Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

20 жыл мурдагы канабайрам: өзгөрүлгөн дүйнө

0
20 жыл мурдагы канабайрам: өзгөрүлгөн дүйнө

Жанкечтилер төрт жүргүнчү учакты ээлеп алып, Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунарасына, Пентагон имаратына, Пенсильваниянын талаасында 2001-жылдын 11-сентябрдагы жардырууларынан үч миң киши набыт болгон. Шумдуктуу террордук канабайрамдан кийин дүйнө өзгөрдү, бирок баары эмес.

2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдар үч миң адамдын өмүрүн алды, канабайрам эмне кылар айласын таппай турган дүйнөнүн көз алдында өттү. Учакты ээлеп алгандар жүргүнчүлөрү менен Нью-Йорктогу эгиз мунарага, Вашингтон четиндеги Пентагон деген ат менен белгилүү коргоо министрлигинин имаратына, анан Пенсильвания талаасын бет алышкан. Азаттык америка жеринде жасалган эң ири канабайрам дүйнөнү кантип өзгөрткөнүн талдоого алат: абамайдандарында коопсуздук чараларынын күчөшүн, маалыматтарды жайылтуу усулунун татаалдашын, террор коркунучтары дагыле жоголбой жатышын айтып, ага улай Ооганстандагы жагдайга токтолобуз.

 

 

«УРУШ БҮТТҮ»

«Аль-Каида» терррорчул тобунун 19 жанкечтиси 11-сентябрда төрт учакты басып алышкан. Жанкечтилер тобунун негиздөөчүсү Усама Бин Ладен ал кезде Ооганстандагы талибдер бийлигинен колдоо таап, ошол жерде турган. Талибдер бийликке 1996-жылы келишкен. Ал кезде Кабул бин Ладенди бербей койгон, Кошмо Штаттар уруш баштап, талиб өкмөтүн кулатып, ооган элине демократияны колдоого, бул өлкөдөн мындан ары террордук коркунучтар чыгышына жол бербешин убада кылышкан.

Арадан 20 жыл өткөндөн кийин, 2021-жылдын 30-августунда Кошмо Штаттар аскерлерин Ооганстандан толугу менен чыгарып кетти. Президент Жо Байден «Ооганстанда уруш бүттү» деп жамы дүйнөгө жарыя кылгандан аз өтпөй талибдер өлкөнү толук ээлөөгө жетишти.

BBC маалыматына караганда, 2001-жылдан тарта талибдерге каршы урушта АКШ баштаган коалициянын 3500 аскери курман болгон, анын 2300ү америкалыктар. Дагы 20 660 аскер жараат алышкан.

А бирок бул сандар оогандык жөн-жай адамдар менен коопсуздук күчтөр арасындагы курмандыктар алдында шоона эшпей калат. Кызматын таштап өлкөдөн чыгып кеткен ооган президенти Ашраф Гани 2019-жылы беш жыл ичинде Ооганстандын 45 миң күч кызматкерлери курман болгонун билдирген.

Браун университетинин 2019-жылкы изилдөөсүндө 2001-жылдан тарта уруш маалында ооган аскерлери менен полицейлеринин курман болгондорунун саны 64 100 адамдан ашкан.

Урушка сарпталган каражаттардын санына келсек, АКШ Ооганстан менен ал жердеги согушка канча акча короткону белгисиз. Жакында Байден Ооганстандагы согушка эки триллион доллар коротулганын билдирди. Кыязы, бул акча Браун университетинин башка бир изилдөөсүндө келтирилген маалыматтарга негизделген окшойт, анда урушка жумшалчу чыгымдарга деп бөлүнгөн акчанын үстөгү кошо эсептелген болуу керек, мунун ичинде согуш ардагерлерин багууга кетчү чыгымдар да болушу мүмкүн.

ТЕРРОР КОРКУНУЧУ

«Аль-Каида» 2001-жылга салыштырмалуу ушу тапта кыйла алсыз, дагы бир эсктремисттик топ «Исламмамлекети» (ИМ) — баштагы кубатынан тайып калган, бу жанкечтилер жаңы чыкканда 2014-жылы Сирия менен Ирактын кыйла жерин опоңой эле басып алган. Кошмо Штаттар кийин 11-сентябрдагы террордук чабуулга туш келгендегидей үлкөн канабайрамга кабылбады. New America аналитикалык борборунун маалыматы боюнча, 2001-жылдан тарта жихадчылардын кол салуусунан АКШнын ичинде 107 америкалык курман болгон, анын жарымы 2016-жылы Флорида штатынын Орландо шаарындагы Pulse түнкү клубуна кол салуунун курмандыктары, канабайрамды Ислам мамлекети жанкечтилер тобуна ант берген Омар Матин жасаган.

