Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2022

"Саясий ушактар, имиштер менен кеч кирет". Илимди илең-салаң карабайлы

0

Жолдош Турдубаев - "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Педагогикалык институттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Улуттун акыл-эс каймагы дегидей окумуштуулар бүгүнкү күндө канчалык

өнүмдүү иштеп жатат? Биздеги илимдин азыркы абалы кандай? Жагдайды

жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек? Ушул суроолордун тегерегинде чогуу ой жүгүртүп көрөлү. Окурмандарды талкууга чакырабыз.

Совет доорунан калган мурас

Социалисттик мамлекет илим менен техникага өзгөчө көңүл буруп,

окумуштуулардын изденүүсү, жигердүү иштеши үчүн ар тараптан кам көргөндүгү белгилүү. Эмгек акысы жакшы төлөнүп, эс алуусуна, дарылануусуна жетиштүү шарт бар эле.

Талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүгө каражат жакшы бөлүнүп, лабораториялар зарыл жабдуулар, каражат менен толук камсыздалып, жаңы табылгалар өндүрүшкө киргизүүгө чейинки сынактан өткөрүлчү. Кыскасын айтканда, илимдин өнүгүүсүнө жакшы өбөлгө түзүлгөн болчу.

Ошол доордон калган айрым кейиштүү көрүнүштөрдү да айта кетели. “Дүйнөнүн улуттук бейнелери” аттуу көп томдук эмгектин автору (ал түрмөктө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган том да бар) Георгий Гачев бир маегинде СССР Илимдер академиясында иштеген жылдарын кызык эскериптир.

Ал ондогон жылдар бою дайыма айлыгын алса да, планда бекитилген темалар боюнча бир барак да жазбаптыр. Бирок өзү керек деген, ошол мезгилде жарыкка чыгышы мүмкүн болбогон эмгектерин жарата бериптир. Убакыт-сааты келгенде (социалисттик мамлекеттин кыйрашы менен кошо идеологиялык чектөөлөр да жоюлганда) окумуштуунун ошол китептери элге жетти.

Реалдуу иш бүтүрбөсө да айлык төлөнгөн “салт” биздин Илимдер академиясында деле боло келген экен. Адабиятчы Салижан Жигитов филология илимдеринин доктору деген илимий даражасын алган кезде Аскар Акаев куттуктап, "эми университетке барыңыз, ал жерде эки ай эмгек өргүүсү берилет" деген имиш. Салижан агай минтип жооп кайтарыптыр:

- Аскар Акаевич, сиз билбейт экенсиз. Академияда жыргал – он бир ай эчтеке кылбай жүрүп, бир айда отчёт жазып койсоң эле болду!

Бул анекдотко окшогон сөздө чындыктын үлүшү бар экенин Аскар Какеев тастыктаган. Министр кезинде ал кээде биздин редакцияга кирип, аны-муну айтып калчу. Бир ирет академиядагы беймарал турмушту сөз кылган:

- Академиянын ичинде эртеден кечке отуруп эч ким бир барак да текст жазбайт. Ал жерде жалаң саясий ушактар, имиштер айтылат, кимди каяктан дагы кимдин ордуна түртүп жатышат, ким жакында кызматынан кетет ж.б. божомолдор, талаш-тартыштар менен кеч кирет. К.Каракеев, А.Салиев сыяктуу лөктөр чоң китептерин академиядагы кабинетинде эмес, үйүндө жазган. Алар түн оогончо үстөлгө отурганда уктап калбаш үчүн креслого фанера төшөп алышчу экен.

Ырас, жумуш ордунда башкалардын кобурашканына же кирип чыккандарга алаксыбай иштей билгендер да бар. Бирок баары бир азыркы кезде биздин окумуштуулардын ишмердигин кыйла жакшы уюштуруу зарыл сыяктуу...

Эмне менен алексиз?

Көп жыл мурда Улуттук илимдер академиясынын бир институтунда диссертациясы жактырылып, жетекчиси карап чыккан авторефератын көтөргөн киши Оштон келген эле. "Күзгө чейин орус тилине которуп бериңиз" деп калды.

Баш жагын барактаганда түзүк эле көрүнгөн кол жазманы дароо эле окуп чыксам болмок экен. Котормону тапшырар убакыт жакындап калганда колго алсам, институтта жактырылган тексттин сапаты кыйла начар болуп чыкты. Жакшы эле келкилердин арасына кызыктай бирдемелер кошулуп кеткен, логикалык жактан коошпойт, кээ бир жерлеринин мааниси жокко эсе.

Эмне кылуу керек? Мурдараак билсем, ээсин сураштырып таап, кайтарып

бермекмин жарабайт деп. Котормо акысын алдын ала төлөп койгон эле. Телефону да ката жазылып калган экен, кабарлаша албадым. Убадалашкан күнгө аз калды. Ошентип, тексттин орусчасын мүмкүн болушунча жакшыртууну чечтим. Бир топ келкилерди өзгөрттүм, контекстке ылайык келбеген жерлерин кыркып салып, ортодогу боштуктарды мааниси туура келгидей сүйлөмдөр менен толуктадым. Акырында карасам, авторефераттын теӊ жарымына чейин алмаштырып салыпмын.

Айтылган күнү изденүүчү өзү келди. Эмне кылганымды айтсам, катуу нааразы болду.

- Кыргызчасы кандай болсо, орусчасы дал ошондой болушу керек эле! Эми

институттагыларга эмне дейм?!

- Сиз барып, менин атымдан салам айтыңыз да, болгонун болгондой

түшүндүрүңүз. Мисалы, мобул жерлери эки тилде кандай жазылганын карап көрүшсүн. Эгер менин котормомду жаратышпаса, кайра келиңиз, баарын кыргызчасына ылайыктап, өзгөртүп берем.

Бир сааттан кийин келип кайра-кайра рахмат айтты, сиз абдан жакшы кылыпсыз, авторефератты окубай эле “жактырышкан” экен деп.

Бирок ошол “ишке” кыйыр түрдө болсо да көмөктөшкөнүмө өкүнөм. Диссертация менен авторефераттын мазмуну шайкеш келбесе, анын илимий баалуулугу жөнүндө сөз кылууга болобу?..

Дагы бир жолкуда "редакциялап бериңиз" деп Молдо Кылычтын чыгармачылыгына арналган диссертацияны алып келишти. Бир-эки бетин окуганда эле тааныш ойлор кездеше баштады. Стили да ошол – илимий салмагы дароо сезилген, ички логикасы менен ой жүгүртүү ырааты, баяндоо ыргагы өзгөчө. Үйгө келип, заманачы акындын жыйнагынан атактуу сынчы Кеңешбек Асаналиев жазган баш сөзгө салыштырып көрдүм. “Изденүүчү” дээрлик бүт бойдон көчүрүп алыптыр! Таанылбай калсын дегениби, ар бир абзацтын башы менен аягын чампалап өзгөртүптүр.

Эртеси телефондон сүйлөшкөндө айтсам, келип алып кетти, кабагын карыш

салып...

Орусияда чыккан монографиялардан эле оодарып алынган кыргызча диссертацияларды да көрдүм ошол жылдары.

“Уурулугуңар бар болсо, мага келбегиле, уят болуп каласыңар!” – дегенден кийин жардам сурабай калышты.

"Аспирант, докторанттарды таап бер, акчасын жакшы төлөсө, каалагандай темада диссертация жазып берем" дегендерди да көрдүм. Аларга өзүңөр табышып, “иштеше” бергиле, мен аралашпайм дейм.

Антиплагиат тутуму азырынча кыргыз тилиндеги тексттерди бул жагынан жакшы текшергидей деңгээлге жеткириле элек. Бирок жакынкы келечекте өркүндөтүлүп, бир нече тилдегисин иликтеп чыгууга, уурдалган тезистерди табууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү анык. Илимий деп эсептелген иштердин баарын тийиштүү сайттарга жарыялоо талабы да орундалат. Ошондо далай “эмгектердин” ичинде жаӊы эчтеке жок экени ашкереленет.

Озуйпа орундалып жатабы?

Илимдин өнүмдүүлүгүн, экономикага, билим берүүгө кадыр-баркын көтөрүү үчүн окумуштуулардын эмгек акысын жетиштүү даражада көтөрүп, изилдөө иштерине керектүү шартты толугу менен түзүү зарыл. Дүйнөлүк деңгээлдеги өзгөрүүлөрдү эске алуу менен өлкөнүн саясий туруктуу нукта өнүгүшүнө, экономикалык, социалдык-маданий маселелердин өз убагында туура чечилишине окумуштуулар чоң салым кошо алгыдай болушу керек.

Улуттун интеллектуалдык дареметин канчалык жакшы жетилтип, өз багытында туура иштете алсак, учурдагы арасат абалдан ошончолук тезирээк чыгабыз.

Тийиштүү кадамдар ар тараптуу ойлонулуп, ырааттуу жасалгыдай болсо, илим чөйрөсүн жогорку билим берүү тармагы менен тутумдаштыруу демилгесин баарыбыз колдошубуз керек. Анткени күн санап жаңыланып, өркүндөп турууга тийиш болгон билим алдында окумуштуулардын өзгөчө милдети, парызы бар.

Колдонмо эле эмес, накта теориялык, фундаменталдуу илимде дагы кандай

иштер жүрүп, кайсы конкреттүү чекке жакындаганыбыз, жеткенибизди жогорку класстардын окуучулары жана студенттер да билип турушу зарыл.

Мейли, ар кандай терминдер менен туюнтулуучу татаал тезистерди балдардын

көпчүлүгү, дээрлик баары түшүнбөсүн. Бирок миңден, жүз миңден бири кайсы бир жаңылыктын маани-маңызын, келечегин айрым кандидаттардан жакшыраак баамдашы, сезип-туюшу мүмкүн. Өзгөчө ачылыштар, гениалдуу табылгалар дал ушул ар нерсеге өтө дилгир курактан башталышы толук ыктымал.

Өзүн сыйлаган, чыныгы окумуштуу деп эсептеген ар бир адис мектеп окуучулары менен студенттерге баруудан коркпой, алардын күтүүсүз суроолорунан качпай, кызуу талаш-тартышка, талкууга дайым даяр турушу керек. Балким, айрым татаал нерселерди аки-чүкүсүнө чейин чечмелеп бериштин кажети жоктур, бирок анын эмнеге керектигин, эгер идея ишке ашса, натыйжасы кандай болушу мүмкүн экенин, башка окумуштуулардын, илимий мектептердин ошол нуктагы изденүүлөрү менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн илимпоз жөнөкөй тил менен айтып бере алышы кажет.

Айрыкча күн сайын фантастикалуу өзгөрүштөр болуп жаткан азыркы доордо

саргайган барактардан окулуучу лекциялар менен чектелбөө абзел. Маалымат

технологиялары (IT) жаатында жаңы чектерге жаштардын тунук акылы, кайрат-жигери, өжөрлүгү менен жетишилип жатпайбы азыр!

Башка тармактарда деле салабаттуу курактагылар менен “боз балдардын” кездешүүсү, биргелешип иштешүүсү чоң ийгиликтерге себепкер болушу толук мүмкүн. Азыркы маалымат агымына кыйла эркин аралашкан жаштар улуулардын түшүнө кирбеген нерселерди билиши, ар кайсы теорияларга күтүүсүз өңүттөн карап, өтө ар түрдүү тармактардын ортосунан таң каларлыктай кызыктуу байланыш-катыштарды таап чыгышы же окумуштууларга көрсөтүшү ыктымал. Ошентип өзгөчө ачылыштар жасалышы, өндүрүшкө киргизүү жолдору да жаштардын деми менен эртерээк табылышы мүмкүн.

Расмий макам, даража, наамдар эч кимди элден, биринчи кезекте жаш муундан

оолактатпашы, обочолонтпошу керек. Анткени студенттер, мектеп окуучулары

менен баарлашып, кесиптештеринин эч кимиси бербей турган кызыктуу

суроолорго жооп издеп жатып окумуштуу адис таң каларлыктай идеяларга

келиши, өзгөчө табылгаларга ээ болушу ыктымал.

Орус окутуучуларынын “Мен түшүндүрөм деп ушунчалык аракет кылдым эле, акыры өзүм деле түшүнүп алдым" (Я так долго объяснял, что наконец даже самому стало понятно) деген тамашалуу сөзү бар. Эгер убакыт туура бөлүштүрүлүп, дилгир балдар менен жолугушуулар, кошумча сабактар туура уюштурулса, жогорку окуу жайларына баруудан окумуштуу утушка гана ээ болот.







«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе


Массовыми патриотическими акциями отметили День России на заводах АО "Желдорреммаш"

«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Сэкономить и оторваться с Angsana Velavaru


McDonald's Grimace showed Mets fans what happens when something goes right this season

Max free trial returns just in time for House of the Dragon season 2 this week

Kai Havertz’s fiancee Sophia stuns in see-through outfit on hen weekend as fans say Arsenal star is ‘so lucky’

Creepy King Charles Painting Is Vandalized by Radical Animal Rights Activists, Gets a Cartoon Face and Speech Balloon!


Каршеринг BelkaCar запустил летний спецпроект «Умные путешествия»

«Байкал Сервис» снижает тарифы из городов Дальнего Востока

Росгвардейцы обеспечили охрану общественного порядка в День поселка Вербилки

В Ингушетии чиновники похищали бюджетные средства, предназначенные для поддержки семей с детьми


MMORPG Tarisland выпустили в Китае раньше времени

В новом трейлере Indiana Jones and the Great Circle Индиана спускается на корабле с горы

Life is Strange: Double Exposure продолжит историю Макс Колфилд

Состоялся релиз The Case of the Golden Idol на iOS и Android



В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России


Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Депутат МГД Самышина проконтролирует реконструкцию «Сквера влюбленных» на Пятницкой улице

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде


Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях

Где США намерены найти новых солдат для войны с Россией

На М-4 «Дон» для автомобилистов работала станция «Устал — отдохни»

В центральных и ряде других регионов России прогнозируют новые грозовые ливни в выходные


Соболенко в купальнике зажигательно станцевала перед женатым бойфрендом. Видео

Александрова вышла во второй круг турнира WTA в Хертогенбосе

Дзюба заявил, что был бы теннисистом уровня Сафина

Бьянка Андрееску: «Мне нравится, что на траве, поскольку она намного быстрее грунте, меньше времени на раздумья»


В Дмитрове определили победителей военно-патриотической игры «Пока мы едины – мы непобедимы!»

Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях

Где США намерены найти новых солдат для войны с Россией

Реконструкцию парада физкультурников покажут на mos.ru днем 14 июня


Музыкальные новости

В Fortnite прибудет группа Metallica и новый режим

Дистрибьюция Музыки.

Дима Билан, Seville, Николай Басков, «Иванушки International», Ольга Бузова и другие гости поздравили Марину Ермошкину и Эда Барка с днем рождения

На «САМ.ФЕСТ» в Самаре выступили Вячеслав Бутусов и Пелагея


В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже электроинструментов

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу

Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России


Группа Metallica даст виртуальный концерт в Fortnite 22 июня

Парадоксы двойного стандарта

Почему у канализационной системы должен быть выход на крышу?

«Не кричи!»: Елена Север и Филипп Киркоров представили совместный клип и трек


Зарядные станции для электрокаров в некоторых регионах России станут обязательными - закон

Расписание движения пригородных поездов СЗППК изменится с 11 по 12 июня 2024 года

В ЦДКЖ 18 августа ждут любителей группы «Рекорд Оркестр» на Квартирнике Евгения Маргулиса

В Московской области сотрудники Росгвардии задержали граждан, подозреваемых в совершении грабежа


Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Путин обсудил с и. о. президента Ирана взаимодействие внутри БРИКС

Путин: Москва поддерживает идею о разработке хартии многообразия в XXI веке

Путин приехал на Смоленскую площадь для встречи с руководством МИД РФ




Серию летних мастер-классов проведет сводный хор «Московского долголетия»

Стоматолог Татьяна Сумцова: как стресс влияет на здоровье зубов

Около 100 сотрудников подмосковного главка Росгвардии приняли участие в донорской акции «От сердца к сердцу»

Завершилась первая цикловая встреча региональных руководителей компании AlfaBiom


США обязаны передать Киеву "эскадрильи истребителей", заявил Зеленский

Почему Зеленский не убедил саудовского принца, кража денег РФ, что готовят против России на саммите НАТО: обзор мировой политики 13 июня

Зеленский: США передадут Киеву новые ЗРК Patriot и «эскадрильи истребителей»


Резидент «Инсайт Люди» Дмитрий Зубов 12 июня установил мировой рекорд по чеканке мяча в «Лахта Центре»

ЕВРО-2024: большой футбол ждет слушателей «Авторадио»

«Этот спорт воспитывает силу и упорство»: Вице-спикер Народного Хурала Бурятии приняла участие в открытии чемпионата России по гиревому спорту

В Москве тушат пожар в здании у метро «Динамо»


Пашинян предложил Лукашенко извиниться перед армянами из-за слов про Карабах. Что на это ответили в Белоруссии?

Белорусский дипломат оценил непомерные претензии Пашиняна к Лукашенко

«Скоро бросится на Путина»: американский пудель Пашинян прыгнул на Батьку

Видео: Истерика в Ереване: Пашинян против Лукашенко


Созданный нейросетью Собянин выманил у заслуженного врача РФ 4 млн рублей

Собянин: Более пяти тысяч семей в СВАО получили новые квартиры по реновации

Собянин: выборы в Мосгордуму будут серьезным экзаменом

Сергей Собянин. Неделя мэра


Зарядные станции для электрокаров в некоторых регионах России станут обязательными - закон

РЭО назвал топ-3 регионов по количеству пунктов приема вторсырья

«Москва 24»: при сборе грибов следует ориентироваться на запах и окрас, чтобы не положить в корзину несъедобные

Призыв лидера движения «Всеармянский фронт» оказать помощь пострадавшим после наводнения


Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях

Свыше 550 тысяч москвичей регулярно занимаются плаванием

Реконструкцию парада физкультурников покажут на mos.ru днем 14 июня

Первая игра по лазарету для детей участников СВО прошла в Ленинском округе


Стало известны победили в шоу "Сокровища императора"

Более 1500 участников отрядов Поморья отправятся в юбилейное трудовое лето

АО «Транснефть - Север» оказало благотворительную помощь детскому саду в Архангельской области

Архангелогородцев и гостей города приглашают посетить мероприятия фестиваля «Гармоничная Россия»


Выступлением самарских артистов в Крыму открылся масштабный Фестиваль, посвященный 225-летию со дня рождения А.С. Пушкина

В Нижнегорском районе Крыма проведен рейд по бывшим мигрантам

Севастополь появился на вышитой карте Крыма

В Крыму хотят создать профессиональную хоккейную команду


ООО «Водомер» стал победителем в номинации «Знак высокого доверия»

В Дмитрове определили победителей военно-патриотической игры «Пока мы едины – мы непобедимы!»

Где США намерены найти новых солдат для войны с Россией

Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *