smi24.net
Azattyk.org
Апрель
2022

Июнь коогасы: Ташиев баштаган 15 киши сурак берүүдө

0
2010-жылдагы Июнь окуясын иликтөөнүн алкагында, 25-апрелде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев күбө катары Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Ал мындан 12 жыл мурда болгон окуя үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн айыптады.


Эл аралык жана улуттук комиссия кортунду чыгарган 12 жыл мурдагы окуя боюнча иш саясий сооданын куралы болбой, чыныгы күнөөсү барлардын аты аталып, жабыркагандардын көксөөсүн сууткан жыйынтык чыгышы керек дегендер да бар.


Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы Июнь коогасына байланыштуу күбө катары сурак берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.


Ал өз сөзүндө ошол кездеги каргаша үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн иш-аракетин сындады. Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кеткен жагдайы иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керектигин билдирди:


“ 2010-жылдагы Июнь окуясына байланыштуу чакырышыптыр. Билгендеримди айттым. Буга чейин мамлекеттик жана депутаттык комиссиялардын отчетторунда Июнь коогасына негизги күнөөлүүлөр Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү экени айтылган. Алар түштүктө өз таасирин жана бийлигин сактап калууга аракет кылып, жергиликтүү жикчилдерди (сепаратисттерди) колдоп, алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалангысы келип, мындан улам улуттар аралык кагылышуу чыккан. Натыйжада 500гө жакын адам өлүп, миңдеген адам жараат алган. Мамлекетке чоң зыян келтирилген, мындан тышкары ошол учурдагы бийликтин аракетсиздиги жана Кадыржан Батыровдун ким менен сүйлөшүп, кантип четке чыгып кеткени иликтениши керек”.




 


УКМК туура бир жыл мурда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.


2011-жылы Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, “куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду” деген корутунду чыгарган. Бул окуя боюнча депутаттык комиссия иштеген.


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Июнь окуясы боюнча өз алдынча иликтөө иштерин жүргүзгөн Жылдызкан Жолдошева Ошто 12 жыл мурда болгон окуя саясатчылардын, бийлик менен оппозициянын соодалашуу куралы болбошу керек деген пикирде:


“Азыркы бийлик принципиалдуу түрдө иликтеп, аягына эмнеге чыгарбай жатат деген суроо кызыктырат мени. Эгер аягына чыгарабыз дешсе, азыркыга чейин эле аягына чыгыш керек эле. Анткени, каза болгондордун жакындарынын ушу күнгө чейин көксөөсү сууп, көңүлдөрү тынчый элек. Эгер "Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү күнөөлүү" дей турган болсо, анда ошол мезгилдеги Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү кызматка эмнеге барып жатат? Эми Убактылуу өкмөттүн кайсыл бир мүчөсү өз ой-пикирин айтып койсо эле Июнь окуясы соодалашуу же бирөөнү коркутуу, өз оюн айттырбай баса калуу болбошу керек. Кандуу окуяны курал кылууга болбойт. Анткени бул тергөөнү каалаган маалда ачып, каалаган маалда кайра токтотуп кое турган маселе эмес. Ачылдыбы аягына так, ачык-айкын чыгаруу абзел. 2016-жылы Атамбаев Убактылуу өкмөт менен тирешип, Ош окуясын иликтей баштаган. Күбө катары мен да маалымат бергем. Анан эле кайра ымалага келишип, белгисиз жагдайда иш жабылган. Саясий соода болбошу керек”.




Мындан 12 жыл мурдагы кандуу окуянын чоо-жайы, келип чыгуу себептери, кесепеттерин Мамлекеттик, Депутаттык андан кийин Эл аралык көз каранды эмес комиссия иликтеп, өз корутундуларын чыгарып, ондогон адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылганына карабай коомчулукта бул окуяга саясий жана укуктук баа бериле элек, чыныгы күнөөкөрлөрү жазага тартылган жок деген пикирлер айтылып келет.


2010-жылы Июнь окуясы орун алган учурда Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп турган Исмаил Исаков кылмыш иши тууралуу мындай деди:


"Албетте бул иштин ардында саясий маселе бар. Азыркы азаматтар ошол учурда Курманбек Баикевдин колдоосундагы партия менен депутат болуп келишкен. Ошондо бул ишти карайбыз деп катуу аракет кылган. Ошол учурда парламентте да каралып, бир нече комиссия жыйынтык чыгарган. Чечимдер кабыл алынган. Мамлекеттин жана элдин бейпилдиги, стабилдүүлүгү биринчи орунга чыгышы керек. Ошол учурдагы улут аралык маселени козгоо опурталдуу маселеге айланып, башка жактарга пайдаланылып кетиши да мүмкүн. Мен экономика жана башка толгон-токой иштер менен алектенишсе деп айткым келет. Мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору турат", - деди Исмаил Исаков.


Башкы прокуратурадан 2010-жылдын май-июнь окуяларында Жалал-Абад шаарындагы өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыровдун Кыргызстандын аймагынан тоскоолдуксуз чыгып кеткени боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатканын маалымдашты.


Башкы көзөмөл органдын өкүлү Сирожиддин Камолидинов ошол учурдагы жана азыркы кызмат адамдарынан 15 киши бул учур боюнча сурак берип жатканын кабарлады:


“Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде козголгон кылмыш иши тергелип жатат. Бүгүнкү күндө, аталган кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациянын мурдагы башчысы Бектур Асанов, Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, ошол учурдагы Кыргыз Республикасынын Укуктук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Кенешбек Дүйшөбаев, апрель-июнь окуялары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин убактылуу комиссиясынын төрагасы Токон Мамытов, Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ошол учурдагы биринчи орун басары Бакыт Алымбеков, ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов, Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн ошол учурдагы аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев, Кыргыз Республикасынын мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, Жалал-Абад облустук администрациясынын губернаторунун ошол учурдагы орун басары Жумагүл Эгембердиева, Жалал-Абад шаарынын ошол учурдагы мэринин милдетин аткаруучу Максатбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Жаныбек Жоробаев жана аталган комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев күбө катары суралышты. Азыркы учурда, кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары уланып жатат, анын жыйынтыгына ылайык тийиштүү кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынат”.


2010-жылкы Июнь окуясына биринчи баа коогалаңдан бир жылдан кийин бериле баштаган. Киммо Кильюнен башында турган Эл аралык комиссия 2011-жылдын май айында корутундусун жарыялап, Июнь окуяларын “аскердик кылмыш же геноцид эмес” деп тааныган. Тыянакта комиссия айрым жагдайларды "адамзатка каршы кылмыш" деп баалаган.




Эл аралык комиссия ошондой эле коогалаң апрель окуясынан кийинки саясий кырдаалдан улам чыгып кеткенин, бирок, өзбек коомчулугу тарабынан жикчил маанай тастыкталбаганын билдирген. Ошол кезде бул баага өкмөт менен Жогорку Кеңеш макул болбой, Кильюненди Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салган.


Ошол эле 2011-жылы Абдыганы Эркебаев башчылык кылган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жасап, куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөрдү, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочуларын жана "кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду" деген корутунду чыгарган.


Абдыганы Эркебаев жетектеген мамлекеттик комиссия мындан сырткары окуянын алдын албаганы үчүн Убактылуу өкмөттү күнөөлөгөн. Кийин Токон Мамытов жетектеген Жогорку Кеңештеги комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, окуянын чыгышына Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов, Жалалиддин Салахуддинов, Карамат Абдуллаева сыяктуу сепаратисттик саясатчылардын аракеттери себепчи болгон деп тапкан. Депутаттар кооганын башталышына уюшкан кылмыштуу топтордун, наркобизнестин да салымы бар деп жыйынтык чыгарган. Бирок комиссия мүчөлөрү бири-бири менен макул болбой, үч бүтүм жарыялашкан.


Расмий маалыматтар боюнча 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алышкан. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын он тогузу ушул күнгө чейин табыла элек.


Коогалаң учурунда укук коргоо органдарына жана аскер бөлүктөрүнө тиешелүү 1058 ок атуучу курал, жүз миңден ашуун ок-дары жоголгон. Мындан сырткары алты чопкутталган аскер техникасы мамлекеттик органдардан тартылып алынып, кийин кайра кайтарылган. Көрүлгөн чаралардын негизинде 632 курал-жарак жана ар түрдүү калибрге түшчү 90 миңге чукул ок-дары күч органдарына өткөрүлүп берилген.


