Сербиядагы өзбек мигранттары укуктары бузулуп жатканын айтып чыгышты
Сербияда иштеп жаткан өзбекстандык мигранттар «Азаттыктын» өзбек кызматына кайрылып, иш келишимдери бузулуп жатканына, жумуш шартынын начардыгына арызданышты. Алардын айтымында, өкмөт алдындагы агенттик аркылуу Сербияга бадыраң терүүгө жиберилген 500дөй мигранттын жарымынан көбү мекенине акчасына ала албай, куру кол кеткен. Аларды иш берүүчү себебин айтпай жумуштан айдап жиберген. Алардын бири Шерзодбек Норматов буларды айтты: «Биз агенттиктен Сербияга иштеп келүү сунушун Телеграмдагы канал аркылуу алганбыз. Читать дальше...