Чек ара кызматы: кошумча тартылган күчтөр артка кайтарылууда
Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп билдирди. Учурда Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын чек ара кызматынын Согд облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Хикматулло Пираковдун сүйлөшүүсү өтүүдө. Анда жаңжал чыккан аймакка тартылган кошумча куралдуу күчтөрдү кайра артка чыгаруу макулдашылды. Эки тараптын сүйлөшүүсү Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде жүрүп жатат. Читать дальше...