19-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 19-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, күндүз кээ бир райондордо15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;
Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 16…21;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;
Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкекте 19-октябрда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы борбордо түнкүсүн 3…5°, күндүз 18…20° болот. (ErN)