Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу сүйлөшүүлөр уланып жатат. Сүйлөшүү Овчу-Калача чек ара аймагында өтүп жатат. Сүйлөшүүгө кыргыз тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаров, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов, Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев катышууда. Тажик делегациясынын толук курамы азырынча белгисиз.
Буга чейин Тажикстандын «Азия-плюс» агенттиги сүйлөшүү бүгүн эртең мененки саат 7:30да башталып, 10до бүткөнүн жазган. Анда Кыргызстандагы байкоо салган мунараны алууну, тажик тарап курулуш ишин токтотууну макулдашканы айтылган. Мындан сырткары 18 сааттын ичинде эки тарап кошумча күчтөрдү жана аскер техникасын алып чыгуу боюнча макулдашканы белгиленген.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков сүйлөшүү дагы эле уланып жатканын «Азаттыкка» билдирип, кандайдыр бир макулдашуу тууралуу айтуу азырынча эрте экенин кошумчалады.
16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болду. Тажик тарап үч чек арачысы курман болгонун билдирди. Эки тараптан 20дан ашык адам жабыркады. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жарадарлардын жетөө аскер адамдары, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары экенин билдирген. Жарадар болгон 10 жаран 17-сентябрда Бишкекке жеткирилген.
Чек арадагы окуядан кийин эки өлкөнүн тең Тышкы иштер министрлиги элчилерге нааразылык нотасын тапшырды. (КЕ/JsA)
Уссурийский ЛРЗ подтвердил соответствие международным стандартам, применяемым на производстве железнодорожной промышленности
Золотые часы от Министерства обороны за вклад в развитие Кадетского движения России!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Массовыми патриотическими акциями отметили День России на заводах АО "Желдорреммаш"
Уссурийский ЛРЗ подтвердил соответствие международным стандартам, применяемым на производстве железнодорожной промышленности