Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 01.09.2021

СССРдин кулашы. ГКЧП. Эгемендик

Azattyk.org 

Кыргызстан эгемендик алаардан мурда Советтер Союзунда тарых нугун өзгөрткөн ири окуялар болуп өткөн. Алардын башкысы – ГКЧП деп аталган төңкөрүш аракети. 1991-жылдын 19-августунда Москвада абал курчуп турган чакта Бишкек эмне окуяларды баштан кечирген? Ким кайсы жээкте эле? Сунушталып жаткан материалда ушул тарыхый күн жана андан кийин Кыргызстанга келген эгемендик тууралуу сөз болот.

Көрүүчүнү толкуткан кыргыз-казак айтышы

Azattyk.org 

Бишкекте эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган эл аралык кыргыз-казак айтышы өттү. Бул айтыш ошону менен катар “Айтыш” фондунун 20 жылдыгына, Жеңижок Көкө уулунун 160 жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналды. Айтыштын байге фонду 3 млн сомду түздү.

"Центерра" Кумтөрдө топтолгон суу боюнча коңгуроо какты

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоо үчүн партиялардын арыздарын кабыл алуу мөөнөтүнүн аякташына эки күн калды. Үч күндүн ичинде 15тей билдирме түштү. Канадалык «Центерра Голд» компаниясы Кумтөрдүн карьеринде топтолгон суунун көлөмү кооптуу абалга жеткенин эскертти. Кыргызстандын атынан кенди башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүк муну четке какты. АКШ президенти Жо Байден америкалык күчтөрдүн Ооганстандан чыгарылып кетиши боюнча билдирүү жасады. Талибдер өлкө толук эгемен болду деп майрамдашты.

Чек арадагы жаңжалда уурдалган автоунаа, мал-жандыктар кайтарыла элек

Azattyk.org 

28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда Тажикстан тарапка Лейлектен жети жүк ташуучу автоунаа, 36 жеңил автоунаа жана 509 бодо мал айдалып кеткен. Алардын бирөө да кайтарыла элек. Бул тууралуу райондун акими Алмазбек Рахманкулов "Азаттыкка" билдирди. "Үч жүк ташуучу унаа жаңжалга чейин кирген экен. Төртөөнү кийин айдап кирип кетишкен. Мен Гафуров районунун акими менен сүйлөшкөм. Жалпы 36 жеңил машине, бусиктер, "Портер" үлгүсүндөгү автоунаалар бар. Бүгүнкү күнгө чейин бирөөсү да чыкпады. Читать дальше...

Кумтөр карьериндеги абал: "Центерранын" кооптонуусу, бийликтин жообу

Azattyk.org 

Кумтөр боюнча кыргыз бийлиги менен соттошуп жаткан канадалык "Центерра" компаниясы алтын кендеги карьерде топтолгон суунун деңгээли көтөрүлүп жатканын, анын кесепетине кооптонуусун билдирди. "Центерранын тынчсыздануусу" Канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кумтөр кенинин карьеринде топтолгон суунун деңгээли көтөрүлгөнүн билдирип, бул ириде кендин өзү жана анда иштеген жумушчулар үчун "катастрофалык кесепетке алып келиши ыктымал" деген кооптонуусун жарыялады. Компания бул билдирүүсүн кыргыз өкмөтүнүн... Читать дальше...

Лукашенко Орусиядан курал-жарак аларын жарыялады

Azattyk.org 

Беларустун лидери Александр Лукашенко Орусия көп сандаган аскердик техника жана курал-жарак берерин жарыялады. Ал 1-сентябрда Бобруйск шаарында сүйлөп жатып Орусиядан жакында ондогон учак, абадан коргонуу системалары алып келинерин билдирди. Лукашенконун айтымында, курал-жарактардын арасында С-400 ракеталык системасы да болушу мүмкүн. Лукашенко аскердик техника кандай шарт менен берилерин тактаган жок. Ал ошондой эле 9-сентябрда Беларус менен Орусиянын интеграциясын талкуулоо үчүн орус президенти Владимир Путин менен жолугарын ырастады. Читать дальше...

Мигранттардын балдарын мектепке берүүдөгү көйгөй

Azattyk.org 

Орусияда улутуна же тегине карабай бардык балдардын билим алуусуна Конституция кепилдик берет. Бирок иш жүзүндө мигрант же качкындардын балдарын окуу жайга кабыл алууда түрдүү тоскоолдуктар бар. Мисалы, туруктуу каттоосу жок болсо же орус тилин билбесе, мектепке кабыл албай да коюшат.



Пакистандыктарга "түшүндүрүү иши" талкууга түштү

Azattyk.org 

Милиция Кыргызстанда жүргөн пакистандыктардын арасында түшүндүрүү иштерин баштады. Жарандык активисттер муну өлкөнүн беделин түшүрүү катары да бааласа, Мамлекеттик органдар коопсуздук максатындагы чара экенин билдирүүдө. Профилактика өткөрүү милдети Ички иштер министрлигинин Экстремизге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматына жүктөлдү. Соңку күндөрү Кыргызстанда обсервациядан өтүп жатканы айтылган пакистандыктар көбөйгөн. Милициянын "сыпайы" профилактикасы Пакистандан келип, Бишкекте... Читать дальше...

БШК: Дагы үч партия шайлоого катышуу ниетин билдирди

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип дагы үч партия Борбордук шайлоо комиссиясына билдирме тапшырды. Алар "Актив", "Бийлик элге" жана "Акыйкат Кыргызстан" саясий партиялары. БШКнын маалыматына караганда, шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны ушул убакытка карата 13кө жетти. Буга чейин "Социал-демократтар", "Улуттар биримдиги", "Ишеним", "Альянс", "Кыргызстандын жашылдар партиясы", "Жаратман Эл", "Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия", "Ата Мекен", "Ыйман Нуру", "Эл... Читать дальше...

“Реформалар жана жыйынтык үчүн”: Милициянын психологиялык абалына көңүл буруу зарыл

Azattyk.org 

Отузга жакын уюмдан турган “Реформалар жана жыйынтык үчүн” деп аталган жарандык бирикме милиция кызматкерлеринин психологиялык абалына көңүл бурууга чакырды. Айдоочунун өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу 1-сентябрда жарыялаган билдирүүсүндө уюм Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана өлкө жетекчилигинин назарын укук тартибин коргоо органдарындагы системалык проблемаларга жана патрулдук милиция түзүү боюнча пилоттук долбоор аягына чыкпай жатканына бурду. Маселени чечүү жолдорунун бири катары... Читать дальше...

Абактагы беларус блогери Рим папасынан жардам сурады

Azattyk.org 

Беларуста абакта отурган блогер Игорь Лосик Рим папасы Францискке кат жолдоду. Анда бир жылдан бери тергөө абагында кармалып турган блогер понтификтен Александр Лукашенконун режиминин репрессиясынын курмандыгы болгон миңдеген беларустарга колдоо көрсөтүүнү суранган. Лосиктин катынын үзүндүлөрүн “Эркин Европа/Азаттык” радиосу жарыялады. Гомелдеги тергөө абагында турган Игорь Лосик католик чиркөөсүнүн башчысынан жүздөгөн үй-бүлөлөргө кайгы алып келген коркунучтуу адамдарды токтотууну суранган. ... Читать дальше...

Ооганстандан чыгууну каалаган жарандар чек араларга топтолууда

Azattyk.org 

Ооганстандан АКШнын аскерлери толугу менен чыгарылган соң миңдеген жергиликтүү жарандар өлкөдөн чыгып кетүү үчүн чек араларга топтолууда. 1-сентябрда Пакистандын бийлик өкүлдөрү Ооганстан менен чектешкен Торкхам өткөрмө бекетинде чек аранын ачылышын күтүп, көп сандагы адам турганын  билдирди. Дагы көп киши Иран менен чек арада топтолуп турганын күбөлөр билдиришти. Ооганстанда 15-августта “Талибан” кыймылы Кабулду ээлеген соң АКШ жана өнөктөштөрү 123 миңден ашык адамды өлкөдөн чыгарды. Бирок талибдерден... Читать дальше...

