26-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда делегат Баатырбек Исмаилов президент Садыр Жапаровдон камакта жаткан саясатчыларды, активисттерди үй камагына чыгарууну сурады. Ал өлкө башчыны командасын тазалоого чакырып, жемкорлук менен күрөшүү акыйкат болбой жатканын айтты.
“Мыйзам такыр тетири жолго кетип баратат. Азыр камакта жаткан активисттер сиз түрмөдө жатканда чырылдап сизди чыгарткан. Эми мыйзамды сыйлабай камап койдуңар. Ушул жерде сиздин жан-жөкөрлөрүңүз күлүп отурат. Алар үч президентти каякка жибергенин билесиз. Сизди да жарга такады. Алардын ден соолугу кетип атат, түрмөдөн чыгарыңыз. Бул жакшылыкка алып барбайт. Кошоматчыларды укпай, элдин үнүн угуңуз”, - деди Исмаилов.
Элдик курултай Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 25-ноябрда башталган. Ага 1072 делегат катышууда.
Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын сууcун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн макулдашуусун көпчүлүк добуш менен колдогон.
Суу сактагычтын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га жакын оппозициялык саясатчы, активисттер “мамлекетте башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камакта жатат. Алар муну саясий куугунтук катары баалап келет.
Акыйкатчы институту жапырт кармоолор учурундагы мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратурага кайрылган, бир катар жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары, чет элдик элчиликтер кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга чакырган. (BTo)
Семинар библиотекарей Ленинского округа прошел в Центральной библиотеке
Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Объект культурного наследия «Фабрика-кухня» горит на севере Москвы
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Русская туристка удивилась, как в Таджикистане относятся к женщинам: "Было страшно"
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже электроинструментов
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России