Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Ноябрь
2018

Новости за 03.11.2018

Балыкчы: бүтпөгөн ремонт, кыйналган балдар

Azattyk.org 

Балыкчы шаарындагы капиталдык ремонтко деп жабылган Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин 1200дөн ашык окуучусу окуу жылы башталгандан бери төрт чакырым алыс “Манас” мектебине барып окуп жатышат.

Өзбекстан: блогерлерди сестенткен камоо

Azattyk.org 

"Фридом Хаус" 65 өлкөдөгү Интернет эркиндигин иликтеп, отчетун жарыялады. Анда Өзбекстан оң баага татып, мактаарлык иш кылган 13 өлкөнүн катарына кирген. Мирзиёевдин тушунда карапайым эл бийликке сын айтууга даай баштады. Бирок коңшулар дале "эркин эмес" деген тизмеде.

Стамбулда Айтматовго арналган иш-чара өтүп жатат

Azattyk.org 

3-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара өтүүдө. Анда Айтматов тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, айрым адабиятчылар жазуучунун түрк адабиятына кошкон салымы боюнча сөз сүйлөштү.  Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) 2018-жылды "Айтматов жылы" деп жарыялаган. Залкар жазуучунун 90 жылдыгына карата Түркиянын булуң-бурчунда ар түрдүү маданий иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. Жазуучунун 90 жылдыгын Кыргызстанда жана... Читать дальше...

Аба ырайы: туман каптайт

Azattyk.org 

Кыргыз гидрометеорология борбору 4-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертти. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7; Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5; Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…7; Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7; Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз -7…-12 градус болот. 4-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

Мен билген, мен сүйгөн Айтматов

Azattyk.org 

Онго таяп калган элем. Эсимден ал күн эч өчпөйт. Адамдын жашоосунда үрүл-бүрүл болгон будамык элестердин арасында чакчайып көрүнүп, ошол боюнча сакталып калган таасирлүү күндөр болот. Ал күн да ошондойлордун бири.

Эрдоган Саудияны Хашогжинин өлүмү үчүн ачык айыптады

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Сауд Арабиясынын бийлигин маркум журналист Жамал Хашогжинин өлүмү үчүн күнөөлөдү.  "Хашогжини өлтүрүү буйругу Сауд Арабиясынын өкмөтүндө отурган жогорку деңгээлдеги кишилерден келгенин биз билебиз" деп жазылган The Washington Post басылмасында жарык көргөн макалада. Бирок ошол эле учурда Түркия менен Сауд Арабиясынын ортосундагы мамиле жакшы экенин баса белгилеген президент журналисттин өлүмүнө Салман хан өзү кийлигишкен эмес деп билдирген. Жамал Хашогжи - сауд арабиялык журналист. Читать дальше...

Мурдагы депутат Асылбек уулунун соту

Azattyk.org 

2-ноябрда Казакстанда кеминде үч өлкө аркылуу "аткезчилик жол менен товар ташып жүргөн" деп кармалгандардын соту өттү. Сот жараянын "Азаттыктын" казак кызматы тасмага тарткан. Беш айыпталуучу сот жүрүшүн журналисттердин чагылдырышына каршы чыкса, Асылбек уулу жана башкалар ачык өтүп, камерага тартылышын колдошту.

"Твиттер" 10 миң аккаунтту өчүрдү

Azattyk.org 

"Твиттер" АКШда 6-ноябрда өтө турган шайлоодо добуш бербөөгө чакырган 10 миңдей шек туудурган аккаунттарды өчүрдү. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги "Твиттердин" өкүлү Ян Планкетке таянып кабарлады. Социалдык түйүн сентябрдан октябрь айына чейинки аралыкта жарыяланган билдирүүлөрдү жок кылды. Аталган аккаунттардын баары Демократтар партиясынын тарапташтары катары катталган.  АКШ Конгрессине шайлоо 6-ноябрга белгиленген. Бул шайлоо жөнүндө жазылган микроблогдордун саны 10 миллиондон ашып... Читать дальше...



Балыкчы “Коопсуз шаарга” кадам таштады

Azattyk.org 

Балыкчы шаары "Коопсуз шаар" долбоорун алгачкылардан болуп ишке ашырганы айтылууда. Өлкө борбору жана башка чоң шаарлар көчөгө камера орното албай жатканда чакан шаардын бийлиги кандай чечим кабыл алды? "Коопсуз шаар" долбоорунун талаптары эске алындыбы? "Азаттыктын" кабарчысы Балыкчыга барып тарткан сюжетти сунуштайбыз.

Көк бөрү чемпионатында Чүйдүн командасы жеңди

Azattyk.org 

Ошто өтүп жаткан көк бөрү чемпионатында Чүй облусунун командасы Ысык-Көлдүн командасын 5:1 эсебинде утуп, биринчи орунду ээледи.  Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын баш катчысы Куватбек Аскаровдун айтымында, көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты 2014-жылдан бери өткөрүлбөй келген. Бул ирет чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө "Улуттук спорттун түрлөрү боюнча спорт чебери" деген наам берилет. Мындан тышкары эр эңиш жана ар кандай аралыкка ат чабыштын финалдык бөлүгү болот. Ат оюндары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган.

Базар-Коргондогу борбордук стадионго Текебаевдин ысымы ыйгарылды

Azattyk.org 

Базар-Коргон районунун борборунда жаңыдан реконструкцияланган стадионго маркум Асылбек Текебаевдин ысымы ыйгарылды.  3300 орунга ылайкташкан стадионду оңдоого мамлекеттик бюджеттен 40 миллион сом каралып, былтыркы жылы оңдоо иштери башталган. Анын ачылышы кечээ, 2-ноябрда райондун 100 жылдык мааракесин белгилөө учурунда болду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган депутаттар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Борбордук стадион 1982-1983-жылдары ашар жолу менен курулуп баштап, толук бүтпөй калган. Читать дальше...

Маданият-Жалал-Абад унаа жолун оңдоо иши 2019-жылы башталат

Azattyk.org 

Ош-Бишкек трассасынын 67 чакырымын түзгөн Маданият-Жалал-Абад автоунаа жолун реконструкциялоо 2019-жылдын жаз айларынан башталат. Бул тууралуу транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын Жалал-Абадда өткөн көчмө жыйыны учурунда билдирди. - Долбоорду аткарууга Евразия өнүктүрүү банкы менен 2014-жылы 72 миллион долларга макулдашылган. Бирок документ жана уюштуруу иштери, долбоорду даярдоого төрт жыл убакыт кетти. Тендерди азербайжандык компания утуп алган. Читать дальше...

Балконго батпаган бүркүт

Azattyk.org 

Эркин Борбиевдин “Жылаажын” аңгемеси шаар менен элеттин, цивилизация менен көчмөн турмуш ортосундагы айырманы, алардын ортосундагы карама-каршылыкты көрсөтүүгө арналган.

АКШ менен Кытайдын соода тиреши чечилеби?

Azattyk.org 

АКШ жана Кытай лидерлери телефондон сүйлөштү. Дональд Трамп менен Си Цзинпиндин бул жолку сүйлөшүүсү дүйнөнүн эң ири эки экономикасынын соода тиреши уланып жаткан учурда болду.

Борбор Азиядагы Америка университети эң мыкты деп табылды

Azattyk.org 

Борбор Азиядагы Америка Университети Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы эң мыкты университеттердин 2019-жылкы рейтингине илинди. Мындай маалыматты дүйнө университеттеринин рейтингин аныктаган QS World University Ranking уюму жарыя кылды.  Аталган рейтингге жалпысынан 300 университет кирген. Ага Казакстандан 25 окуу жай катышып, Ал-Фараби Казак улуттук университети 19-орунду ээлесе, Кыргызстандан эки окуу жай катышып, Борбор Азиядагы Америка Университети тандалып алынып, сапта 151-160-орундардын ортосунда турат. Читать дальше...

Көк бөрү: Талас командасы коло байге алды

Azattyk.org 

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын коло байгесине Талас облусунун командасы ээ болду. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматына кабарлагандай 3-орун үчүн Талас менен Ош облусунун командасы беттешип, 5:0 эсебинде таластык көкбөрүчүлөр жеңишке жетти. Оюн бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарындагы "Төлөйкөн" ат майданында өттү. Алдыда чемпиондук наам үчүн Ысык-Көл жана Чүй облусунун командасы ойнойт. Беттеш саат 14:00 башталат. Көкбөрү боюнча өлкө чемпионаты 29-октябрда башталган. Читать дальше...

Туугандарды касташтырган "кара кагаз"

Azattyk.org 

Үч баланын энеси Айнура Камил кызы төрт жылдан бери мурдагы кайын-журту менен талашып-тартышып жүрөт. Келиндин күйөөсү 2014-жылы жол кырсыгынан каза тапкан. Ошол күндөн тартып күйөөсүнүн өлгөнү тууралуу кара кагазды, балдарынын күбөлүгүн кайындарынан ала албай жатат.

АКШдагы кинофестивалда актер Акылбек Абдыкалыков сыйлыкка ээ болду

Azattyk.org 

Кыргыз актеру Акылбек Абдыкалыков АКШнын Лос-Анжелес округунун Калвер-сити шаарында өткөн "Asia World Film Festival" эл аралык кинофестивалында "эркектин ролун мыкты ойногону" үчүн сыйланды. Бул тууралуу "Айтыш" фондунун өкүлү Чолпон Идрисова "Азаттыкка" билдирди. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Акылбек Абдыкалыков Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" аттуу тасмасында баш каармандын образын жараткан.  Тасмада баяндалган окуя Ысык-Көлдүн жээгинде орун алат. Улгайып калган киши караңгыда мотоцикл айдап келатып... Читать дальше...

Кабулдагы өрттөн ири электроника базары чыгымга учурады

Azattyk.org 

Ооганстандын борбору Кабулда 2-ноябрга караган түнү чоң өрт чыгып, шаардын борборундагы электроника саткан жүздөгөн дүкөндөрдү чыгымга учуратты.  Тилсиз жоодон бир да киши жабыркаган жок. Тутанган өрт 13 сааттын ичинде араң өчүрүлдү.  Бийлик өкүлдөрү учурда өрттүн себептерин иликтеп жатышат. Алдын ала маалыматка караганда ага электрондук жабдыктардан чыккан от себеп болгон. Өрт өчүргүч суу түтүктөрдөгү суунун басымы төмөн болгондуктан жалынды чектөөгө көп убакыт кеткен. Өрт өчүргүчтөр сууну атайын... Читать дальше...

25 жыл аралыгында көзү өткөн кыргыз журналисттеринин галереясы ачылат

Azattyk.org 

7-ноябрь эл аралык маалымат жана басма сөз күнүнө карата 25 жыл аралыгында көзү өткөн кыргыз журналисттеринин сүрөт галереясы ачылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучулардын бири, журналист Күнболот Момоконов билдирди. - Журналисттердин күнүнө карата маркумдарга багыштап 7-ноябрь күнү "Ак сарай" ресторанында куран окутулат. Ошол эле жерде 120дай маркум журналисттердин сүрөт галереясы ачылат. Иш-чарадан кийин ал сүрөттөр Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетине тапшырылат. Демилгени Элнура Кулуева... Читать дальше...

Көк бөрү оюндарынын финалында Чүй менен Ысык-Көл беттешет

Azattyk.org 

Ош шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча өлкө чемпионатынын финалдык оюнунда Ысык-Көлдүн жана Чүй облусунун командалары беттешет. Ош жана Талас облустарынын командалары бул жолу 3-орун үчүн күч салышат. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдиргендей, 1-ноябрда жарым финалда болгон оюндарда Чүйдүн улакчылары Талас командасын 5:1, көлдүктөр Оштун көкбөрүчүлөрүн 1:0 эсебинде жеңип, финалдык таймашка чыккан.  Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын... Читать дальше...

Президент Жээнбеков “Ош-Айтматовдун тагдырында” аттуу эскерүү кечесине катышууда

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков “Ош-Айтматовдун тагдырында” аттуу эскерүү кечесине катышууда. Иш-чара Ош шаарынын улуттук драма театрында өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы кабарлады. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган “Ош-Айтматовдун тагдырында” аттуу республикалык иш-чаранын алкагында жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын жандуу галереясы, Ош шаары жана Ош облусунун кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулган. Эскерүү кечесинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү көрсөтүлүп жатат. Читать дальше...

АКШ Иранга каршы бардык санкцияларды кайра киргизет

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Иранга карата 2015-жылы алынып салынган санкцияларды кайра толугу менен киргизүүнү ниеттенүүдө. Ак үйдүн тараткан билдирүүсүндө бул катаал санкциялар Ирандын банк, энергетика жана кеме куруу тармактарына багытталары кабарланат.  Анткен менен жаңы санкциялар Ирандын мунайын импорттоо боюнча эл аралык келишимге кол койгон сегиз өлкөгө таасир этпейт. АКШ өзү бул келишимден 2018-жылы чыгып кеткен. Анда Трамп аталган келишим АКШнын кызыкчылыгына каршы келерин билдирген. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *