Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Ноябрь
2017
1
2
3
4
5
6 7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27 28 29 30

Новости за 28.11.2017

Мигрант эненин кусалыгы

Azattyk.org 

Виртуоз-аккордеончу, композитор Догдурбай Урмамбетовдун жан дүйнөсү, Арстанбаптагы эл курган мектептер, Барскоондо дини башка маркумдун сөөгүнүн башка айылдын жерине берилгени, Петровкадагы 18 жаштагы кыздын табышмактуу өлүмү, Баткендеги жалаң эркек балдар окуган класс, Казакстанда 17 жылдан бери иштеген мигрант эненин кусалыгы тууралуу видеобаяндар “Данистенин” бул жолку чыгарылышында.

Чөнтөккө күч келтирген билет баасы

Azattyk.org 

Соңку убакта Ош-Бишкек каттамына авиабилеттин баасы 5 миң сомго чейин жетти. Бул жүргүнчүлөрдү нааразы кылганына байланыштуу, парламент депутаттары 28-ноябрда “Манас” аэропортуна барышты.

Молдалиев: Токол алууга үндөө - мыйзамды тоготпостук

Azattyk.org 

Молдо-аалымдардын мыйзамга каршы келген үгүт-чакырыктарына коомчулук жана мамлекеттик органдар катуу реакциясын билдириши керек. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Орозбек Молдалиев ушундай пикирин билдирди. Буга чейин мурдагы муфтий, диний аалым Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын жарыялап, башка эркектерди да шарты болсо нике жаңыртууга чакырган.

Чубак ажынын мыйзамды аттаган никеси

Azattyk.org 

"Кылым шамы" укук коргоо борбору экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганын ачык жарыялаганы боюнча прокуратурага кайрылмай болду. Уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова Жалиловдун мыйзамды бузганына, башка жарандарды өзүнөн үлгү алууга үндөгөнүнө укуктук баа берилиши керек деп эсептейт.

Белеков: Аэропортторду кеңейтебиз

Azattyk.org 

"Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторун модернизациялоо жана ага инвестиция салуу боюнча эл аралык «TAV Airports Holding» компаниясынын сунушун кароо үчүн жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Манас” эл аралык аэропортунун инвестиция жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча директору Нурсултан Белеков айтып бермекчи.

"Ачык асман": тобокелдик жана мүмкүнчүлүк

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү “Ачык асман” долбоорун ишке киргизүү боюнча эксперттердин пикирлерин сурап жатат. Бул боюнча өкмөттө вице-премьер-министр жетектеген топ да иштеп жатат. “Ачык асман” долбоору Кыргызстанга эмне берет? "Ал ишке кирсе, жергиликтүү авиакомпаниялар банкрот болот" деген кооптонуу канчалык негиздүү?

Орус спортчулары алтындан кол жууду

Azattyk.org 

Эл аралык Олимпиада комитети орусиялык бобслейчилер менен коньки тебүүчүлөрдү кызытма колдонууга күнөөлүү деп таап, Сочи олимпиадасында уткан медалдарынан ажыратып, кийинки мелдештерге катышууга тыюу салды. Буга расмий Москва «жеңишти уурдап алууга мүмкүн эмес» деген жооп кайтарды.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *