Кумтөр: Centerra Gold менен кыргыз бийлиги мунаса тапты
Кыргызстан канадалык Centerra Gold компаниясы менен өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча келишимге кол койгону жатат. Социалдык кызматкерлердин республикалык жыйынында сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров "эч кандай соттошуусу жок ажырашып жатабыз" деп билдирди.
"Тынч, эч кандай соттошуусу жок ажырашып жатабыз. Биздин пайдабызга чечилип жатат. Кумтөр жана андан башка 30дан ашуун алтын кен чыккан бош жаткан жерлерибиз бар. Бардыгын мамлекеттин менчиги катары өзүбүз иштетебиз деп, "Көчмөндөр мурасы" аттуу холдинг түзгөнбүз, ошол кендердин бардыгын өзүбүз ачабыз. Кумтөр сыяктуу алтын кендерди өзүбүз иштеткен үчүн, ишенген үчүн айлык акыларды көтөрүп жатабыз", - деди Жапаров.
Президенттин басма сөз кызматы "бүгүн кечинде президент түз эфирде өлкө элине маанилүү кайрылуу жасайт" деп жарыялады.
"Центерра Голд" койгон шарттар
Кыргыз бийлиги менен канадалык компаниянын сүйлөшүүлөрү тууралуу маалыматтар ачык айтылбай келет. "Центерра Голд" 3-январда өз сайтына жарыялаган расмий билдирүүсүндө, Кыргызстандын өкмөтү былтыртан бери (2021-жылы) көзөмөлдөп турган алтын кен боюнча талашты чечүү үчүн сүйлөшүүлөр уланып жатканын маалымдаган. Алар мунасага келүү шарттарын атаган:
"Центерра Голд” компаниясындагы “Кыргызалтын” ишканасы ээлик кылган (Кыргыз Республикасынын атынан) 26,1% акцияны “Центерра” алат. Өткөрүп алгандан кийин "Центерра" компаниясы акцияны жокко чыгарат.
Кыргызстан “Центерранын” өлкөдөгү эки туунду ишканасы жана Кумтөр кени үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.
“Центерра” 2021-жылы кенди камакка алуудан улам “Кыргызалтын” ишканасы албай калган дивиденддин үч суммасына тең келген акча каражатын жана башка каржылык чыгымдарды төлөп берет.
“Кыргызалтындын” эки талапкери "Центерра" компаниясынын Директорлор кеңешинин курамынан толук кетет.
Эки тарап тең бардык юрисдикциялардагы соттук талаштардан жана өз ара доолорунан жоопкерчиликти артпаган абалда толук жана биротоло баш тартуусу керек.
“Центерра” ушул шарттар аткарылбаса, анда сүйлөшүүлөр толук жыйынтыкталып, чекит коюлушуна кепилдик жоктугун белгилеген. Эгер чечим кабыл алынса, ал бардык юридикалык жана нормативдик талаптарды аткаруу менен ишке ашышы керектигин кошумчалаган эле.
Тараптар сүйлөшүүлөр тууралуу кеңири маалымат берген эмес.
“Центерра Голд” менен кыргыз бийлигинин сүйлөшүүлөрү
Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү былтыр, 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Буга компания экологияга эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн. “Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигине каршы Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.
Тараптар былтыр сентябрь айында Швейцариянын Женева шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Сүйлөшүүнүн экинчи раунду декабрь айынын акыркы жумаларында видеоконференция форматында уюштурулган.
3-январда “Центерра Голд” кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялаган. Анда "Центерра Голддогу” Кыргызстанга таандык 26,1% акцияны канадалык инвесторлорго өткөрүп берүү жана соттук териштирүүлөрдү токтотуу сыяктуу жогоруда айтылган шарттар жазылган.
Президент Садыр Жапаров Кумтөр боюнча юридикалык докуметтерге кол коюу жараяны жүрүп жатканын "Вечерний Бишкек" басылмасына 17-январда курган маегинде билдирген.
2021-жылдын декабрь айында Садыр Жапаров кыргызстандыктар Кумтөрдүн үзүрүн 2022-жылы көрөрүн, алтын кен 100% Кыргызстандын колунда экенин, кол коюу процедуралары гана калганын билдирген.
Ушул жылдын 9-мартында Министрлер кабинети сунуштаган "Центерра Голд" менен келишимдин шарттары боюнча долбоор Жогорку Кеңеште жабык каралды. Долбоор колдоо тапканы айтылып, бирок анда кандай маселе камтылганы белгисиз бойдон калган. Өкмөт да, парламент өкүлдөрү дагы эч кандай расмий комментарий берген эмес.
25-мартта Министрлер кабинети “канадалык Centerra Gold компаниясы менен кыргыз тараптын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” токтом чыгарды. Документте эки тараптын келишиминин мазмуну бекитилип, өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кол коюу укугу берилген.
Кумтөрдүн таржымалы
Кумтөр алтын кени Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 10% ашыгын камсыз кылат. 1997-жылдан бери бул кенде 400 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүлгөн.
Адеп “Кумтөр” алтын кен долбоорунун 67% Кыргызстанга, 33% канадалык “Камекого” караган. 2003-2004-жылдары бул долбоор “Центерранын” курамына бириктирилип, Кыргызстандын андагы үлүшү 33% түшкөн. Аны улай мурдагы президент Аскар Акаевдин тушундагы өкмөт 17% акциясын да сатып жибергени, Кыргызстандын “Центеррада” 15% үлүшү калганы белгилүү болгон.
2009-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин өкмөтү “Центерра” менен концессиялык келишимге кол коюп, анда “Центеррадагы” кыргыз өкмөтүнүн үлүшү 33% түзгөн.
2016-жылы кыргыз өкмөтү менен орток пикир табылбай жаткан маалда, “Центерра” компаниясы Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алуу үчүн кошумча эмиссияларды чыгарган. Бул кыргыз тараптын үлүшүнүн 26,5% түшүп кетишине жол ачкан.
Бир нече жыл мурда Кумтөрдөгү алтын 2026-жылга барып түгөнөрү кабарланган. Бирок “Центерра Голддун” жетекчилиги жаңы чалгындоо аянттарынын эсебинен кендин өмүрү дээрлик 2031-жылга чейин узарып жатканын билдирген.
25-мартта "Кумтөр" ишканасы 2021-жылдагы ишинин отчётунда былтыр кенден 251 млн. доллардан ашуун таза киреше алынганын жарыялады.
Анда 2021-жылы алтын сатуудан түшкөн жалпы киреше 856 млн. доллар болгону, анын ичинен бардык төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин калган таза киреше 251,3 млн. долларга жеткени айтылган. 2021-жылы Кумтөр кенинен 14,7 тонна алтын казып алынган.
“Кумтөр Голд Компани” былтыр өлкө бюджетине салык жана башка төлөмдөрдүн алкагында 160,3 млн. доллар төккөн. Отчетто бул сумма пландалган көрсөткүчтөн 53,1 млн. долларга же 50,7 % көп деп жазылган.
Кумтөр иши: камакка алуулар
“Кумтөр иши” боюнча камоолор 2021-жылы июль айында башталды. 2012-2015-жылдар аралыгындагы чечимдерге байланыштуу экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабановго, Темир Сариевге, Жоомарт Оторбаевге, экс-депутаттар Исхак Пирматовго, Талантбек Узакбаевге, Алмаз Баатырбековго жана өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Динара Молдошевага да айып коюлган.
Атайын кызмат 1992-жылы Кумтөр боюнча башкы келишимди түзүүдө жана 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда коррупция фактысы боюнча мурдагы президент Аскар Акаев, экс-премьер-министрлер Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов жана “Кыргызалтын” мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгулов кылмыш жоопкерчилигине тартылганын кабарлаган. Бирок, иш кандай тергелип, айыпталгандарга кандай жаза берилгени белгисиз.
Аскар Акаев Бишкекке эки жолу учуп келип, бир апта сурак бергенден кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.
2017-жылкы “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү жараяны жана Кумтөрдөн 500 миллион доллардын мыйзамсыз чыгарылып кетиши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков баштаган аткаминерлердин аракеттерине юридикалык баа берилери айтылган.
Укук коргоо органдары 2009-жылы Кумтөр долбоорунун жаңы шарттары жөнүндө келишим түзүүдө коррупциялык иштер боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиевге, анын уулу Максим Бакиевге, Мамлекеттик геология агенттигинин мурдагы директору Капар Курманалиевге, директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеевге, инвесторлордун өкүлү Андрей Сазановго издөө жарыялаган.
“Кумтөр ишине” байланыштуу ЖКнын мурдагы депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров камакта олтурду. Өткөн жылы 8-декабрда Башкы прокуратуранын эки депутатты жоопко тартууга уруксат сураган сунушун Жогорку Кеңеш четке кагып, аларды бошотуу боюнча чечим кабыл алган.
Эки депутат “Кумтөр иши” боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айыпталып, 2021-жылы июль айында камакка алынган жоон топ саясатчылардын катарында болчу.
Тергөө аларга 2012-жылы парламент кабыл алган чечимге байланыштуу айып таккан. Анда ошол кездеги депутат Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу токтом долбоору парламенттен өтпөй калган. Бул ишке байланыштуу ошол кездеги президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарымбаев менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев да айыпталган.