МАГАТЭ: Иран жаңы центрифугаларды орнотууда
2015-жылдагы өзөктүк келишимде тыюу салынганына карабастан, Иран акыркы үлгүдөгү, жаңы центрифугалардын жардамы менен уран байытууну өндүрүүгө камылга көрүүдө. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) 9-сентябрда кабарлады.
Центрифуга - уран байытууда колдонулган негизги жабдуу.
2015-жылкы көп тараптуу келишимде Ирандын уранды байытуусуна он жылдык чектөө коюлган. Бул мезгил ичинде уран байытуу үчүн колдоно турган центрифугалардын саны 5060тан ашпашы керектиги каралган.
2013-жылы өлкөдө центрифугалардын саны 27000 даанага жакындап барган, алардын 19000и өндүрүш максатында жайгаштырылган.
2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган болчу. Бирок Кошмо Штаттар былтыр ал келишимден чыгып кеткенден бери Вашингтон менен Тегерандын алакасы курчуп кеткен. Вашингтон Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизсе, Тегеран ага жооп катары келишимде өзүнө алган милдеттенмелерин азайтып, айрым шарттарын аткаруудан баш тарта баштады.
Ирандын өзөктүк программасын чектеген келишимге кол койгон Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия ал документти сактап калууну жактайт.