Саломе Зурабишвили ант берип, президенттик кызматына киришти
Грузияда 28-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуштардын 59,52% алуу менен жеңишке жеткен Саломе Зурабишвили ант берип кызматына киришти. Ал 16-декабрдагы инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө өлкөдөгү саясий күчтөрдү бириктирүүгө, НАТО жана Еврошаркет менен кызматташтыкты тереңдетүүгө убада берди. Ант берүү аземи борбор шаар Тбилисиден 100 чакырым ыраактагы Телави шаарында, 18-кылымда курулган хансарайда өттү. Ага 1800дөй чет элдик жана жергиликтүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер катышты. Читать дальше...