ИИМ: Абдырахманов жаңы кызматка кесипкөйлүгү үчүн дайындалды
Ички иштер министрлиги (ИИМ) министрликтин криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары, үчүнчү башкармалыктын башчысы болуп (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгы) жаңы дайындалган Каныбек Абдырахмановдун айланасындагы сөздөр боюнча кенен маалымат таратты.
Мекеменин сайтында айрым маалымат агенттиктеринде Абдырахманов тууралуу такталбаган маалыматтар жарыяланып жатканы жазылган. Министрлик ошол эле учурда буга чейин козголгон кылмыш ишинде Абдырахмановдун аты аталганын бышыктаган.
Ага ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2017-жылдын 17-октябрында Абдырахмановдун кол алдында иштеген ыкчам кызматкерин (С.К.) пара алуу фактысы боюнча кармаган. Тергөөнүн жүрүшүндө ал өзү да суракка чакырылып, камакка алынган.
«Жагдай так жана толук териштирилбегендиктен Каныбек Абдырахманов кол алдындагы кызматкери менен кошо камалып кеткен. Аталган жагдай боюнча «Кызмат абалынан пайдалануу» жана «Пара талап кылуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө Абдырахмановдун кызматтык кабинетинен, сейфинен жана жашаган үйүнөн да эч кандай далил буюмдарды таба алышкан эмес», деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Министрлик соттун бардык инстанцияларында анын пара алуу жана кызмат абалынан пайдалануу кылмыштарына эч кандай тиешеси жана катышы жок экендиги такталганын жазды.
Мекеме ошондой эле Абдырахмановдун буга чейин ээлеген кызматтарын тизмектеп, анын кесипкөйлүгү ИИМдин жетекчилиги тарабынан көңүлгө алынып, жаңы кызматка дайындалганын расмий билдирди.
Буга чейин айрым сайттар ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгына жетекчи болуп Каныбек Абдырахманов дайындалганын, ал буга чейин пара алган деп шек саналып, камалып чыкканын жазышкан. (BTo)