Чектеш үч облустун башчылары Ферганада жолугушат
23-апрелде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чектеш облустарынын башчыларынын жолугушуусу Ферганада өтөт. Ага Кыргызстандан Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев, Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджобий Ахмодзода, Өзбекстандын Фергана дубанынын губернатору Хайрулло Бозоров баштаган делегация катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев ырастап, сүйлөшүүлөрдө экономикалык кызматташтыкка басым жасаларын билдирди... Читать дальше...