"Алтын паша" өзбек генералдарынын кутуму тууралуу айтып чыкты
Өзбекстандагы генералдар тобу 2012-жылы мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, ошол кездеги президент, маркум Ислам Каримовду бийликтен кетирүүнү, премьер-министр кызматын ээлеп турган Шавкат Мирзиёевдин көзүн тазалоону максат кылышкан.
Мындай билдирүүнү 21-октябрда өткөн пресс-конференцияда коомчулукта "Алтын паша" деген каймана ат менен таанымал белгилүү зергер Ахмед Алиев жасады. Ал өзүн мурдагы бийликтин саясий репрессиясынын курмандыгы деп атады. Алиев ошол маалдагы премьерди жок кылуу планынын артында өлкөнүн коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары генерал Шухрат Гулямов өзү турганын айтты. Гулямов 2017-жылы өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилген.
Ахмед Алиев 2013-жылы уюшкан кылмыштуу топ түзгөн деп 20 жылга эркинен ажыратылган. Мындан эки жыл мурун БУУнун атайын баяндамачысы Алиев менен "Жаслык" колониясында жолукканда ал кыйноолор жөнүндө айтып берген.
Алиев "Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы менен жеке сүйлөшкөндө анда маалымат жыйында айткандарын далилдеген документтер бар экенин, аларды 2014-жылы эле өзбек бийлигине, асыресе Мирзиёевге өткөрүп бергенин айтты.
Айрым байкоочулар ишкердин сөзүнө таң калышкан жок. Эмне дегенде Алиев аны эл арасында "барса келбес" деген атка конуп, жаманатты болгон "Жаслык" түрмөсүнөн, аны азаптан куткарган Мирзиёевге өмүрүнүн аягына чейин ыраазы болот дешет.
Өткөн айда Ташкенттин облустук соту Алиевдин ишин кайра карап чыгып, аны сот залынан эркиндикке бошоткон болчу.