Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү жогорку окуу жайлардагы медициналык багытта билим алган чет өлкөлүк студенттердин окуу акысынын төмөнкү чегин аныктады. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинети 12-августтагы жыйынында өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттер үчүн мындан ары окуу акысынын төмөнкү чеги 3000 АКШ доллар болот деп чечилди.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун «Азаттыкка» билдиришинче, мындай чара медициналык багыттагы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана ыраатка салуу максатын көздөйт.
"Бул талап алыскы чет өлкөнүн жарандарына тиешелүү болот. Токтомго өзгөртүүнүн максаты чет өлкөлүк жарандарды алып келип өлкөнү, билим берүүнүн сапатын уят кылбай, сапаттуу билим берүүнү уюштурууну көздөйт. Билим берүүнүн акысы көтөрүлгөн соң ага коюлган талаптар жогорулайт" . - деди Абазбек уулу.
Министрдин орун басары кошумчалагандай, буга чейин өлкөдө айрым жеке окуу жайлар чет өлкөлүктөр үчүн окуу акысын арзан кылып, бирок сапаттуу билим берүүнүн уюштура албаган учурлар болгон.
Өкмөттүн маалыматы боюнча, Кырызстанда медициналык жаатта жогорку билим берген 23 окуу жай бар. 2021-22 окуу жылында медициналык багытта 39 851 студент билим алса, анын 24 миңден ашуунун чет өлкөлүк түзгөн. Кыргызстанда медициналык билим алган билим алгандардын басымдуу бөлүгү - Пакистан, Индия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары. (BkA)
Семинар библиотекарей Ленинского округа прошел в Центральной библиотеке
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове
Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Объект культурного наследия «Фабрика-кухня» горит на севере Москвы
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
В Москве горит неэксплуатируемое здание на территории бывшего ОКБ "Сухой"
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
В Москве тушат пожар в здании у метро «Динамо»
«Утки плыли по тротуарам»: река Яуза вышла из берегов из-за сильного ливня в столице