмени бул жерден көрүңүз. Башкы көзөмөл орган тараткан маалыматка караганда... Читать дальше...

Медиа: Трамп Гренландияны АКШнын карамагына алгысы келет

Azattyk.org 

"The Wall Street Journal" басылмасы Ак үйдөгү ишенимдүү булактарына шилтеме жасап, АКШнын президенти Дональд Трамп Гренландияны Кошмо Штаттардын карамагына алуу мүмкүнчүлүгүн кеңешчилери менен бир канча жолу талкуулаганын жазды. Ага ылайык, Трамп Гренландияны алуунун кандай мыйзамдуу жолдору бар экенине кызыккан, айтылган жоопторду өтө ынтызарлык менен кунт коюп уккан жана арал жайгашкан жердин өзгөчөлүгүнө, жаратылыш байлыктарынын көптүгүнө өзгөчө кызыккан. Президент алтургай юристтерине мунун укуктук жагын иликтеп чыгууга тапшырма да берген. Читать дальше...

Акматалиев: Атамбаевдин жакындары прессадан алыс болушу керек

Azattyk.org 

Башкаруу академиясынын ректору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев мурдагы президенттин жакындарын эмоцияга алдырбай, тергөөнүн жыйынтыгын күтүүгө чакырды. Ошондой эле ал Атамбаевдин бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калганында саясат жок деп эсептейт. Саясат таануучу Акматалиев Атамбаевдин аялы жана баласы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын алдында айткандары боюнча “Азаттыкка” пикирин билдирди. "Атамбаевдин бөгөт чарасын ошол бойдон калтырууда саясат да, куугунтуктоо да жок. Козголгон иш өз нугунда кетип баратат деп ойлойм. Читать дальше...

Ингушетия: Жогорку сот чек ара тууралуу парламенттин чечимин колдоду

Azattyk.org 

Ингушетияда Жогорку сот Чеченстан менен чек араны тактоого байланыштуу парламенттин чечимин мыйзамдуу деп тапты. Анын алдында Магасс райондук соту да ушундай эле бүтүм чыгарган болчу. Сотко Элдик жыйындын айрым депутаттары кайрылган. Алар парламенттеги Чеченстан менен чек араны тактоо мыйзамы боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнүшкөн. Былтыр сентябрь айында Ингушетиянын жана Чеченстандын башчылары Юнус-Бек Евкуров менен Рамзан Кадыров Советтер союзу ыдырагандан тарта... Читать дальше...

Осмонов: Сот жагдайга карата көчмө жыйын өткөрө алат

Azattyk.org 

Сот иштин жагдайына, айыпталуучунун өзүнө жана коомдогу резонанска жараша көчмө жыйын өткөрө алат. Бул тууралуу Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы боюнча “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди. "Мыйзам боюнча биринчи кезекте айыпталып жаткан адамдын өздүгүн, айыптын оордугун, коомго, башка адамдарга, коомдук түзүлүш менен стабилдүүлүккө коркунуч келтиреби, жокпу ошонун баары эске алынып, анан бөгөт чарасы кабыл алынат. Соттун иштин жагдайына... Читать дальше...

Камактан бошотулган Ирандын танкери Гибралтардын аймагынан чыкты

Azattyk.org 

Гибралтар бийлиги 15-августта Ирандын "Grace-1" үлгүсүндөгү супертанкерин бошоткондон кийин кеме порттон ары үйүн көздөй сүзүп кетти. Анда Тегеран "бул танкер менен эми Сирияга мунай ташылбайт" деп расмий убада бергени маалым болду. АКШ кара май ташыган кеменин бошотулушуна караманча каршы чыккан жана камоо мөөнөтүн узартуу тууралуу Гибралтарга бир канча жолу өтүнүч жөнөткөн. 4-июлда Британиянын юрисдикциясында турган Гибралтар аралынын бийлиги 2,1 миллион баррел кара май ташып бараткан «Grace-1»... Читать дальше...

Британия: Солсбериде дагы бир полиция кызматкери ууланган

Azattyk.org 

Британияда полиция Солсбери шаарында "Новичок" деген ат менен таанымал химиялык затка Ник Бейли аттуу полиция кызматкери да ууланганын ачыкка чыгарды. Ага ылайык, Бейли Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлия ууланган жагдайды иликтөөгө катышкан. Скотленд-Ярд бул жабырлануучу башкалардан айырмаланып азырак ууланганын, саламаттыгына өтө деле чоң залал келбегенин, ошондуктан дарыланып алып тез эле ишке чыкканын маалымдады. Орусиянын Лондондогу элчилиги буга чейин Скотленд-Ярддын мындай маалыматтары "ишеним жаратпайт" деп билдирип келген. Читать дальше...

Трамп кытай лидерин Гонконгдогу демонстранттардын үнүн угууга үндөдү

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди Гонконгодо эки айдан ашык убактан бери тынбай нааразылык акцияга чыгып жаткандар менен жолугушууга чакырды. Трамп "Твиттердеги" баракчасына: "Эгер президент Си каршылыкка чыккандар менен өзү жеке жолукса, Гонконгдогу көйгөйлөрдүн аягы жакшы жана жаркын болуп чечилмек" деп жазды. АКШнын президенти кийинчерек журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "Си нааразылыкка чыккандар менен маңдай-тескей отуруп алып сүйлөшсө, маселени 15... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *