Азиз Аалиев Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондуна башчы болду
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-мартта Азиз Аалиевди жаңыдан түзүлгөн Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына үч жылдык мөөнөткө дайындады. Аалиев 2021-жылдын сентябрынан тартып өкмөт башчынын орун басары болуп иштеп келген жана ал кызматка барганга чейин Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген. Аалиевдин ордуна президент Садыр Жапаров 28-мартта Бакыт Төрөбаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындады. Читать дальше...