Активист Мелис Аспековдун жүрөгүнө операция жасалды

Azattyk.org 

Тергөө абагында жаткан активист Мелис Аспековдун жүрөгүнө операция жасалды. Бул маалыматты 1-сентябрда Бишкектеги "Бикард" менчик клиникасынын башкы директору Турдали Заиров "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, Аспековго операция төрт күн мурда жасалган. Азыр жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. "Негизи операциядан кийин он күндүн ичинде жакшы болуп калышы керек. Азыр палатага чыкты, өзү басып жүрөт. Абалына карап анан кийинки чечим кабыл алынат", - деди Заиров.  №1 тергөө абагында отурган... Читать дальше...

"Эл үмүтү" социалдык саясий партиясы парламенттик шайлоого катышат

Azattyk.org 

"Эл үмүтү" социалдык саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу 1-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Асылкүл Сасыбаеваны, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Тамара Кененсариеваны дайындаган. Бүгүн, 1-сентябрда БШК парламенттик шайлоого катышуу тууралуу билдирме “Ата Мекен” жана "Ыйман Нуру" саясий партияларынан да келип түшкөнүн маалымдаган. Читать дальше...

Москвада Дөөлөт Сыдыковдун “Манас” айтуусу уланууда

Azattyk.org 

Москвада бул күндөрү манасчы Дөөлөт Сыдыковдун “Манас” айтуусу уланууда. Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата беш күн, беш түн жүрөрү  айтылган иш-чара 31-августта башталган. Бүгүн 1-сентябрда 20 саат өткөндөн кийин бир аз тыныгуу болду. Манасчынын жубайы, режиссёр Ырыс Окенова бул иш-чара Москвадагы кыргыз диаспорасынын жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен өтүп жатканын билдирген. Сыдыков бул жолу да Гиннестин рекоррддор китебине катталууга аракет кылып жатат. Читать дальше...

Тажикстандан мыйзамсыз жүк ташыгандарды токтотуу үчүн асманга ок атылды

Azattyk.org 

Кыргызстандык чек арачылар Баткенде кыргыз-тажик чек арасы аркылуу контрабандалык жүк ташыган топту колго түшүрүү үчүн ок чыгарууга мажбур болду. Бул тууралуу Чек ара кызматы 1-сентябрда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Сажира Чоколоеванын айтымында, окуя бүгүн Баткен районунун Дахана жергесинде болду. Hyundai Porter машинасы менен тажик тараптан мыйзамсыз жүк ташып келе жаткан үч кыргызстандык кармалды: “Чек арачыларды көргөндө алар жашынып калууга аракет кылган. Чек арачылар асманга... Читать дальше...

ИИМ ондогон адамды тыңшаганын моюнга алды

Azattyk.org 

Кыргызстандын милициясы октябрь окуяларын тергеп-иликтөөнүн алкагында ондогон адамдын телефону бир ай бою тыңшалганын ырастады. Бир катар жарандык активисттер бул мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн айтып, ички иштер министри, башкы прокурор өңдүү кызмат адамдарынын жоопко тартылышын талап кылып жатышат.  Тыңшоо ушул жылдын башында, президенттик шайлоо маалында жүргөнү, тизмеде Садыр Жапаровдон башка мамлекет башчылыкка талапкерлер бар экени дагы суроо жаратты. Милиция октябрь окуяларын териштирип-тергөөнүн... Читать дальше...

Иран Сауд Арабия менен сүйлөшүүлөрдү улантат

Azattyk.org 

Иран жаңы өкмөт кураган соң Сауд Арабия менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрөт. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыкты. Ирандын Ирактагы элчиси Ирада Масжиди “Биз буга чейин Сауд Арабия менен үч жолу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнбүз, төртүнчүсү Ирандын жаңы өкмөтү түзүлгөн соң өтөт”, - деп билдирди. Исламдын шийи багытын карманган Иран менен сунни багытын тутунган Сауд Арабиясы Жакынкы Чыгыштагы таасир талашып жаатташкан өлкөлөр. Ислам динин карманган эки өлкөнүн дипломатиялык... Читать дальше...

Райондук сот активисттерди тыңшоо тууралуу дооматтарга жооп берди

Azattyk.org 

Айрым жарандык активисттердин телефондору тыңшалганы жана бул боюнча айтылган дооматтарга Бишкектин Биринчи май райондук соту жооп берди. Мекеме тараткан билдирүүгө караганда, судья тыңшоо боюнча мыйзамга ылайык чечим чыгарган. "Судья мыйзамдуу жана объективдүү чечим кабыл алган. 2020-жылдын октябрындагы башаламандыкка байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мекемелер аралык тергөө тобунун башчысы атайын тергөө амалдарын жүргүзүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган. Өтүнүчтү кароо учурунда мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчилери... Читать дальше...

Өзбек президенти Ташкентте ири курулуштар курулбай турганын жарыялады

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев баш калаа Ташкентте ири курулуштарды куруудан баш тартканын жарыялады. Ал Ташкент облусундагы “Жаңы Өзбекстан” деген сейил бактын ачылышында сүйлөп жатып “Жаңы Ташкент” деген долбоор тууралуу айтты. “Силердин көпчүлүгүңөр "эмне бул Ташкенттен алыс?" деп сурап жатсаңар керек. Биз мындан ары Ташкентте курулуш курбайбыз, аны жашыл зонага айлантабыз”, - деди өзбек президенти. Мирзиёев акыркы жылдары Ташкентте көптөгөн ири курулуш долбоорлору ишке ашырылганын... Читать дальше...

Жапаров Бишкекте ЖККУнун Баш катчысы Зась менен жолукту

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Станислав Зась менен жолугушту. Анда Зась 15-16-сентябрь күндөрү Дүйшөмбүдө өтө турган Уюмдун жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдыктар жана ЖККУ алкагындагы аймактардагы коопсуздук тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды. Мындан сырткары баш катчы Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен жолугушту. Читать дальше...

"СССРдин акыркы башкармасы катары колхозду таркаттым"

Azattyk.org 

Кенжалы Арыкбаев - СССРдин эң акыркы башкармаларынын бири. Ал Талас облусундагы "Үрмарал" колхозун башкарып турганда Кыргызстан көз карандысыз мамлекет катары жарыяланган. Мурдагы башкарма эгемендиктин алгачкы жылдары, колхоз-совхоздордун таратылышы тууралуу маек курду. 70 жаштагы Кенжалы Арыкбаев азыр Бакай-Ата районунун Таш-Кудук айылында жашайт. - Михаил Горбачев СССРдин акыркы баш катчысы болуп калды. Сиз болсо “Үрмарал” деген колхоздун акыркы башкармасы экенсиз. Мындайча айтканда, сизди "СССРдин... Читать дальше...

Британ өкмөтү "Талибан" менен түз сүйлөшүүлөрдү өткөрөт

Azattyk.org 

Улуу Британия Ооганстанда калган жарандарын жана өнөктөшөрүн чыгарып кетүүгө “коопсуз коридор” түзүү үчүн талибдер менен түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Премьер-министр Борис Жонсондун Ооганстан боюнча өкүлү Саймон Гасс Катарга “Талибандын” өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн жөнөп кетти. Ал британ жарандарын жана алар менен иштеген оогандыктарды чыгаруу үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. “Талибандын” көпчүлүк лидерлери АКШ баштаган антитеррордук коалиция Ооганстанда турган учурда Катарда жашап жүрүшкөн. Буга... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *