Орусия Европага кол салышы мүмкүнбү?
Германиянын коргоо министри Борис Писториус Берлин алдыдагы жылдарда Москва менен тирешке даяр болушу керек экенин бир нече ирет эскертти.
Германиянын коргоо министри Борис Писториус Берлин алдыдагы жылдарда Москва менен тирешке даяр болушу керек экенин бир нече ирет эскертти.
2-февралда Бишкек Жылуулук электр борборунда авариялык абал түзүлүп, акыркы маалыматтар боюнча азыр абал өз калыбына келип баратат. Бишкекти жылуулук менен камсыздоонун абалы жана келечеги кандай? Бул маселени энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев, энергетика боюнча адис, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карыпбек Алымкулов менен талкуулайбыз.
Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы иранчыл топторго каршы операцияларын уланта берерин билдирди. АКШнын жана Британиянын күчтөрү Йемендеги буталарга дагы бир нече ракета атты. Анын алдында америкалык аскерлер Иорданиядагы үч жоокеринин өлүмүнө жооп кайтарып, Ирак, Сирия жана Йемендеги Иран колдогон согушкер топторго сокку урган. Муну менен региондогу жаңжал андан ары жайылат деген кооптонуу күчөп баратат.