Отунбаева: Аймактарга санариптештирүү жөнүндө маалымат жетпей жатат
Кыргызстанда санариптештирүүгө көңүл бурулганы менен маселе толук чечиле элек. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева Жалал-Абадда өткөн «Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде» аттуу конференция учурунда билдирди.
- Быйылкы жыл бүтүп баратат, санариптештирүүнүн алкагында эмне иш жасалды, эмнени үйрөнүшүбүз зарыл, биз санариптештирүү дегенди билебизби? Бул конференция ушуга арналган. Тилекке каршы биз Жалал-Абаддын борборунан эле кетебиз. Мындай маалыматтар азыр Чаткал, Токтогул сыяктуу өлкөнүн алыскы аймактарына жетпей жатат. Биз өкмөткө жардам берели деп ар бир облуста ушул иш-чараларды уюштуруп жатабыз, калганын бийлик өзү да жасашы керек, – деди Отунбаева.
Конференцияга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме ишкана жетекчилери жана студенттер катышууда. Илимдер академиясынын, Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин, Жогорку технологиялар паркынын, Курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Агрардык университеттин, Башкаруу академиясынын окумуштууларынын, бир катар банк жана компаниянын өкүлдөрү ишиндеги ийгиликтери тууралуу айтып берип, суроолорго жооп берип жатышат.
Жолугушуулардын максаты – жергиликтүү жетекчилерге, активисттерге дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы санарип ачылыштар, технологиялар тууралуу айтып берүү. Экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулган конференция 15-октябрдан бери Баткенде жана Ошто болуп өттү.
2019-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланган. (RsK)