Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Октябрь
2017
1
2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Новости за 03.10.2017

Раймер: Шайлоону ар тараптан карайбыз

Azattyk.org 

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму 15-октябрдагы президенттик шайлоо боюнча өткөөл баяндамасын жарыялады. Анда шайлоо жараянынын 5-26-сентябрдагы бөлүгү боюнча уюмдун байкоолору айтылган. “Азаттыктын” айрым суроолоруна ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун өкүлү Томас Раймер (Thomas Rymer) жооп берди.

Кыргыз медиасы калыстыктан тайды

Azattyk.org 

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу Кыргызстандыгы президенттик шайлоо алдында жалпыга берилүүчү калыс маалымат азайганын жазды. Ал эми жергиликтүү медиа эксперттер журналисттер бейтарап, калыс болуу принцибин унутуп, үгүтчүгө айланды деп сындап жатышат.

Шайлоодо "оюнчулардын" орду алмашабы?

Azattyk.org 

Талапкерлер ортосундагы президенттик орун үчүн саясий кармаш курч мүнөзгө өттү. Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго байланыштуу соңку окуялардан кийин башка бир талапкер Темир Сариевдин саясий таскагы катуулай баштады. Темир Сариев саясий күрөштө улут маселесин көтөрүп, шайлоодо башаламандык уюштурууну көздөгөн аракеттерди айыптаган билдирүү жасады. Ошондой эле Сариевдин шайлоо штабы анын Сокулук району боюнча өкүлү менен жакында кармалган Бабановдун саясий өнөктөшү Канатбек Исаевдин байланышы тууралуу түшүндүрмө берди. Читать дальше...

Талапкер Кочкоровдун айрылган баннери

Azattyk.org 

Президенттикке талапкер Улукбек Кочкоровдун Талас шаарынын Сарыгулов көчөсүндөгү борбордук штабына илинген баннерин 2-октябрга караган түнү белгисиз адамдар айрып кетишкен. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысына Кочкоровдун Талас облусундагы ишенимдүү өкүлү Элдар Алаков билдирди. Алар окуя боюнча укук коргоо органдарына кайрылды. Таласта буга чейин президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт баннерлери айрылып, өрттөлгөн.

Кылмыш чөйрөcү шайлоого аралашуудабы?

Azattyk.org 

Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү президенттик шайлоонун үгүт иштерине кийлигишип, айрым талапкерлердин пайдасы үчүн активдүү иштеп жатканы айтылууда. Кылмыштуу топтордун саясий процесстерге аралашуусуна негиздер барбы, талапкерлер алардын жардамына муктажбы, “кримчөйрө” шайлоонун натыйжасына канчалык таасир эте алат, мыйзамсыз топтордун шайлоого аралашып жатышы кандай кесепеттерди алып келиши мүмкүн? Ушул жана башка суроолорго “Арай көз, чарай” берүүбүздөн жооп табууга аракет кылабыз. Талкууга мурдагы... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *