Министр: Баткенде гумжардамдын эсеп-кысабы алынып жатат
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Бишкек баштаган бардык аймактарда чогултулган, Баткенге жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды бөлүштүрүү, анын эсеп-кысабын алуу үчүн атайын комиссия иштеп жатканын билдирди. Ал бул тууралуу 19-сентябрда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып айтты. "Элге ыраазычылык билдирем, жардам тынбай келип жатат. Кечээ 250 тонна жардам келди, негизинен Лейлек районуна жөнөтүп жатабыз. Себеби жол жабылып калгандыктан, жогорку жактагы көпүрөнүн жардырылганан улам байланыш үзүлүп калган. Читать дальше...