Кемпир-Абад боюнча курултайга катышкан эки адам милицияга чакыртылганы маалым болду
Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөн Кызыл-Октябрь айылынын эки аксакал тургуну бүгүн, 18-октябрда райондук милицияда суракта болгонун “Азаттык” радиосуна жергиликтүү тургун Акжол Шадманов билдирди. Анын айтымында, 59 жана 63 жаштагы эки айылдашын Өзгөн райондук милициясына “Ватсапта” ачылган ачык тайпада жазылган пикирлерге байланыштуу алып кетишкен: “Ватсаптан кечээ ачык тайпа ачышкан экен. Анда 500-600 киши болуп кетиптир. Ар ким ар кандай пикирин жазган экен ал жакка. Читать дальше...