Курал-жарактарды тартып алуу жана шалаакылык боюнча 66 кылмыш иши козголуп, анын 52синин бети ачылган. Сотко мына ушундай мүнөздөгү 38 кылмыш иши өткөрүлүп берилип, 55 аскер адамына айып коюлду. Алардын арасынан куралды тарттырып жиберүүгө өбөлгө түзгөн кырдаалга жараша деген негиз менен 27 аскер адамынын кылмыш иши кыскарганы белгилүү.




 






В Подмосковье сотрудники Росгвардии провели встречу со студентами финансового университета

Росгвардия обеспечила правопорядок на футбольном матче «ЦСКА» - «Краснодар» в Москве

Родители 317,2 тыс. детей в Московской области получают единое пособие

В Подмосковье сотрудники Росгвардии провели встречу со студентами финансового университета


Boss, коллекция весна-лето 2025

Электрокардиостимуляторы для сердца - 40 грамм, которые могут изменить жизнь

АО “Желдорреммаш” реализует проекты по развитию кадрового резерва компании

Экскурсия для студентов прошла в «Маринс Гранд Отель Астрахань»


New $100M DOJ lawsuit details the 'unseaworthy' condition of the ship behind Baltimore bridge collapse

Morning Briefing: Mets Keep Ground in Wild Card Race Despite Loss

Russia to finance encyclopedia of Islam

Rangers Star Insists ‘Some Moments’ Have Showed Gers’ Quality


Военные следователи провели рейд по бывшим мигрантам в Феодосии

Загоралось утро....

Обновление Winlogon в RooX UIDM: адаптивная многофакторная аутентификация и брендирование

Две структуры мэрии Екатеринбурга оказались в списке злостных неплательщиков за тепло


Эти игры настолько сложны, что доведут вас до безумия

Cards Against Humanity sues Elon Musk for $15M, alleges that SpaceX invaded a plot of land it owns in Texas: 'Go **** yourself, Elon Musk'

Default app 3 (Кейс симулятор Standoff 2)

Rise of Eros 3.0.200



Набор в резерв сборных для участия в школьных олимпиадах объявили в Москве

Можно ли стирать шторы: возможные риски

Поздравления с днем референдума о независимости

От заморозков к плюс 20: какой будет погода в Москве в последнюю неделю сентября


В Подмосковье сотрудники Росгвардии провели встречу со студентами финансового университета

В Подмосковье сотрудники Росгвардии провели встречу со студентами финансового университета

Росгвардия обеспечила правопорядок на футбольном матче «ЦСКА» - «Краснодар» в Москве

В Самаре пройдет корпоративный турнир по регби


День воинской славы России. Куликовская битва

Дьяков назвал главного конкурента «Зенита» в России

Ковальчук рассказал о плюсах от разрыва ЦЕРН сотрудничества с учеными из РФ

Муфтий Гайнутдин избран председателем Духовного управления мусульман РФ


Карен Хачанов проиграл 124-й ракетке мира во втором круге турнира в Ханчжоу

Вероника Кудерметова победила Викторию Томову и пробилась в полуфинал WTA-500 в Сеуле

Марии Шараповой завидуют все русские женщины. И вот почему

Россиянин Алибек Качмазов вышел в основную сетку турнира ATP-250 в Чэнду


Никас Сафронов похвалился, что его сын Лука похудел на 100 килограммов

В РФ планируют ввести модель инженерного образования с единым «ядром»

Собянин: К учебному году в МЭШ обновили популярные сервисы и запустили новые

Бойцы поделились впечатлениями о кулачном турнире «Бойцовского клуба РЕН ТВ»


Музыкальные новости

Певица Mary Gu вышла замуж за солиста группы Wildways Анатолия Борисова

«Бах vs Моцарт» от Amadeus Concerts из цикла Битва Клавиров

Ирина Дубцова запустила амбициозный проект для российских семей

Легендарная хард-рок группа Uriah Heep готовится к прощальному мировому турне


Можно ли стирать шторы: возможные риски

Как и где заказать вкусные бургеры на дом?

Поздравления с днем референдума о независимости

От заморозков к плюс 20: какой будет погода в Москве в последнюю неделю сентября


«Отряд не заметил потери бойца»: Лоза прокомментировал закрытие Comedy Club

Бесплатный гастрогид МТС будет сопровождать жителей Коми в поездке в Кировскую область

Тысячи жителей Ингушетии встретили самолёт с телами погибших у офиса Wildberries

Росгвардия обеспечила правопорядок на футбольном матче «ЦСКА» - «Краснодар» в Москве


В Тверской области временно прекращено движение по трассе М-9 «Балтия» в Нелидовском районе

Для пассажиров поезда «Москва-Псков» из Великих Лук предоставлен автотранспорт по маршруту следования

На новые авто — ставки ниже. «Выберу.ру» составил рейтинг лучших автокредитов в сентябре 2024 года

Закрыт для движения участок трассы М-9 в районе Куньи и поворота на Усвяты


Лавров: Путин пошутил, говоря о поддержке Харрис на выборах президента США

Лавров заявил об отсутствии у Москвы предпочтений на выборах президента США

Лавров: президент Путин шутил о «поддержке Харрис»

Лавров: Слова Путина о поддержке Харрис на выборах в США были шуткой



Польские власти арестовали четверых из восьми подозреваемых по «Невзлингейту»


Кардиолог Серебрянский рассказал, какие продукты повышают риск развития тромбоза

Капитан Александр Суразов, участник «Времени героев», назначен председателем Комитета по физкультуре и спорту Алтая (ВИДЕО)

Двух фигурантов дела WB арестовали за попытку проникнуть в больницу

Потом пожалеете: Диетолог назвала продукты, которые опасно есть перед полётом


Глава МИД Польши попытался оправдаться за свои слова про Крым


Владимир Ефимов рассказал, каким будет комплекс «Олимпийский» после реконструкции

Баскетболисты ЦСКА начнут защиту титула в Единой лиге ВТБ

В Тверской области временно прекращено движение по трассе М-9 «Балтия» в Нелидовском районе

Власти Алтая попросили 2 млрд рублей у Москвы, чтобы достроить ледовую арену


Минск продолжит выступать за расширение взаимоуважительного и конструктивного диалога с Ереваном – Лукашенко

Лукашенко поддержал расширение взаимоуважительного диалога с Ереваном


Сергей Собянин рассказал о передовых российских разработках ИИ в области медицины

Сергей Собянин. Главное за день

Собянин: К учебному году в МЭШ обновили популярные сервисы и запустили новые


Экологическая симфония: названы лауреаты Премии ECO BEST!

Свыше 13 тысяч посетителей из 30 стран мира: итоги Форума о будущем городов БРИКС

В МГРИ стартовала программа по изучению изменений климата и экологии


Никас Сафронов похвалился, что его сын Лука похудел на 100 килограммов

Технологический ренессанс: завершено возведение первой очереди технопарка «ЗИЛ»

Science Direct: мамонтов погубила аллергия

В РФ планируют ввести модель инженерного образования с единым «ядром»


Территорию у метро «Бульвар Генерала Карбышева» ждёт масштабное озеленение

Ликсутов: Рублёво-Архангельская линия метро создаст новые связи на северо-западе Москвы

ТСД SAOTRON RT41 GUN: практичный, производительный, надёжный

Выставка «Времени живая нить» открылась в Доме народного творчества в Архангельске


Презентация экстравагантного учебника по журналистике прошла в Крыму

Патриотический час «Три цвета красками сияют – в Крыму день флага отмечают».

«Арендный бизнес в России стал выгоднее». Какой срок окупаемости квартиры в Симферополе и Севастополе?

Час исторической славы «Сказание о битве Куликовской»


День воинской славы России. Куликовская битва

mk.ru: в Москве двое подростков помогли задержать предполагаемого педофила

Тысячи человек встретили в Ингушетии борт с телами убитых в офисе Wildberries в Москве

Никас Сафронов похвалился, что его сын Лука похудел на 100 килограммов














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *