“Чоң жети” (G7) өлкөлөрүнүн лидерлери башка өлкөлөрдүн, биринчи кезекте Орусиянын “кастык аракеттерине” каршы “тез жооп кайтаруучу механизм” түзүүнү сүйлөштү деген билдирүү британ өкмөтүнүн сайтына жарыяланды. Документке ылайык, өнөктөштөр мындан кийин кибер жана химиялык чабуулдар сыяктуу агрессиялык аракеттерге макулдашуу менен тез арада жооп кайтарышат. “Бул кастык кылган мамлекеттердин чектен чыккан жоруктары үчүн ачык жооп берүүгө аргасыз кылган кадам” деп айтылат расмий билдирүүдө. Британиянын... Читать дальше...
Обончу Майрамбек Осмонов акын Шайлообек Дүйшеевдин “Көр саткандарга” аттуу ырына обон жаратып, ырдап чыкты. Майрамбек Осмонов учурда актуалдуу болуп жаткан маселени тиешелүү тармактарга жетирүү максатында жакынкы күндөрү ырды калың элге тартууларын кабарлады. - Жакында Асанкалый Керимбаевдин кичүү уулу кайтыш болуп, Бишкекке коюлду. Тажияга барсам, ошол жердеги балдар Улан Эгизбаев деген журналист “Көр мафиясын” таап чыкканын айтып жатышты. Ошондон бери коррупция мүрзөгө чейин жетиптир деп кейип жүргөм. Читать дальше...
Бүгүн, 9-июнда Баткендин Лейлек районунда кечке маал катуу жааган жамгырдан Лейлек айыл аймагынын Кара-Суу, Ак-Терек айылдарында жана Катраң айыл аймагынын Катраң, Өзгөрүш айылдарында сел жүргөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Катуу жамгырдын айынан Коргон – Катраңдын 16-21- чакырымы жана Исфана – Андарак - Көк-Таш айылдарынын ички автоунаа жолдорунун 14-18 - чакырымдарында шагыл аралаш сел жүрүп, жол убактылуу жабылган. Мындан сырткары Кара-Суу айылында балдар бакчасынын имаратын... Читать дальше...
Орус лидери Владимир Путин Украинанын президенти Петро Порошенко менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда тараптар адам укуктары боюнча эки тараптын өкүлдөрүн абактагылар менен жолуктурууга макулдашты. Кремлдин сайтында сүйлөшүү украин тараптын демилгеси менен уюштурулганы жазылган. Ал эми Украина президентинин маалымат кызматынын билдиришинче, Порошенко Орусиядагы түрмөлөрдө жаткан украиналык саясий туткундарды бошотууну тездетүүсүн талап кылган. Ал ачкачылык жарыялаган украин жарандарына көңүл буруп... Читать дальше...
Казакстандын Айыл чарба министрлиги Орусиянын бир нече компаниясынын продукциясын киргизүүгө убактылуу тыюу салганын жарыялады. Министрликтин расмий сайтында мыйзам бузуулар аныкталгандан кийин чечим кабыл алынганы жазылган. Ага ылайык, орусиялык төрт тоок фабрикасынын продукциясынан колиформ бактериялары жана сальмонелла табылган. Айыл чарба министрлигинин тыюу салуусуна орусиянын колбаса чыгарган “Царицыно” компаниясы дагы илинди. Казак тараптын маалыматында тоок этинен жасалды деген продукциядан чочконун ДНКсы табылган. Читать дальше...
Тажикстанда "мигранттар ВИЧке кан тапшыргандан кийин гана өлкөгө киргизилсин" деген демилге көтөрүлдү. Өзбекстанда болсо жыл башында мигранттар үй-бүлөлөрү менен текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирилген.
Талдоочулардын баамында, 2005-жылы бийлик алмашкандан бери өлкөдөгү кирешелүү мүлктү бөлүштүрүүнүн аягы тыйылчудай эмес.
10-11-июндарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32; Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34; Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…26; Нарында түнкүсүн 6…11; күндүз 21…26. Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16...18, күндүзгү жогорку температурасы 30...32 градус ысык болот.
Өлкөдө улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө иштери түрдүү багытта жүргүзүлүп жатат. Анын бири – аскер кызматына түрдүү улуттагы уландарды тартуу менен жаштар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатын ишке ашыруу. Учурда Оштогу аскердик чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жигиттердин арасында өзбек, татар жана башка улуттун өкүлдөрү бар.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына 2017-жылы кыз ала качуу боюнча 34 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен үч факты боюнча гана кылмыш иши козголуп, эки иш тараптар элдешип алганы үчүн токтотулган. Ал эми быйыл ушул убакка чейин тогуз арыз келип түшүп, тосмо арыздын негизинде бирине да иш козголгон эмес. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. - Көбү кайра баш тартышат. Арыз жазышат, андан кийин кайра тосмо арыз менен кайрылышат. Читать дальше...
Бишкекте 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын окуясына байланыштуу "Кечир бизди, Бурулай!" аттуу акция өттү. Ага экс-президент Роза Отунбаева баштаган коомдук уюмдун өкүлдөрү, жарандык активисттер, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.
9-июнь күнү Ооганстандагы Кундуз провинциясынын Калае Зал өткөрмө бекетине талиптер кол салып, 25 жергиликтүү полиция кызматкери өлдү. Дагы тогуз киши жарадар болгон. Бул тууралуу коңшу Имам Сахиб районунун жетекчиси Аманеддин Курейши маалымдады. Герат провинциясында 17 ооган аскери Завол районундагы өткөрмө бекетинде талиптердин колунан ажал тапты. Буга чейин "Талибандын" согушкерлери ооган бийлигинин орозонун соңундагы Айт майрамына байланыштуу ок атышууну токтотуу сунушуна макул болгон. Бирок... Читать дальше...
Чыңгыз Айтматов жана Азамат Алтай. Эки чыгаандын тагдыры жана тарыхы. Эркиндиктин деми, өткөн кылымдын моралдык сабагы. Бул эки инсан Кыргызстан өзүнүн улуттук өзгөчөлүгүн сактоо менен мамлекет катары өнүгөрүнө ишенген.
Өлкөдөгү кылмыштардын жана тартип бузуунун бирдиктүү реестри жыл аягына чейин сыноо режиминде иштей баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Кылмыштардын электрондук китебин жана кылмыштардын бирдиктүү реестрин киргизүү маселесин Башкы прокуратура координациялайт. Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, 2018-жылдын октябрына чейин кылмыштардын электрондук китеби, декабрга чейин кылмыш жана тартип бузуулардын бирдиктүү реестри сыноо режиминде иштери пландалып жатат. Буга чейин... Читать дальше...
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Тоң жана Күн-Чыгыш айыл өкмөттөрүндө "Таза долбоор” демилгечи тобунун жаштары менен бирге жергиликтүү эл ишембилик өткөрүп, көл жээгин тазалашты. Ишембиликке үч айыл өкмөттүн эли жана "Таза долбоордун" аймактардан келген өкүлдөрү болуп 200дөй киши катышты. Уюштуруучулар акциянын максаты - айлана-чөйрөнү, өзгөчө туристтер көп келген жерлерди таза сактоо жана коомчулуктун аң-сезимин тазалыкка буруу экенин түшүндүрүштү. "Таза долбоор” уюму мындан төрт жыл мурда активист жаштардан куралган. Читать дальше...
Кытайда камакта отурган казак улутундагы Ертай Султанбектин туугандары Алматыда басма сөз жыйынын өткөрүп, казак бийлигинен көмөк сурады. Ертай быйыл 25-майда Кытайда кармалгандан бери кабарсыз. Басма сөз жыйынын өткөргөндөр Назарбаевдин Кытайдагы сапарында ал жактагы казактардын маселесине бийликтин көңүлүн бурдурууну көздөп жатканын айтышты.
Бүгүн, 9-июнда Бишкекте 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын окуясына байланыштуу акцияда экс-президент сөз сүйлөдү. Анда Отунбаева ала качып барган үй-бүлөдө кызды отургузууга аракет кылган аялдарга кайрылды. - Аялдар, мен силерге кайрылат элем. Айылдагы эже-сиңдилер силерде да күнөө бар. Ушундай татынакай кыздардын кетип жатканына күнөөлүүсүңөр. Эмнеге карап отурабыз ушундай болуп жатса. Эркектерде күнөө бар. Кыргызстандагы аялдарды тең көрбөйсүңөр. Ансыз да силерге тийбей калды кыргыз кыздары, - деди Отунбаева. Читать дальше...
Бүгүн, 9-июнда Бишкекте 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын окуясына байланыштуу акция өтүп жатат. Ага экс-президент Роза Отунбаева баштаган коомдук уюмдун өкүлдөрү, жарандык активисттер, белгилүү чыгармачыл адамдар катышууда. Акцияга келген жүздөй адам Уркуя Салиеванын эстелигинен Ак үйгө чейин жөө жүрүш кылышат. 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Читать дальше...
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президентти Эмомали Рахмон Кытайдын Циндао шаарында жолукту. Тараптар аймактагы диний терроризм жана экстремизмдин абалы жөнүндө сүйлөшүп, аларга каршы турууну чогуу күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Жээнбеков өз сөзүндө кыргыз тарап Тажикстан менен мамилеге өзгөчө көңүл бурарын, эки тараптын тең кызыкчылыгын камтыган кызматташтыкта, чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүгө ачык экенин белгиледи. Эки лидер тең чек арадагы делимитация, демаркация иштерин эртелетүү зарыл деген пикирин билдиришти.
Бишкекте 8-июнда алтайлык жана жергиликтүү музыканттардын, ырчы, бийчи, композиторлордун концерти өттү. Кечеде алтай-кыргыз ырчыларынын дуети, бийи, түпкүлүгү окшош чыгармалары тартууланды. Байыркы элдик өнөрүн азыркы заманга ылайыкташтырып иштеп чыккан таанымал топтор өз өнөрүн көрсөттү.
Бойго жеткен кыз-келиндер арасында төрөп, баласынан баш тарткандар жана баласы менен жалгыз калгандар көбөйүүдө.
Өспүрүм кыздар арасында төрөп, баласынан баш тарткандар жана баласы менен жалгыз калгандар көбөйүүдө. Адистер муну сексуалдык сабатсыздыктан, тарбиянын, адеп-ахлактын жетишсиздигинен көрүшөт.
Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча жумушчу топ жай айларында Бишкекте чогулат. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, учурда темир жолдун багыты менен өтмө базаны тактоо иштери жүрүп жатат. Кыргызстан Торугарт - Ат-Башы - Ак-Талаа, Тогуз-Торо - Жалал-Абадды аралап өтө турган багытты сунуштады. Жолдун жалпы узундугу 433 чакырым. Үгүткө өтмө база куруу пландалган. Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган темир жол куруу демилгеси көтөрүлгөнүнө 10 жылдан ашканы менен... Читать дальше...
Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсүнүн курулушу 15-июнга чейин аяктайт. Бул маалымат премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 8-июнда Нарындагы иш-сапары учурунда айтылды. Быйыл жазында райондон облус борборуна жана башка айылдарга өтүүчү, узундугу 141 метрди түзгөн көпүрө бузулуп, район тургундары эки жакка аркан менен каттап калышкан. Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин айтымында, 2017-жылдын апрель айында жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында көпүрө тирөөчтөрүнүн суу астында калганы аныкталган. Читать дальше...