"Омикрон": Нидерланд локдаун, Лондон өзгөчө кырдаал киргизди
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жаңы “омикрон” штаммы тездик менен жайылып жатканын билдирип, ал 89 өлкөдө катталганын кабарлады. Анын айынан Нидерланд локдаун киргизип, Лондондо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Нидерланд “омикронго” байланыштуу локдаун киргизген алгачкы өлкө болду. 19-декабрдан тартып азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башка жерлер - ресторандар, барлар жана көңүл ачуучу жайлар толук жабылды. Мектептер менен жогорку окуу жайлар аралыктан окутууга өттү. Бул өлкөдө үйгө эки кишиден ашык конок чакырууга тыюу салынды. Читать дальше...