Орусияда репрессиянын курмандыктарына арналган эстеликти булгап кетишти
Орусиянын Иркутск облусундагы Тайшет шаарында саясий репрессия курмандыктарына тургузулган эстеликке белгисиз адамдар сыр чачып кетишкен. Шаардын сейил багындагы эстеликтин курулушу бир апта мурда эле бүткөн. “Сибирь. Реалии” сайтынын маалыматына караганда, окуя 4-июлга караган түнү болгон жана эстеликтеги жазуу окулбай калган. Сталиндик репрессия жылдары Тайшет районунда соттолгондор камалган Тайшетлаг лагери орун алган. Андан тышкары Чыгыш Сибирге жана Ыраакы Чыгышка сүргүнгө айдалган туткундар Тайшет станциясы аркылуу өтүп турушкан. Читать дальше...