Пакистандын полициясы мурдагы өкмөт башчы Имран Ханга террорчулук боюнча айып такты. Бул тууралуу 22-августта мамлекеттик маалымат агенттиктери кабарлады.
Мурдараак полиция Хандын жардамчысы Шахбаз Гиллди мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап, камакка алган. Гилл нааразылык акцияларында аскерлерди жана офицерлерди бийликке баш ийбөөгө чакырган.
Буга байланыштуу сөздөрүндө Имран Хан жардамчысы камакта кыйноого алынып жатканын билдирип, полицияны жана судьяны сотко берерин айтып чыккан. Бийлик мындан кийин анын YouTube каналын бөгөттөгөн. Экс-премьер-министрдин тарапташтары бир нече күндөн бери анын үйүн кайтарууга алып, Ханды камакка алууга тоскоолдук жасоого аракет кылышууда. 22-августта да ал жерде жүздөгөн жарандар жүрдү.
Үч жылдай бийликте отурган мурунку крикет жылдызы Имран Ханга 10-апрелде парламент ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Добуш берүү түн ортосунда болуп, анын ордуна Пакистан Мусулман лигасы партиясынын лидери Шахбаз Шариф бекитилген. Хан жаңы өкмөттү тааныбай турганын билдирген жана кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган. Май айында анын тарапташтары менен полициянын ортосунда кагылышуу болуп, тартип коргоочулар демонстранттарга жаш чыгарчу газ чачкан. Анда эки миңдей адам кармалып, бир бөлүгү кайра бошотулган.
Имран Хан саясий кризистин тутанышын АКШдан көрүп келет. Ал Кытай жана Орусия менен жакындаганы үчүн Вашингтон ага каршы кутум уюштурду деп эсептейт. Бирок буга эч кандай далил келтире алган эмес. АКШ мындай дооматтардын баарын четке каккан. (ErN)
В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.
За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков
Семнадцатилетняя Андреева впервые сыграет в полуфинале турнира Большого шлема
«Янника Синнера очень рано сравнивать с Роджером Федерером» // Тренер мужской сборной России по теннису Игорь Куницын — о главных событиях Roland Garros
Новости и Культура, Дети и Россия: кукольный Театр Ульгэр выступил в Улан-Улан-Удэ в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник
Сотрудники военных следственных органов Следственного комитета России по всей стране оказывают помощь подшефным детским учреждениям
Поражения Шубенкова и Савлукова, осечка Кнороз и двойной триумф Макаренко: чем запомнился «Мемориал Знаменских»
Определят победителя на конкурсе театральных коллективов школ в УЛАН-УДЭ нс конкурсе детей Алтан Баг - Театр, Новости и Культура, Дети, Россия