Украинанын айрым шаарларында эвакуация үзгүлтүккө учурады
Украинада орус аскерлеринин аткылоосуна, бомбалоолорго туш болгон, курчоодо калган карапайым элди эвакуациялоо аракети уланууда. 9-мартта эртең менен Орусия жергиликтүү саат 10дон баштап элдин Киев, Чернигов, Сумы, Харьков жана Мариуполдон чыгып кетиши үчүн ок атпоо режимин сактарын билдирген. Бирок расмий маалыматтарга караганда, согуш зонасынан көчүрүү иши айрым жерлерде үзгүлтүккө учурады. Сумы шаарынан гана коопсуз коридор түзүлгөнү тастыкталды. Мариуполдун тургундарын эвакуациялоо мүмкүн болгон-болбогону белгисиз. Читать дальше...