Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы куттуктады
Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионаттагы жеңиши менен куттуктады.
Мамлекет башчы 20-сентябрда, Айсулуу Тыныбекованы жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабековду Нур-Султан шаарында өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионаттагы жеңиши менен телефон аркылуу куттуктады.
Куттуктоодо жамы кыргыз эли Дүйнөлүк чемпионаттагы ата мекендик спортчулардын мелдештерин кызыгуу менен көрүп, ар бир жеңишти чоң кубаныч менен кабыл алганын айткан.
Президент Жээнбеков Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын эгемендик алгандан берки тарыхында алгачкы ирет кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгонун баса белгилеген.
Спортчунун жеңиши - бүт өлкө үчүн сыймык экенин, Тыныбекова кыргызстандыктарга Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндары жыйынтыкталар алдында жагымдуу белек кылганын кошумчалады.
Айсулуу Тыныбекова мамлекет башчысына куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк чемпионаттын жүрүшүндө мекендештердин колдоосун сезгенин, өзүнүн жеңишин өлкөгө жана Кыргызстан элине арнаганын айтты.
Тыныбекова 20-сентябрда, кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча мелдеште 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байге үчүн болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти. (ZKo)