Москвада жол кырсыгына кабылгандардын экөө тең кыргызстандык болуп чыкты
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада 3-сентябрда болгон жол кырсыгы тууралуу "Азаттыкка" маалымат берди. Ага ылайык, кырсыктан теги кыргызстандык 34 жаштагы адам окуя болгон жерде мүрт кеткен. Аны коюп кеткен таксинин айдоочусу дагы 30 жаштагы кыргызстандык экени белгилүү болду. Элчилик Орусиянын жарандыгын алган маркумдун сөөгү Кыргызстанга 5-сентябрда жөнөтүлө турганын, айдоочу камалганын кошумчалады. Социалдык тармактарга Москва шаарынын көчөлөрүнүн биринде болгон кырсыктын видеолору тарады. Читать дальше...