smi24.net
Azattyk.org
Март
2022

Новости за 05.03.2022

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору 6-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаай турганын кабарлады. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17, Таласта түнкүсүндө 2...7, күндүз 12...17, Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 6...11, күндүз 15...20, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12, Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 5...10, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17...-22, күндүз 0...-5°. Читать дальше...

Аялуу балдар төрөт үйүнөн кодуланат

Azattyk.org 

“Эже-сиңдилер” берүүсүндө бул жолу майыптыгы бар балдардын укуктары жана аларга болгон коомдун жана мамлекеттин мамилеси тууралуу сөз кылабыз.

Маймак: казак жарандыгын алууга түрткөн жагдай

Azattyk.org 

Талас облусундагы Маймак темир жол станциясы учурда ээн. Айылдын жаштарынын көбү жумушсуздуктун айынан миграцияга кетишкен. Жергиликтүү тургундардын басымдуусу станцияда иштеш үчүн казак жарандыгын алышкан. Адистер темир жолдун айланасында ишканаларды ачып, Маймак айылынын мурдагы шаарча статусун кайра кабылына келтирсе болоорун белгилешет.

Next TVнын жетекчисин бошотууну талап кылгандар соттун алдына чогулушту

Azattyk.org 

Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиевдин бошотулушун талап кылгандар 5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдына чогулушту. Алар журналисттерге, сөз эркиндигине басым жасоону токтотууну талап кылган жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушат. УКМК Next TV телеканалына "улуттар аралык кастыкты козутту" деген негизде кылмыш иши козголгонун 3-мартта билдирген. Ошол күнү каналдын директору Таалай Дүйшембиев эки суткага камалган. Баш коргоо чарасы 5-мартта каралууга тийиш. Атайын... Читать дальше...

"Виртуалдык юристтин" акысыз жардамы

Azattyk.org 

Кыргызстандык адвокат Фатима Якупбаева жарандарга укуктук жактан жардам берген "Милдет" аттуу Telegram-бот иштеп чыкты. Бул канал аркылуу зомбулукка учураган, алимент ала албай жүргөн же дагы башка юридикалык жардамга муктаж болгондор акысыз кеңеш ала алат. 29 жаштагы Фатима Якупбаева 10 жылдык тажрыйбасы бар юрист. Ал ажырашуу, алимент алуу, аталыкты аныктоо жана мүлктү бөлүштүрүү иштерине далай жолу күбө болгон. Якупбаеванын айтымында, Кыргызстанда укуктук багытта жардам көрсөткөн онлайн-кызматтар өнүккөн эмес... Читать дальше...

Омбудсмен Next TV каналына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Next TV каналына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, күч органдарын журналисттерге карата чечим кабыл алууда конституциялык кепилдиктирди сактоого, каналдын ишмердигине укуктук баа берүүдө бардык жагдайларды эске алууга чакырды. Бул тууралуу 5-мартта "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. "Пикир жана сөз эркиндиги, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденет, аны так сактоо эркин, укуктук, демократиялык мамлекеттин негизги көрсөткүчү болуп саналат"... Читать дальше...

Зеленский НАТОну "алсыздык" үчүн айыптады

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОну алсыздыкка жана биримдиктин жоктугуна айыптады. Мындай билдирүүнү НАТО Украинанын өтүнүчүнөн баш тартканына байланыштуу жума күнкү видео кайрылуусунда айтты. НАТО уюмуна мүчө өлкөлөр аскер күчтөрүн жана учактарын Украинага жөнөтпөй турганын уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг 4-мартта билдирген. Ал Брюсселде уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин отурумунан кийин сүйлөгөн учурда уюм Орусия менен согушууга умтулбай турганын белгилеген. Читать дальше...

Бангладеш жарандары Бишкекте кордук көргөнүнө даттанды

Azattyk.org 

Бангладештин он чакты жараны Кыргызстандагы тигүү цехтеринин бирине иштегени келип, бирок келишимде көрсөтүлгөн айлыктарын ала албай, башка дагы чарбалык жумуштарга тартылып, кыйноого кабылганын айтып чыгышты. Бул окуяны милиция териштирүүдө. "Келишим боюнча айына 600 доллар төлөмөк" Бенгалдар кыргыз жараны тигүү цехине иштетүү үчүн алып келип, бирок айлыктарын бербей, башка жумуштарга да салганын даттанууда. Алар Кыргызстанга келген алгачкы күндөрү эле паспортторун "каттоого тургузам деп" тигүү цехинин кожоюну алып койгонун... Читать дальше...



Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда 5-мартта Ак калпак күнү белгиленип жатат. Бул датага байланыштуу президент Садыр Жапаров элди куттуктап, "Кылымдар сынынан өткөн маданиятыбыз дүйнөгө тааныла беришине тилектешмин!", - деди. Ак калпак күнү 2011-жылдан баштап бейрасмий белгилене баштаган. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий түрдө бекитилген. Кыргыз калпагы тилик калпак, айры калпак, сайма калпак, туюк калпак болуп бир нече түргө бөлүнөт.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Украинадагы кан төгүүнү иликтөө үчүн комиссия түзөт

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңеши Орусиянын Украинадагы аскерий операциялары учурундагы кан төгүүнү айыптаган жана аларды иликтөө үчүн иликтөө комиссиясын түзгөн резолюцияны чечкиндүү түрдө колдоп добуш берди. 4-марттагы добуш берүүдө кеңештин 32 мүчөсү "макул", 13ү "калыс" болду. Орусия менен Эритрея гана каршы добуш берди.   Кеңештин Твиттердеги баракчасына "Адам укуктары боюнча кеңеш Орусиянын Украинадагы агрессиясын иликтөө боюнча көз карандысыз эл аралык комиссияны тез арада түзүүнү чечти"... Читать дальше...

Украинадан эвакуацияланган 2500дөн ашуун өзбек жараны мекенине келди

Azattyk.org 

Украинадан Польшага эвакуацияланган өзбекстандыктардын 2579у мекенине келди. Аларга Катовице аэропорту аркылуу 11 авиакаттам уюштурулганын Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Юсуф Кобилжонов 4-мартта билдирди. Учурда Польшада 1480 өзбек жараны бар. Алардын жарымы Польша менен Украинанын чектеш аймагында уюштурулган атайын жайга, жарымы Катовице аэропортуна жайгаштырылган. Орусия басып кирген 24-февралдан 4-мартка чейин 1 млн. 200 миңден ашуун адам Украинадан сыртка чыгып кеткенин... Читать дальше...

Медиа коомчулук Next TV телеканалына байланыштуу билдирүү таратты

Azattyk.org 

Кыргызстандагы медиа коомчулук Next TV телеканалына байланыштуу билдирүү таратып, бийликти сөз эркиндигине кысым көрсөтпөөгө чакырды. Алар тоталитардык режимдердин баш көтөртпөй жазалоочу тажрыйбасын эркин басма сөзгө жана айрым журналисттерге карата коркутуу, кысым көрсөтүү максатында колдонбоо керектигин белгилешти. Бир канча медиа уюмдардын өкүлдөрүнүн жана жарандык коомдун атынан жазылган билдирүү социалдык түйүндөргө 4-мартта жарыяланды. "Next TV телеканалына болгон чабуулду Кыргызстандагы... Читать дальше...

Блинкен Украинаны аскердик жактан колдоо улантыларын билдирди

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, 4-мартта Брюсселде жасаган билдирүүсүндө Батыш мамлекеттери Орусияга санкцияларды катаалдатып, Украинаны курал-жабдык менен камсыздоону улантарын белгиледи. Буга чейин НАТО Украинанын өлкөнүн аймагына учуусуз зона киргизүү талабын четке каккан. АКШ жана аскердик альянс эгер учуусуз зона киргизилсе, НАТО менен Орусиянын ортосунда тиреш башталып, ири масштабдуу согушка айланып кетиши мүмкүн экенин билдиришти. Блинкен ошондой эле Батыштагы өнөктөштөр... Читать дальше...

Зеленский: эгер Украина туруштук бере албаса, Европа да кулайт

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин түз кайрылуусу 4-марттын кечинде Европанын ондогон шаарларында жана Грузияда көрсөтүлдү. Ал Франкфурт, Париж, Братислава, Вильнюс, Прага жана Тбилисинин башкы аянттарына Украинага колдоо көрсөтүү үчүн чыккан түмөндөгөн адамдарга кайрылып: -Биздин эркиндикти колдогула, анткени бул жеңиш. Бир гана орус аскерлерин эмес, бул жарык караңгыны, жакшылык зулумдукту жеңет дегенди билдирет. Эгер Украина туруштук бере албаса, бүтүндөй Европа кулайт. Эгер биз жеңсек... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *