Панжшерде айыгышкан салгылашуу жүрүп жатат
Ооганстандын талибдерге каршы акыркы таянычы - Панжшер өрөөнүндө айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканы кабарланып, ар бир тарап жеңгенин билдиришүүдө. Ал арада АКШ армиясынын Биргелешкен штабдарынын кол башчысы Марк Миллей Ооганстан кеңири “жарандык согуш” коркунучуна кептелгенин эскертти.
“Талибан” кыймылынын басма сөз катчысы Билал Карими согушкерлер Панжшердеги жети райондун бешөөнү ээлеп алышканын билдирди. Өрөөн Кабулдан 100 чакырымдай алыс жайгашкан. Кариминин айтымында, согушкерлер Панжшердин борбору Базаракка жакындашууда.
Ал эми “Ооганстандын улуттук каршылык көргөзүү фронту” деп аталган оппозиция жоочуларды тузакка түшүрүп, бир нече райондо аларды сүрүп чыгарышканын маалымдады.
Аймакта кырдаал курчуп, талибдер телефон байланышын, интернетти, электр энергиясын үзүп салгандыктан, так маалымат алууга мүмкүн болбой жатат.
Өрөөндөгү ооруканада иш алып барган италиялык соопчулук уюму “Талибан” 25 чакырым ичкери орун алган Анабах айылына чейин кирип барышканын билдирди.
“Улуттук каршылык көргөзүү фронтунун” лидери, Ооганстандын мурдагы вице-президенти Амрулла Салех буга чейинки видеолордун биринде алар кыйын абалга туш болгонун, бирок туруштук берүүнү улантышарын билдирген.
“Биз оор абалган тушукканыбыз калетсиз. “Ал-Каиданын”, террорчулардын, талибдердин жана алардын пакистандык колдоочуларынын чабуулуна кабылдык, бирок өлкөбүздү коргоп жатабыз, каршылык көргөзүү уланууда”, – деп айткан Салех. Бул тууралуу жергиликтүү Tolo News телеканалы маалымдады.
Талибдер 15-августта Кабулду ээлеп алгандан бери фронттун каршылыгына туш болуп келатат. Ага оппозициянын Ахмад Масудга лоялдуу күчтөрү кирет. Масуд Панжшер “олуттуу каршылык көргөзүүнү улантат” деп "Фейсбукка" жазды.
Өрөөндөгү салгылашуулар жарандык согуш тутанышы мүмкүн деген кооптонууларга жем таштады.
Тараптар маселени тынч жол менен чечүүнү көздөп жолукканы менен, сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан жок.
АКШ армиясынын Биргелешкен штабдарынын кол башчысы Марк Миллей Ооганстан кеңири “жарандык согуш” коркунучуна кептелгенин эскертти.
"“Талибан” бийликти канчалык консолидациялап, башкаруусун орнотууга канчалык кудуреттүү болорун билбейм, - деди генерал Германиядагы америкалык базада сүйлөп жатып.
Миллей талибдер ага жетише албаса, “Ал Каида” жана “Ислам мамлекети” террордук уюму же башка экстремисттик топтор жакынкы үч жылда баш көтөрүшү ыктымал деп кошумчалады.
Ал тапта Кошмо Штаттар кеминде 50 миң ооганды кабыл алат деп күтүлгөнү кабарланды. АКШ Ички иштер министрлиги билдиргендей, программа терроризмге каршы согушта америкалык аскерлерге көмөктөшкөн оогандарды алып чыгууну көздөйт.
Он миңдеген ооган буга чейин АКШга алынып келип, коопсуздук текшерүүдөн кийин аскердик базаларга жайгаштырылды.
АКШга жер которууну көздөгөн оогандар атайын иммиграциялык виза алышкан же алганы жатышат.
"Биз бийликке келгенде 17 миңден ашуун адамга атайын визага кирүү уруксаты бериле элек экен. Программа иш жүзүндө токтоп калыптыр. Биз бийликти өткөрүп алгыча тогуз айдын ичинде Кабулда виза алам деген ошол адамдар менен бир дагы маек уюштурулбаптыр. Акыркысы былтыр мартта болуптур", - деп билдирди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 4-сентябрда.
АКШга кирүү үчүн андай уруксат америкалык же НАТОнун аскерлери менен иштешкен, талибдердин башкаруусунда мекенинде калуу кооптуу болуп эсептелген оогандарга берилет.