Нукустагы “Эл кызматында ” гезитинин башкы редактору менен юристи Өзбекстандын эл артисти Юлдуз Усманованы "каракалпак элине акарат келтирди" деп айыптап, аны сотко беришти.
Өзбекстан Баткен облусунун Самаркандек айылындагы жатак мектептин ордуна жаңы мектеп салып берет. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясы кабарлады. Маалыматка караганда, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Базаров баштаган делегация менен жолугушкан. Жетекчилер эки тараптуу алаканы арттырууну макулдашкан. Жолугушуу учурунда Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилери 70 жылдык тарыхы бар... Читать дальше...
Быйыл глобалдык экономика 5,6% өсөт деп күтүлүүдө. Бул тууралуу 8-июнда Дүйнөлүк банк билдирди. Жаңы прогноз финансылык институт январда чыгарган болжолдуу санактан 1,5% жогору. Бул –дүйнөлүк экономиканын рецессиядан чыгуусунун эң кубаттуу көрсөткүчү. Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу соода, ишкердик токтоп, эл үйдө отуруп калганда глобалдык экономика төмөндөп кеткен. Дүйнөлүк банктын божомолунда, эми АКШнын экономикасы 6,8% өсөт. Январда бул сан 3,5% деп көргөзүлгөн. Кытайдын экономикасын 8,5% сүш күтүүдө. Читать дальше...
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Уланбек Калманбетов Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 8-июнда кол койду. 40 жаштагы Калманбетов быйыл апрель айында транспорт, курулуш, архитектура жана комуникация министринин орун басары болуп дайындалган. 5-майда жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Транспорт министрлигинен бөлүнүп, өзүнчө түзүлгөн. Читать дальше...
БУУнун Гаагадагы трибуналы Босния армиясынын мурдагы кол башчысы Ратко Младичтин апелляциялык арызын канааттандырган жок. “Босниянын касапчысы” деген атка конгон мурдагы аскер башчы 1992-95-жылдары Босния-Герцеговинадагы уруш маалындагы геноцид, адамзатка каршы кылмыштар жана согуштук кылмыштар үчүн айыпталган. 2017-жылы өмүр аягына чейин кесилген. Соттун 8-июндагы отуруму пандемиядан улам жабык өттү. Ага тагылган айыптардын арасында Сребреница шаарчасындагы 8 миңдей мусулман эркек киши менен өспүрүмдөрдү өлтүрүү фактысы да бар. Читать дальше...
Нарын музыкалык драма театрынын актрисасы, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Бермет Өмүрова 80 жашта. Актриса өзүнүн өнөрү, өмүрү жана тагдыры тууралуу "Азаттыкка" сыябан-маек курду.
Казакстандын Коргоо министрлиги Тажикстан жана Кыргызстанга бериле турган аскердик-техникалык жардамдын чоо-жайын түшүндүрдү. Бул тууралуу 8-июнда "Тенгри ньюс" сайты жазды. Мекеме Казакстандын эки өлкө ортосундагы "чек ара талашын ырбатайын" деген ою жок деп билдирди. Министрликтин айтымында, 2019-жылдын декабрында Тажикстандын Коргоо министрлиги тажик-ооган чек арасындагы абалдын курчушуна байланыштуу аскердик-техникалык жардам сурап кайрылган. Анын негизинде, өкмөт аралык келишим иштелип чыгып, ага быйыл 17-апрелде кол коюлган. Читать дальше...
Кызматтан алынган Кубанычбек Турдубаевдин ордуна энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалган Доскул Бекмурзаев тармакты кыска арылыкта түп-тамырынан бери реформалай турганын билдирди. "Энергетика системасында олуттуу реформалар болот. Эл каалагандай, самап, күтүп жаткандай реформаларды ишке ашырабыз. Тариф саясатында, башка тармакта кыска аралыкта реформа жасалат", - деди Бекмурзаев. Президенттин администрациясы министрликтеги кадрдык алмашууга комментарий бере элекк. Кубанычбек Турдубаев... Читать дальше...
Камактагы мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду колдоо митинги Талас шаарында өтүп жатат. Саясатчынын тарапташтары облустук драм театрынын жанына чогулушту. Алар Бабановго коюлган айып жалган экенин айтып, соттун жабыктыгына, журналисттерди киргизбей жатканына нааразычылыгын билдиришүүдө. Уюштуруучулар митингге миңден ашуун адам келгенин маалымдашты. Облустук милициянын эсебинде алардын саны 200дүн тегерегинде. Бабанов учурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында жатат. Читать дальше...
Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып, Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында чыккан казакстандыктарды полиция камакка алды. Айрымдарына ири өлчөмдө айыппул салынды.
Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инанды түрк элчилигинин имаратында кармалып турат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди. Ага ылайык, 7-июнда ТИМде Түркиянын элчиси менен жолугушуу өткөн. "Орхан Инандынын аялы жолдошу түрк элчилигинин имаратында болушу мүмкүн деген божомолун айткан. Түрк элчилиги Вена конвенциясына ылайык кол тийгис. Читать дальше...
"Эсимде: өткөн тарыхты эстеп” изилдөө аянтчасы тарабынан даярдалып жаткан “Чиеш тагдырлар II” китебиндеги Алагөз кызы Гүлзаттын кулакка тартылып, сүргүнгө айдалган үй-бүлө тагдырын чагылдырган макаласын сунуштайбыз. Буга чейин жашыруун-жабык келген тарыхты айрым адамдардын өмүр таржымалы аркылуу ачып беребиз. Сүргүн сүртүмдөрүнөн Өкүмат алды малыңды, Көп эле төктү зарыңды. Эч кылмышың жок турса, Кулак кылды баарыңды… (Карасарт) 1929-жылдын аягында башталган туташ коллективдештирүү зомбулук... Читать дальше...
Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун жарлыгы президенттин расмий сайтына жарыяланды. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Доскул Бекмурзаев энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды. Кубанычбек Турдубаевдин кызматтан алынган себеби айтылган жок. Ал бул кызматка февраль айында дайындалып, 5-майда жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин министрлик ордун сактап калган. Турдубаев 7-июнда Энергетика... Читать дальше...
"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, бир аптадан бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны издөөгө Интерпол көмөктөшөт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 8-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. “Инандыны Кыргызстандан тышкары эл аралык издөө жарыяланды. Аны Орусиядан, Түркиядан жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринен издөөгө өзүбүздүн багыттамаларыбызды жөнөттүк. Ал башка документтерди колдонуп өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн”, - деди Абдиев. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров катышкан жыйында көрсөтүлгөн видеодогу судья Дамирбек Оңолбековдун кызматтан кетиши талаш-талкуу жаратты. Бийликтин соттук реформага аракети Садыр Жапаров 7-июнда Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынында кызуу болуп, иш бөлмөсүнө кире албай жаткан судья тартылган видео көрсөтүлгөн. Ал Чүй облустук сотунун төргасы Дамирбек Оңолбеков экени белгилүү болгон. Жапаров бул окуяга байланыштуу аны кескин сындаган. "Мыйзамдарды алтын тамга... Читать дальше...
Казакстандагы эркин окумуштуулар менен дарыгерлер тобу жергиликтүү "Казвак" (QazVac) вакцинасына каршы чыгышты. Алардын айтымында, аны иштеп чыккандар клиникалык сыноонун жыйынтыгын көргөзө элек жана шек санаткан компоненттерди пайдаланышкан. Бул препаратты кошуна өлкө быйыл апрелде колдоно баштаган. Ал маалда сыноонун клиникалык сыноосу аяктай элек болчу. Вакцинаны иштеп чыккандар "Казвак" коопсуз, вирустан 96 процентке коргойт жана орусиялык "Спутниктен" кем калбайт деп айтышат. Эркин окумуштуулар... Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 11 жаштагы Айтурган Садыкова 8-июнда Бишкек шаарындагы батыш автобекетинин аймагынан табылды. Милиция кызды ата-энесине берип, тийиштүү профилактикалык иштерди жүргүзүп жатат. Айтурган Сыдыкова 6-июнда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Арзы айылынан чоң атасыныкына барам деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын атасы Рустам Момунов "Азаттыкка" билдирген. Кыздын жоголгону тууралуу ата-энеси Кочкордогу милицияга кайрылышкан. Күч кызматкерлери... Читать дальше...
Кыргыз басылмаларында кошуна өлкөлөрдүн мамиле-катышы, чек ара чатагы, Кумтөр алтын кенинин айланасындагы иштер, кылмыш жана жаза тууралуу материалдар арбын жарыяланды.
“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүндө милициянын генералы, “легендарлуу парламенттин” депутаты Садырбек Дубанаев милицияда иштеп калышынын себеби, кантип гербдин автору болгону, кантип генерал чинин алганы, өзүнө козголгон кылмыш иши, чек арачылардын көйгөйү, бийлик менен кылмыштуу топтордун байланышы тууралууу бир топ суроолорго жооп берди. - Садырбек мырза, совет заманында райондун, облустун жетекчилери ошол деңгээлдеги милициянын начальниктери аркылуу өзүнө жакпаган кызматкерлерди... Читать дальше...
“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүндө милициянын генералы, “легендарлуу парламенттин” депутаты Садырбек Дубанаев милицияда иштеп калышынын себеби, кантип гербдин автору болгону, кантип генерал чинин алганы, өзүнө козголгон кылмыш иши, чек арачылардын көйгөйү, бийлик менен кылмыштуу топтордун байланышы баштаган ж.б. суроолорго жооп берди.
Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы археологиялык казуулардын натыйжасында биздин заманга чейин болжолдуу 2500 жыл мурунку кемеге, ошондой эле турак үйдүн орду табылды. Археологдор бул табылга түндүк Кыргызстанда мал чарбачылыгы эле эмес, дыйканчылык дагы өнүккөн деген пикирди ырастарын айтышууда.
АКШ президенти Жо Байден дүйшөмбүдө украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу Ак Үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жэйк Салливан билдирди. Маалыматка караганда, Байден Зеленскийди быйыл жайында Вашингтонго келип кетүүгө чакырды жана Украинанын суверенитетин колдооруна дагы бир жолу ишендирди. "Reuters" агенттиги украин президентинин кеңешчисине шилтеме менен билдиргендей, лидерлер АКШ жана Орусия президенттеринин жолугушуусу алдында өз позицияларын координациялашты. Читать дальше...