Муратбек Мукашев: Ыйлагам, бирок ыйлактаган эмесмин
Белгилүү коомдук, саясий ишмер жана финансист Муратбек Мукашевдин “Сайрагыч куштар топ болуп учушпайт” деген ой толгоолор жана учкул сөздөр жыйнагы жарык көрдү.
Белгилүү коомдук, саясий ишмер жана финансист Муратбек Мукашевдин “Сайрагыч куштар топ болуп учушпайт” деген ой толгоолор жана учкул сөздөр жыйнагы жарык көрдү.
Экстремисттик материалдарды тараткан деген шек менен кармалып, камакка алынган Руслан Бекназаровдун апасы Гүлүмкан Мамакеева уулун бошотууну өтүнүп, президент Садыр Жапаровго кайрылды. Мамлекет башчыга жолдонгон катында Мамакеева уулу "далилдүү күнөөсү жок жеринен кармалып, камалып отурганын" белгилеген. "Уулум Руслан Бекназаров атасы - бир кездерде сиз менен Камчыбек Ташиев камакта отурган кезиңерде сиздерди коргоп, адвокатыңар болгон Азимбек Бекназаровдун сиздин бийлигиңизге айткан сын-пикири үчүн камалганына толук ынандым. Читать дальше...
Башаламандык уюштурууга шектелип, жапырт кармалгандардын экөө - Атай Бейшенбек жана Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасы бүгүн, 25-октябрда каралышы күтүлүүдө. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди. Атай Бейшенбек 23-октябрда, Акыл Айтбаев 24-октябрда кармалган. Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20 саясатчы жана активист эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Читать дальше...
Массалык башаламандык уюштурууга шектелип, жапырт кармалгандардын бири Талант Эшалиевдин бөгөт чарасын Биринчи май райондук соту сырттан карап, эки айга үй камагына алды. Активист өзү Бишкектеги ооруканалардын биринде экени кабарланды. Бул тууралуу анын адвокаты Эркин Сооданбеков "Азаттыкка" билдирди. Талант Эшалиев 23-октябрь күнү 20 чакты саясатчынын, активисттин катарында кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 24-октябрдан 25ине караган түндө Биринчи май райондук сотунда... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин буйругу менен Шабданбек Алишев парламенттин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы 24-октябрда маалымдады. 42 жаштагы Шабданбек Алишев буга чейин президенттик администрацияда, кийинчерээк Жогорку Кеңеш төрагасынын кеңешчиси кызматтарын аркалаган. Буга чейин ЖКнын аппаратын Бакытбек Мажитов жетектеп келген. Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагалыгына 5-октябрда шайланган. Ага чейин бул кызматты аркалап... Читать дальше...
Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин баары эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Арасында саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин деп белгиленди. Читать дальше...