Гонконгдо демонстранттарга ок атылды
Гонконгдо Кытай бийлигине каршы чыккан нааразылык акциясы учурунда бир адамдын төшүнө ок тийди. Муну жергиликтүү полиция ырастады жана ок өзүн-өзү коргоо максатында атылганын билдирди. Мунун алдында күч органдары эскертүү иретинде асманга ок атканын билдирген.
Дарыгерлердин маалыматына караганда, Гонконгдо 1-октябрда өткөн нааразылык акциясынын учурунда кеминде 15 адам жаракат алды, алардын ичинен ок тийген адамдын абалы оор бойдон калууда.
Кытай Эл Республикасы негизделгенинин 70 жылдык мааракесин белгилеп жатканда Гонконгдо демонстранттар менен полиция катуу кагылышты. Нааразылык акциясына чыккандар жолдорду бууп, май куюлган бөтөлкөлөрдү күйгүзүп ыргытышты. Полиция аларга каршы көздөн жаш агызчу газ, желим союлдар менен желим окторду колдонду.
Мындай нааразылык акциялары мындан төрт ай мурун башталган. Буга кылмышка шектүү жарандарды Кытайга өткөрүп берүүгө жол ача турган жаңы мыйзам долбооруна карата каршылык негиз болгон.
Жакында шаар башчысы Кэрри Лам документти парламенттен кайтарып алган. Бирок демонстранттардын талаптары көбөйгөн. Алар негизинен нааразылык акциялары учурунда кармалгандарды коё берүүнү, полициянын аракетине укуктук жактан баа берүүнү, шаардын автономия деген макамы сакталышын жана Бээжинге ыктаган бийлик башчылары кызматтан кетишин талап кылып жатышат.
Кытай Гонконгдо нааразылык акцияларына чыккандарга катуу чара көрүлө турганын мурда бир нече ирет эскерткен.
1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген болчу.