Европада террорчулардын курмандыктары саны арбын. 2015-жылы жанкечти-террорчулар менен ИМ жоочуларынын биргелешкен кол салууларынан Парижде 130 адам курман болгон. Европада Кошмо Штаттарга салыштырмалуу курал тууралуу мыйзам талаптары катаал, бул жерде сайып-кескилеп кеткен учурлар байма-бай катталат, жеке кол салуулар да көп.

2016-жылдан тарта жалгыз-жарымдап кол салуулар Европа менен Америкада кыйла азайганын Foreign Affairs журналындагы макаласында Дэниел Байман жазды. Анын ырасташынча, бул өзүн Ислам мамлекети деп атап алган террордук уюмдун күч-кубатынын кетишине байланыштуу.

Анткен менен башка жерлерде, айталы, Африкада, Жакынкы Чыгышта, ошондой эле Түштүк Азияда «жихадчылар тобу 11-сентябрдагыдан кыйла активдүү болушту» деп белгилейт журналист.

«Тактап айтканда, "Аль-Каида" Ооганстанда, Алжирде, Бангладеште, Мисирде (Египет), Индияда, Иранда, Ливияда, Малиде, Пакистанда, Сауд Арабияда, Сомалиде, Сирияда, Тунисте, Түркияда, Йеменде. [Ислам мамлекети] бул өлкөлөрдүн көбүндө бар, ошондой эле Камерун, Чад, Ирак, Мозамбик, Нигерия менен Орусияда бар. Аты аталган өлкөлөрдүн кыйласында жарандык уруш токтоло элек, кан майданда урушуп аткандардын кыйласы жихадчылар тобунан келгендер. Калабалуу кагылыштарда жүз миңдеген адамдар набыт болушту», — деп жазат Байман.

АМЕРИКАЛЫК МАМИЛЕ

Pew Research Center сурамжылоосу боюнча, 11-сентябрдагы теракттардан 20 жыл өткөндөн кийин террорчулукту олуттуу улуттук проблема катары караган америкалыктарын саны кескин азайган. Изилдөөнүн жыйынтыгы ушу тапта америкалыктарды жанкечтиликке караганда экономика, COVID-19 апааты менен расизм көбүрөөк ойлонторун көрсөткөн. Изилдөөдө АКШ аскерлерин чыгарып, Ооганстанды талибдер басып алганга чейин, улуу адамдардын көбү (35 пайызы) олуттуу улуттук проблема деп эл аралык террорчулукка караганда ички террорчулукту эсептешкен.

Көпчүлүк саламаттык сактоо кызматынын жетимдүүлүгүн (56 пайыз), башкалары болсо федералдык бюджет таңкыстыгын (49 пайыз) өлкөнүн олуттуу проблемасы болуп калганын белгилешкен. USA Today менен Саффолк университетинин сурамжылоосу жооп бергендердин көбү 2001-жылкы террордук чабуулдарга караганда коронавирус апааты кыйла коркунучтуу экенин көрсөтүшкөн. Анткен менен, буга чейинки сурамжылоо жыйынтыктарынан кыйла көп адам, сурамжылоого катышкандардын 60 пайызы 11-сентябрь америкалыктардын турмушун таптакыр башкача өзгөрткөнүн ырасташкан.

АКЫЙКАТТЫК ИЗДӨӨ

«Аль-Каиданын» негиздөөчүсү Усама бин Ладендин АКШ деңиз жөө аскерлери тарабынан Пакистандын Абботабад шаарында жок кылынганынан бери 10 жыл өткөнүнө карабай, терррордук чабуулдарды уюштургандарга көмөк көрсөткөн, жардам кылгандардын бирөө да жазага тартылган жок, жалгыз бир адам — Закариас Муссауи — айыбын моюнуна алып, ушу тапта өмүр бою түрмөгө кесилген. 

11-сентябрдагы теракттарды уюштуруучулардын бири катары шектелген Халид Шейх Мухаммеддин соту COVID-19 апаатынан улам буга чейинки бир нече ирет артка жылдыруулардан кийин кайрадан улантылганы туру.

АКШнын юстиция министрлиги жакында Федералдык иликтөө бюросу террордук кол салууларды иликтөө бөлүгүн аягына чыкканын, ушу тапта мурда эле жашырынга чыгарылган документтерди изилдеп жатканын билдирди. 3-сентябрда Байден 11-сентябрга байланышкан айрым жашырын документтерди ачыкка чыгаруу боюнча буйрукка кол койгон. Бул иштер курмандыктардын үй-бүлөсүнүн Сауд Арабиянын бийликтери учакты уурдагандарга жардам кылды беле суроосун билгиси келгенинен улам чыгууда.

Бул иш боюнча иштеген Федералдык иликтөө бюросунун мурдагы агенти Дэнни Гонсалес, CBS News телеканалына берген маегинде учак уурдоочулардын экөөнүн артында АКШнын колдоо тармагы турганына толук ишенерин билдирген. «19 учак ууру өздөрү эле үч миң кишини келе калып өлтүрө алышпайт»,- дейт Гонсалес иликтөө боюнча берген биринчи телемаегинде.

11-сентябрдагы теракт курмандыктарынын үй-бүлөлөрү Сауд Арабиясын сотко беришкен. Сауддар расмий бийлик тарабынан буга тиешеси жоктугун айтып келишет, 11-сентябрдагы теракттар боюнча комиссиянын отчетунда да бул өлкөнүн байланышы жоктугу ырасталган. 19 учак уурадагандарын 15 сауддар, жанкечтилер башчысы бин Ладен да ушул өлкөдөн.

ЖАҢЫЛЫКТАРДЫ КАНТИП АЛАБЫЗ

2001-жылдын 11-сентябрында биринчи учак Дүйнөлүк соода борборуна сайылгандан кийин адамдардын аңдыганы телекөрсөтүү менен радиоуктуруу болуп калды, баары чабуулдар тууралуу жаңылыктарды уккусу, көргүсү келишкен. Азыр жалпыга маалымдоо каражаттарынын ушул эки булагы экинчи планга жылдырылып калды, алардын ордун башка маалымдоо каражаттары менен платформалар ээлеген. Жаңылыктар азыр веб-сайттар, соцтармактар, чөнтөк телефон аркылуу чалуулар же текст аркылуу тез тарайт.

«Ал кезде социалдык тармактардын платформасы кенен-кесир жайыла элек болчу, андайда твит деген эмне экени кимдин капарына келсин, элдин көбүнүн ишенгени үйдөгү телефон кызматы эле», -деп жазышты Вашингтондогу Брукингс институнан Даррелл М. Уэст менен Никол Тернер Ли.

Мунун экинчи жагы кандай? Ушул эле авторлордун ырасташынча, жайнаган платформалардын катарында калптар, жалган жаңылыктар жүрөт:

«11-сентябрдагы террордук чабуулдар боюнча учурдагы социалдык тармактар стили кандай зыян алып келерин элестетип көргүлө. Окуя иликтенип тактала электе эмне болгону, ким күнөөлүү экени тууралуу толгон-токой божомол-жоромолдор жайнап чыкмак. Кийинки окуялардан улам толтура шектүүлөр чыгышы мүмкүн эле: чет элдик террорчулар, ички агенттер, саясий оппоненттер, иммигранттар же расалык, болбосо диний, этникалык азчылык аталмак».

АБА МАЙДАН КООПСУЗДУГУ

Курду, бут кийимди чечтирип, акча салчу намыянды, чөнтөктү, баштыкты аңтаруу— мунун баары 11-сентябрдан кийинки коопсуздук эрежелеринин жаңы нормасынын айныксыз бөлүгү болуп калды. Коркунучтуу курал катары пайдаланууга жарай турган, мисалы, кайчыны төрт коммерциялык рейске чыгып аткан жанкечтилер тыюу салынганына карабай текшерүүдөн алып өтүшкөн. 2001-жылдын декабрында Парижден Майамиге учкан Ричард Рид батинкесинин таманына каткан жардыруучу зат менен учакты жардыруу аракетинен кийин текшерип өткөрүү пункттарында бут кийимди чечтирип өткөрө башташты. Башка эрежелер айрым жүргүнчүлөрдү таң калтырышы мүмкүн, мисалы, суюктук алып өтүүгө чектөө, себеп дегенде айрым суюктуктардан бомба жасоого болот. Жаңы эрежелер өткөрүү пункттарында узун кезектерди пайда кылды, аба майданга учар мезгилден кыйла эрте келүү зарылдыгын чыгарды.

11-сентябрдан кийин учакты уурдоолордун саны АКШнын ичинде жана тышында аба майдандарындагы күчөтүлгөн коопсуздук чараларынан кийин жокко чыгарылды десек болот, антсе да адам өлүмүнө алып келген айрым окуялар болду. 2015-жылы орусиялык авиалайнер Мисирдин Шарм-эль-Шейх шаарынан учуп чыккандан кийин кулап түшкөн. Америкалык жана британиялык расмий өкүлдөр учактын кыйрашына ичиндеги бомбанын жарылуусу себеп болгон деген шегин айтып келатышат. Анткен менен бул кырсык сейрек кездешчү окуялардан.

Эскерүү

11-сентябрдагы каргашанын курмандыктары жыл сайын АКШнын өзүндө жана дүйнөдө эскерилип келет. Быйыл Нью-Йорктогу эскерүү иш-чарасына Кошмо Штаттардын азыркы президенти Жо Байден жана мурдагы президенттери катышты.

Кандуу калаба болгон жерге терракт курмандыктарынын жакындары, туугандары чогулушту. Алардын бир катары маркумдардын сүрөттөрүн көтөрүп турушту.

 

Тони Весоловски, РСЕ/РС казак кызматы

Кыргызчага Бекташ Шамшиев которду.







Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки

В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков


С чем носить юбку этим летом: примеры стильных образов

CЛД «Печора» филиала «Северный» ООО «ЛокоТех-Сервис» получило сертификацию для технического обслуживания локомотивов серии 2ТЭ25КМ в объёме ТО-2.

Создайте стильный образ из самых простых вещей в гардеробе

Какие украшения будут в моде летом 2024 – подборка стилиста «585*ЗОЛОТОЙ»


Watch awkward moment baffled French Open teen is ‘teleported’ into Eurosport studio for live TV interview

Walmart adds employee bonus for hourly US workers

LeelooDolls: Revolutionizing the Sex Doll Industry

Andy Murray cracks brutal joke as Brit star’s Wimbledon preparations are disrupted by bizarre injury 


Мобилизованного свердловчанина приговорили к 23 годам "строгача" за подрыв гранаты в казарме

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг

Создан новый метод предсказания деменции с точностью до 80%

Сотрудники военных следственных органов Следственного комитета России по всей стране оказывают помощь подшефным детским учреждениям


Показ геймплея тактики SteamWorld Heist II

I tried to recreate Marvel's Iron Man in this movie studio sim, and my version was so bad my own father stormed out of the theater

Мафия-НН: Все в сборе, правила с тревогой выслушаны, роли прочитаны, и сразу же в бой!

Concord is skipping free-to-play and pulling a Helldivers 2 instead: $40 for the full game with all 16 heroes at launch



Юлия Пересильд, московский Театр на Таганке, ММОМА – участники 3-его фестиваля «Территория. Красноярск» раскрывают грани современного искусства

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.

«Солнечная Азбука» в особом семейном центре «Семь-Я»

Трихолог, ведущий специалист многофункциональный клиники KindCare в Дубае Кристина Евдошенко: что такое андрогенная алопеция и как ее лечить


Шелест победил Ерназарулы в бою новой суперсерии «Бойцовского клуба РЕН ТВ»

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.


Владивостокское «Динамо» стало лидером после победы над «Арсеналом-2»

Выездной прием администрации прошел в Новых Химках

Футбольная сборная России забила Белоруссии 4 безответных мяча

ЕС не тех боялся: у "добренького" гегемона оказался ужасный план


Теннисист Джокович побил рекорд Федерера по победам на турнирах "Большого шлема"

Янник Синнер высказался о первом месте в рейтинге ATP и травме Новака Джоковича

Джокович снялся с Открытого чемпионата Франции по теннису

Экс-теннисист Ольховский: российские теннисисты выступили ниже ожиданий


Выездной прием администрации прошел в Новых Химках

Экономист Клешко дал советы, как выбрать наиболее подходящий кредит

Футбольная сборная России забила Белоруссии 4 безответных мяча

Подозреваемый в убийстве зампреда «Зова народа» жил в бараке с матерью


Музыкальные новости

Концерт «Пой, танцуй!» состоится 19 июня в Новокосино

По Красноярску расклеили фейковые листовки VK Fest с Бастой — QR-код ведёт на сайт мошенников

Оркестр штаба Тихоокеанского флота выступил в столице БАМа

На организацию зоны активности для гостей на концерте артиста Басты выделят 1,7 млн рублей


Юлия Пересильд, московский Театр на Таганке, ММОМА – участники 3-его фестиваля «Территория. Красноярск» раскрывают грани современного искусства

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.

«Солнечная Азбука» в особом семейном центре «Семь-Я»

Трихолог, ведущий специалист многофункциональный клиники KindCare в Дубае Кристина Евдошенко: что такое андрогенная алопеция и как ее лечить


Медиа съезжают последними // «Газпром» завершает перевод структур из Москвы в Санкт-Петербург

Сменившая образ Ивлеева появилась на презентации своего азиатского ресторана

Клиники «Будь Здоров» — в лидерах рейтинга лучших клиник 2ГИС

Евгений Миронов, Ирина Пегова, Кристина Асмус, Илья Авербух, Елизавета Арзамасова и другие звезды не фестивале «НЕБО»


Два человека пострадали в ДТП с автозаком в Москве

Расписание движения поездов на МЦД-2 изменится 10 и 11 июня

Названа дата запуска в эксплуатацию платной трассы М-11 Москва – Петербург

Сотрудники Росгвардии пришли на помощь попавшей в ДТП несовершеннолетней девочке в Йошкар-Оле


Песков счёл ошибкой думать, что в отношениях Москвы и Анкары наметились проблемы

Профессор Кошкин: Запад в шоке от военных кораблей России в Карибском море

Путин: Москва оставляет за собой право поставок вооружения партнерам

Орбан посоветовал "не дергать русских за усы"




В Швейцарии завершился чемпионат Европы по спортивной и фитнес-аэробике

Трихолог, ведущий специалист многофункциональный клиники KindCare в Дубае Кристина Евдошенко: что такое андрогенная алопеция и как ее лечить

Клиники «Будь Здоров» — в лидерах рейтинга лучших клиник 2ГИС

Уникальный интерактивный проект Ставропольской психиатрической больницы на выставке-форуме «Россия»


AFP: Байден объявил о выделении Киеву помощи на 225 млн долларов


«Столото» подписал соглашение в развитие стратегической поддержки комплекса ГТО и многоборья ГТО

Поражения Шубенкова и Савлукова, осечка Кнороз и двойной триумф Макаренко: чем запомнился «Мемориал Знаменских»

Медийный баскетбол, киберспорт и турнир ММА: Константин Пухов рассказал о мероприятиях Международного центра бокса (Наташа)

Академия Плющенко требует почти два миллиона со сбежавшей от них юной спортсменки



Собянин: Завод по производству препаратов из плазмы крови человека появится в РФ

Собянин: Москва — мировой лидер по динамике развития транспортной инфраструктуры

Мэр Москвы и глава Башкортостана подписали соглашение в рамках ПМЭФ

Собянин: Московский городской транспорт на 100 процентов отечественный


Красноярский музыкальный театр представил проект театральной экосистемы будущего

На природных территориях Москвы расцветет множество краснокнижных растений

Лесничие и студенты Можайска провели субботник у истока Москвы-реки

Акция «Чистый лес» состоялась в округе Шатура


Владивостокское «Динамо» стало лидером после победы над «Арсеналом-2»

Более 10 тыс. человек со всей России поучаствуют в форуме "Больше, чем бизнес"

Экономист Клешко дал советы, как выбрать наиболее подходящий кредит

Набиуллина: Банк России может «существенно» ...


Архангельск стал базовой площадкой для проведения окружного спортивного форума

Терминал сбора данных (ТСД) промышленного класса SAOTRON RT42G

Торговые настольные электронные весы CAS PR-15P

Минфин Архангельской области оценил муниципалитеты по уровню качества организации и осуществления бюджетного процесса


Литературно-краеведческий коллаж «Мир добрых сказок и стихотворений – все это Пушкин, наш великий гений!»

Глава Росавиации: возобновление работы закрытых с начала СВО аэропортов пока не ожидается

Глава Росавиации рассказал о перспективах открытия аэропорта Краснодара

Литературно-краеведческая программа «Не может быть Родина малой, с такою великой душой!»


Защитный контекст: компании РФ стали активнее нанимать кибербезопасников

«Война идет на наших границах, затрагивая туризм» // Министр экономического развития Египта — о Палестине, БРИКС и антироссийских санкциях

Производители кроссовок New Balance и Under Armour подали около 1000 исков к российским продавцам

Театральная перестановка // Какими будут последствия кадровых решений в отношении худруков














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *