Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2022

Энергетикадагы "татаал схеманы" түзгөн Ширшов кармалды

0
Энергетикадагы

"Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов кармалды. Атайын кызмат ага "коррупцияга" байланыштуу айып коюлганын, Ысык-Көлдөгү "Аврора плюс" эс алуу жайындагы ондогон кымбат батирлерди мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгарып алууга аралашканын билдирди.

Ширшов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын өнөктөшү жана энергетика тармагындагы ири коррупциялык схемалардын автору катары белгилүү.

Ал 2020-жылы бийлик алмашкандан бери башка өлкөдө баш калкалап жүргөн жана Кыргызстанга келгени тууралуу маалыматтар мындан бир канча ай мурда эле айтыла баштаган. Анын кармалышы түрдүү божомолдорго жем таштады.

Улуттук коопсуздук комитетинин билдиришинче, Алексей Ширшов "Аврора плюс" пансионатындагы баасы кымбат 56 батирдин жана 27 коттедждин жеке менчикке өтүп кеткенине аралашкан. Атайын кызмат тараткан маалыматта бул кылмыш ишинин алкагында бир катар жооптуу кызмат адамдары, судьялар менен бирге "татаал коррупциялык схема" түзүлгөнү аныкталганы айтылат.

"Териштирилип жаткан иштин алкагында бизнес өкүлдөрүнүн, мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүү фактылары аныкталып, Ысык-Көл райондук жана облустук сотторунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Жогорку соттун судьяларын, ошондой эле президенттин аппаратынын, мамлекеттик Мүлк фондунда жана Мамлекеттик каттоо кызматында иштегендерди тартуу менен татаал коррупциялык схеманы түзүшкөн. Тергөөдө бул иш боюнча буга чейин кармалган адамдардан тышкары аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин менчигинен чыгаруунун негизги уюштуруучуларынын бири белгилүү Алексей Ширшов экени аныкталды. Бул топ өздөрүнүн кылмыш аракеттерин ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана сот органдарынын жогорку кызмат адамдарынын камкордугун алуу максатында аларга акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрдү, анын ичинде “Аврора плюс” эс алуу борборунан беришкен. Бул боюнча тергөөдө тиешелүү далилдер табылган", - деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.

Ширшов жана анын жакындары, адвокаттары буга байланыштуу азырынча үн ката элек.

УКМК Ширшов кандай жагдайда, кантип кармалганы тууралуу түшүндүрмө бере элек. Атайын кызмат буга байланыштуу адаттагыдай видео же сүрөт жарыялаган жок.

46 жаштагы Ширшовдун өмүр баяны, эмгек жолу тууралуу маалымат аз, анын саналуу гана сүрөттөрү бар. Ширшов 2007-жылдарга чейин алгач "Ошэлектр", андан кийин "Түндүкэлектр" ишканаларында финансылык деректир болуп иштеген. 2007-2010-жылдары "Дастан" ишканасын башкарган.

Убагында айрым басылмалар Ширшов мурдагы президент Аскар Акаевдин, андан кийин Курманбек Бакиевдин уулдары Айдар жана Максимдин жакын өнөктөшү экенин жазышкан. 2005-жылдагы Март окуясында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайтып келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан.

2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаганда ага да издөө жарыяланган. 2015-жылы ага "Дастан" ишканасын башкарып тургандагы ишмердигине байланыштуу өкүм чыккан.

Алексей Ширшов азыр да Интерпол аркылуу издөөдө жүрөт. Бирок ал бир канча ай мурда эле Кыргызстанга келген деген маалыматтар айтылып келген. Ошондуктан анын кармалышына байланыштуу айрыкча социалдык тармактарда түрдүү божомолдор айтыла баштады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева эл аралык издөөдө жүргөн адам чек арадан өткөндө эле кармалышы керектигин билдирди.

"Максим Бакиев менен Ширшов Кыргызстанга келди деген маалыматты 15 күн мурда уктум. Бирок мен "бул мүмкүн эмес, мынчалык мыйзамсыздык болбойт" деп ишенбей койгом. Себеби алар чек арадан кирип келатканда, ошол жерден кармалышы керек болчу. Эс алуу күндөрү бардык иштерин бүтүрүп, эс алуу күндөрү аяктаганда кармалганын коомчулук үчүн гана процедуралык кармоо деп түшүндүм. Балким, мен адашып жаткандырмын, бирок бир топ адамдарда ушундай күмөн ой бар. Ширшовду эми булар "кустуруу" же дагы башка ушундай иш-аракеттерден кийин толугу менен "реабилитациялашат". Ширшовдон кийин Максим Бакиев деле кармалышы мүмкүн. Аны деле реабилитациялоо үчүн гана кармап, акташы мүмкүн. 2010-жылдагы Атамбаевдин бийлигинин тушундагы соттук чечимдерге ылайык аларга айып коюлган. Ал эл аралык издөөдө жүргөн жана чет өлкөдө жүргөндө, же Кыргызстандын аймагына кирип келаткан жеринен кармалышы керек болчу. Кыргызстанда миллиарддаган сомду уурдаганда же оор кылмышка баргандар убактылуу тергөө абагына, же түрмөгө киргенден кийин эле акталат. Алар "мен соттолуп, камалып чыктым" деп коюп эле арабызда жүрбөйбү. Тескерисинче, аларды идеалдаштырып жатышат, мен буга каршымын".

Оппозициялык Бириккен демократиялык кыймылдын өкүлү Сапар Аргынбаев Ширшовго буга чейин бир катар кылмыш иштери козголгонун, алар эмне менен аяктаганы белгисиз бойдон калганына токтолду. Ошондой эле учурда энергетика тармагын бир кездери Ширшов менен чогуу иштегендер башкарып жатканын белгиледи.

"Ширшовго 2005-жылы кылмыш иши ачылган. 2010-жылы дагы "Дастан" энергетика тармагына байланыштуу эки-үч кылмыш иши ачылган. Качып жүрүп баарын жаптырып алган. Ошонун баарын билип туруп бул жакка келди. Бүгүнкү күндө энергетика тармагынын башында Ширшовго жакын, ошонун кол баласы болуп жүргөн кишилер отурат. Азыр Ширшовду камап, Матраимовго окшоп "кустурумуш" болуп "болду эми каалаган жагыңа иштей" бер дегендей жолго түштү. Ал кайсы жерге барса дагы финансылык бөлүмдү башкарчу. Ширшовдун схемалары: чакан ГЭСти менчиктештирип алып, мамлекеттин электр энергиясын 18 тыйындан алып, чакан ГЭСтер аркылуу 1,5 миллиард кВт электр энергиясын Казакстанга сатып жиберишкен. Казакстанда ал убакта үч сом болчу. Казакстандан эски трансформацияларды алып келип, жаңы деп жазышчу. Жоготуулар 40-45% чейин жетип, ошол акча накталай чыгарылып кеткен. Ортомчу компанияларды ачып алып, ошолор аркылуу акча жасалган. Ошол убакта коррупцияга каршы күрөшкөн комиссары азыркы президент Садыр Жапаров болчу. Ал ошонун баарын көргөн, билген".

Деген менен "Дастанда" бир топ жыл жетекчилик кызматтарда жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Ширшовго аталган ишканага байланыштуу кылмыш иши козголбогонун айтууда.

"Бир жагынан Ширшовдун кармалышы мен үчүн күтүүсүз жана түшүнүксүз болду. Себеби ал жигиттин бул жакта экенин деле эч ким билген эмес да. "Дастанга" кирип-чыгып жүргөнүн билбейм, бирок бул жерге келиптир деген сөздү журналисттерден угуп жатпадыкпы. Биз аны менен чогуу иштешкен эмеспиз. "Дастанга" байланыштуу кылмыш иштеринде Ширшовдун фамилиясы жок. Ал жерде Василиевдин жана ага чейин иштеген Даниленко деген жигиттин фамилиясын окугам. Ширшовдун фамилиясын окуган эмесмин. Анын айланасында уу-дуу кеп ушак деңгээлинде гана айтылып жүрөт. Конкреттүү сандар болсо бир нерсе деп айтмакмын. Эл өкүлү катары ушактын деңгээлиндеги нерселерди айта албайм. Биз ушундан кетип, факты менен сүйлөшүбүз керек".

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери Нурлан Шакиев Ширшовдун кармалышын коррупцияга каршы күрөштүн көрсөткүчү катары баалады. Ошондой эле түрдүү божомолдор айтылып жатканын сынга алды.

"Ширшовдун кармалышынын өзү жемкорлукка каршы күрөш токтобой, күчөтүлгөн режимде жүрүп жатканынын белгиси. Алдын ала эле ар кайсыны божомолдоп, "мындай болот, тигиндей болот" дей берген өнөкөт бар, бул туура эмес, акылга сыйбаган нерсе. "Акчаны кайтарып кайра кое берет" деген нерсе дагы туура эмес. Мисалы, аны кармабай, жөн эле жүрө бергенде кандай болот эле? Бюджетти толтура турган акчаны кайра кайтартып, аны кое берсе андан мамлекет дагы, экономика дагы утат. Карматпай жүрө берсе, бир тыйын да түшпөсө, мамлекетке келтирилген зыян толтурулбай калмак. Ошондуктан аларды түрмөгө камап отура берүүнүн кереги жок. Мына, буга чейинки тажрыйба көрсөтүп жатпайбы. Бюджетке миллиондогон акчаны түшүргөндөн кийин кое берилгени туура. Аларды жөн эле түрмөдө кармап, мамлекеттин эсебинен багуудан пайда жок. Аны кандай жагдайда кое берери укук коргоо органдарынын иши. Анын кармалганы жакшы көрүнүш, схемаларынын бети ачылат. Мен өмүрүмдө Ширшовду бир эле жолу, учакта көргөм. Мага аны "Ширшов деген ушул" деп көрсөтүшкөн. Карасам, илбериңки, жөнөкөй эле жигит көрүнгөн. Ушул жигит ушунча ызы-чуу кылып жатабы деп ойлоп койгом. Ал жөнүндө ар кандай ушак кеп-сөздөрдү угуп жүрөбүз. "Калк айтса калп айтпайт" дешет. Анын схемасы чынында болгон. Ири экономикалык уурдоолор орун алган деп айтып жүрүшөт. Эми ошонун бети ачылат деп ойлойм".

Журналист Семетей Талас уулу Ширшов менен 2006-жылы "Агым" гезитинде иштеп турганда соттошкон. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Ширшовдун Максим Бакиев менен бейрасмий жагдайда түшкөн сүрөттөрүн биринчилерден болуп жарыялаган.

"Ошол убакта энергетикадагы коррупцияны иликтеген мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. 2002-2006-жылдардагы мамлекетке келтирилген зыянды аныкташкан. Бир миллион долларлык подстанцияны 11 миллионго алган, базарда 30-40 сом турган колкап 300-400 сомдон алынды деп жазылган, күрөктөрдү дагы кымбат сатып алган, Казакстанга электр энергиясын ортомчу фирмалар аркылуу кымбат саткан, ортодо 100 миллиондогон пайда көргөн, көмүр алуудага коррупция өңдүү иштер аныкталган. Ошол комиссия Ширшов жана анын командасы миллиондогон, балким миллиарддаган сом зыян келтиргенин аныктап чыккан. Ошонун негизинде энергетика тармагындагы коррупция тууралуу үч бөлүктөн турган макала жазгам. Жаңылбасам, Ширшов ошондо "Түндүкэлектр" ишканасында директор болуп турган. Соттук териштирүү Октябрь райондук сотунда болгон. Мен сотко мекемелер аралык комиссиянын корутундусун алып келип бергем. Сот иши ошол бойдон жабылган. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Ширшов, Максим Бакиев жана алардын өнөктөштөрүнүн айрым сүрөттөрү колго тийген. Саунада Ширшов жана Максим Бакиев болуп түшкөн сүрөттү убагында мен биринчи болуп жарыялагам. Азыр эми ага "Аврора Плюс", ал жактагы батир, коттедждер боюнча эле кылмыш иши козголуптур. Ага түздөн-түз энергетика боюнча кылмыш иши козголушу керек. Коттедждер энергетикалык кылмыштардын жанында "шоона эшпей" калат".

Журналист Семетей Талас уулу айтып жаткан саунада тартылган сүрөткө Медет Садыркуловдун өлүмүнө шек саналып жаткан Санжар Сапарбековго окшош адам да түшкөн. Максим Бакиевдин жакын чөйрөсүндөгү адамдардын бири болгон Сапарбеков былтыр ноябрь айында кармалган.

Энергетика тармагы боюнча адис Жаныбек Оморов Ширшовго байланыштуу күдүк суроолорго, энергетика тармагын аксаткан жагдайлар тууралуу жооп керек деп эсептейт.

"Анын схемалары тууралуу коомчулукта абдан көп айтылды. Тиешелүү органдар муну тактап жооп бериши керек. Ушундай схемалар энергетика тармагына чоң зыянын тийгизди. Бул тармак көпкө чейин өнүкпөй келди. Жалпы экономика жабыркады".

Айрым басылмаларда азыркы энергетика министри Доскул Бекмурзаев Ширшовдун кадры экени тууралуу маалыматтар чыккан. Бул макала жазылып жаткан чакта биз өкмөт өкүлү менен байланышып комментарий ала алган жокпуз.

Учурда санарип өнүктүрүү министри болуп турган Талант Иманов убагында Ширшовдун айдоочусу жана жансакчысы болуп иштегени, Ширшов өлкөдөн качып кеткенден кийин анын үйүндө убактылуу жашап келгени айтылган. Иманов мындай сөздөрдү четке каккан.







Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки


Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия

Глава "Рексофт" - в топ-100 отечественных ИТ-лидеров

В Москве прошла Премия-практикум «Харизма Года»

Приглашенные солистки выступят в опере «Руслан и Людмила»


Walmart adds employee bonus for hourly US workers

Andy Murray cracks brutal joke as Brit star’s Wimbledon preparations are disrupted by bizarre injury 

Discover Tintex: A Hub for Premium Car Care and Customization

LeelooDolls: Revolutionizing the Sex Doll Industry


Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки

Создан новый метод предсказания деменции с точностью до 80%

Мобилизованного свердловчанина приговорили к 23 годам "строгача" за подрыв гранаты в казарме

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг


I tried to recreate Marvel's Iron Man in this movie studio sim, and my version was so bad my own father stormed out of the theater

Мафия-НН: Все в сборе, правила с тревогой выслушаны, роли прочитаны, и сразу же в бой!

Concord is skipping free-to-play and pulling a Helldivers 2 instead: $40 for the full game with all 16 heroes at launch

How to watch the 2024 PC Gaming Show: our 10th annual summer showcase



«Солнечная Азбука» в особом семейном центре «Семь-Я»

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.

Смертельная ревность. Что известно об «убийце с автоматом»

Два человека пострадали в ДТП с автозаком в Москве


Близкие Анастасии Заворотнюк прокомментировали слухи смерти актрисы в хосписе

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков

Ефимов: Москва и Банк «ДОМ.РФ» заключили соглашение о сотрудничестве о КРТ

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки


РФС и «Лига Ставок» договорились о проведении четырех ретро-матчей в 2024 году

Оргкомитет: информация о сроках проведения Игр дружбы появится в ближайшее время

Котяков выступил против введения шестидневной рабочей недели в России

Дом в ЖК «Новые Котельники» ввели в эксплуатацию


Джокович снялся с Открытого чемпионата Франции по теннису

Теннисист Джокович побил рекорд Федерера по победам на турнирах "Большого шлема"

Российский теннисист Медведев снялся с турнира в Хертогенбосе

Соболенко, проигравшая Андреевой, потеряет 2-е место в рейтинге WTA по итогам «Ролан Гаррос», уступив его Гауфф


В Москве разрешили купаться на семи городских пляжах

РФС и «Лига Ставок» договорились о проведении четырех ретро-матчей в 2024 году

Воронежское землячество организовало для студентов экскурсию в Совет Федерации

В Москве стартовали работы по обновлению швов гранитной облицовки набережных


Музыкальные новости

Оркестр штаба Тихоокеанского флота выступил в столице БАМа

Сменившая образ Ивлеева появилась на презентации своего азиатского ресторана

«Вызовет реакцию обратную»: Волочкова о введении дресс-кода для артистов

Тимати о возможном возращении Starbucks в Россию: "Мы лучше"


Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.

В Москве прошла Премия-практикум «Харизма Года»

Два человека пострадали в ДТП с автозаком в Москве

В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал


Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия

В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал

Студия Звукозаписи в Москве. Создание Песен, Музыки, Аранжировок.

Бастрыкин затребовал доклад об исчезновении девушки в Новосибирске 15 лет назад


Два человека пострадали в ДТП с автозаком в Москве

Автомобиль столкнулся с мотоциклом на 51-м километре Калужского шоссе

«Синички», роботы, КАМАЗы. Какие соглашения заключила Москва на ПМЭФ-2024

В Москве над Калужским шоссе возник смерч


Крестьянин или князь: откуда идет род семьи Путина

Песков счёл ошибкой думать, что в отношениях Москвы и Анкары наметились проблемы

Орбан посоветовал "не дергать русских за усы"

Эксперт Михаил Александров: Далекие от реалий мифологемы




С 2012 года в ТиНАО в эксплуатацию ввели 173 объекта образования и здравоохранения

На ПМЭФ Москва и Буэнос-Айрес договорились о поставках инсулина

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

7 июня – День образования санатория «Солнечный»



Медийный баскетбол, киберспорт и турнир ММА: Константин Пухов рассказал о мероприятиях Международного центра бокса (Наташа)

В Швейцарии завершился чемпионат Европы по спортивной и фитнес-аэробике

«Столото» подписал соглашение в развитие стратегической поддержки комплекса ГТО и многоборья ГТО

Поражения Шубенкова и Савлукова, осечка Кнороз и двойной триумф Макаренко: чем запомнился «Мемориал Знаменских»



Собянин: в Москве построят роботизированный завод по выпуску грузовиков

Собянин рассказал об обновлении велотрека в Крылатском

Собянин заявил о росте инвестиций в Москву из-за импортозамещения

Сергей Собянин рассказал о реализации проектов КРТ в столице


Красноярский музыкальный театр представил проект театральной экосистемы будущего

Жара вновь бьёт рекорды. Повторится ли аномальное лето 1972 и 2010 годов?

Мария Багреева: глобальные климатические цели достижимы лишь при участии городов

Сервис email-маркетинга DashaMail интегрировал в свою экосистему конструктор виджетов LeadPlan


Котяков выступил против введения шестидневной рабочей недели в России

Лут: около 10% сделок по покупке российского продовольствия заключается в рублях

Еще 295 миллионов рублей направят на развитие наукоградов Подмосковья

Подмосковные спасатели потушили более 200 пожаров за неделю


Архангельск стал базовой площадкой для проведения окружного спортивного форума

Россия, Новости, Культура, Театр, Дети: Радость, которую приносит Госцирк Бурятии

Торговые настольные электронные весы CAS PR-15P

Терминал сбора данных (ТСД) промышленного класса SAOTRON RT42G


Глава Росавиации: возобновление работы закрытых с начала СВО аэропортов пока не ожидается

В районе Симферополя появится крупный жилой микрорайон - ЖК "Республика"

Литературно-краеведческая программа «Не может быть Родина малой, с такою великой душой!»

Глава Росавиации рассказал о перспективах открытия аэропорта Краснодара


РФС и «Лига Ставок» договорились о проведении четырех ретро-матчей в 2024 году

Котяков выступил против введения шестидневной рабочей недели в России

В столице проверили работу 62 тысяч пожарных гидрантов

Воронежское землячество организовало для студентов экскурсию в Совет Федерации














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *