Түндүк Корея дүйнөдөгү эң кубаттуу өзөктүк державага айланууну көздөйт
"Түндүк Корея дүйнөдөгү эң кубаттуу өзөктүк державага айланууга тийиш" деп билдирди жекшембиде аскерлер менен илимпоздорго кайрылуусунда өлкө жетекчиси Ким Чен Ын. Жолугушууда ал "Хвасон-17" континент аралык баллистикалык ракетаны учурууга катышкан кызматкерлерге сыйлык берүүнү тапшырды. Ким Чен Ын ал ракетаны сыноого көп үмүт артат. Армиянын максаты деп “америкалык өзөктүк коркунучка туруштук берүүнү” атап келген Ким "Хвасон-17" ракетасын дүйнөдөгү эң кубаттуу стратегиялык курал деп эсептейт.... Читать дальше...